Оставь заявку на кредит БЕСПЛАТНО
Колл-борбордун кызматтары акысыз 0- 800 -111- 8-777
slide

Биз тууралуу

Биз тууралуу

«Аманат Кредит» – бул, жеке инвесторлордун демилгеси боюнча 2006-жылы түзүлгөн коммерциялык уюм. 2018-жылдын декабрь айында Компания ребрендингден ийгиликтүү өтүп, «ФНТ кредит» МККсы аталышынан «Аманат Кредит» МККсына өзгөртүлгөн.

Компания түзүлгөн учурунан бери ыргактуу өсүшкө багыт алып, стратегиялык бизнести – максаттуу финансылык негизги параметрлер боюнча пландарды ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылууга жетишкен.

«Аманат Кредиттин» миссиясы: Кыргыз Республикасынын калайык калкынын жашоо шартын кредиттик продукттардын кеңири түрмөгүн сунуштоо аркылуу жакшыртуу жана туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү. Бул миссия Компаниянын төмөнкүдөй баалуулуктарына негизденет: акыйкат чегинде иш алып баруу, ачык-айкындуулук, кесипкөйлүккө басым жасоо, кардарларга ар тараптан колдоо көрсөтүү, жамааттык иш, социалдык жана эколоиялык жоопкерчилик.

Ал эми уюштуруучулардын жана эмгек жамаатынын ургаалдуу учур чакырыгына шайкеш иш алып барууга жөндөмдүүлүгү, жогорку технологияларды колдонууга киргизүү, атаандаштыктын таасирине карата шайкеш чара көрүү компаниянын эң башкы атаандаштык артыкчылыгынан. Компаниянын эмгек жамааты өзгөрүүлөрдөн тайсалдабастан, аларга карата шайкен чара көрүү менен андан ары жигердүү эмгектенип, иш натыйжалуулугун арттыруу үчүн инновациялык чечимдерди кабыл алып, кардарлардын ишенимине ээ болуп келе жатат.

    «Аманат Кредит» иши туруктуу жөнгө салынган финансылык институт катары төмөнкүлөргө жетишүү аракетин көрүп келет:
  • 🗸 заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен өз кардарларынын керектөөлөрүн толук канааттандырууга жетишип, ыргактуу өсүштү камсыз кылууга;
  • 🗸 аймактык түйүндөр чөйрөсүн жана онлайн кызмат көрсөтүүнү кеңейтүү аркылуу, кардарларына жакындан жардам, ишенимди колдоо көрсөтүү;
  • 🗸 кардарлар жана өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууну камсыз кылуу;
  • 🗸 кардарларга, акционерлерге, кызматкерлерге жана бүтүндөй коомго пайда алып келүү.

Директорлор кеңеши:

2009-жылдан бери «FNT Asset Management» ЖАК инвестициялык компаниясында иштеп, алардын ичинен акыркы 11 жылда компаниянын Директору кызматын аркалап келүүдө.

    Төмөнкүдөй эл аралык долбоорлор боюнча бай тажрыйбага ээ:
  • - Европа союзунун TACIS долбоору: «Регионалдык деңгээлде инвестициялык программа түзүү», программалык адис;
  • - Азия өнүктүрүү банкынын Өзбекстан Республикасынын Юстиция министрлиги алдында өздөштүрүлгөн «Тике чет өлкө инвестицияларын тартуу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү» долбоору, долбоордун жетекчисинин жардамчысы/ эл аралык консультанттын жардамчысы;
  • - Бизнес чөйрөнү өнүктүрүү боюнча German Development Cooperation (GTZ) «First National Trust» долбоору, аналитик /иликтөөчү;
  • - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги алдында өздөштүрүлгөн Европа союзунун TACIS долбоору: «Экономикалык жана социалдык реформалар борборун колдоо», редактор/ программалык адис.
  • - Европа союзунун TACIS долбоору: «Тике чет өлкө инвестицияларын тартуу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү» долбоорунун «Кыргыз Республикасынын энергетика секторунун финансылык жөндөмдүүлүгү» компонентинин координатору.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандарынын топтолгон пенсиялык каражатын ишеним боюнча тескөөгө алуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү жагында иш алып барган жумушчу топтун мүчөсү болуп саналат.

Агроөнөр жай комплексин, инфраструктураны жана каржылоо чөйрөсүн өнүктүрүү жагында долбоорлорду тескөөгө алуу боюнча 20 жылдык олуттуу тажрыйбага ээ. Эл аралык финансылык институттар (ВБ, ЕС, USAID, АБР, ЕБРР) жүзөгө ашырган долбоорлордун консультанты жана жетекчиси катары көптөгөн долбоолорду өздөштүрүүгө катышкан.

2007-жылдан бери «FNT Consultants» уюштуруучулардын бири жана башкы директор милдетин аткарып келет.

Мындан тышкары, капиталга аманат салуу жана насыялар түрүндө инвестициялык долбоор үчүн каржылоону, ошондой эле лизингдик жана башка финансылык продукттарды сунуштаган МCA BT Innovations финансылык фондусунун Байкоочу кеңешинин төрагасынын милдетин да аткарат.

    Ал түздөн-түз катышканэл аралык долбоорлордун ичинен төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:
  • - Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын «Бишкек шаарын таза суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын жаңылоо» Мэрияны корпоративдик өнүктүрүү жана колдоого алуу программасы II Фазасы» долбоору;
  • - Проект АБР «Региональное развитие Иссык-Кульской области: компонент информирования, обучения и консультирования»;
  • - Азия өнүктүү банкынын «Ысык-Көл областын регионалдык өнүктүрүү» долбоорунун Маалымат алмашуу, окутуу жана консультация берүү компоненти»;
  • - Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын «Борбордук Азияда транспорттук жана экономикалык коридорду өнүктүрүүгө талдап-иликтөөлөр» иликтөө иши;
  • -Дүйнөлүк банктын «Тажикстанда пахтачылык менен алектенген чарбалардын карыз маселесин чечүү» долбоору;

Аталган долбоорлордоа Кыргызстанды гана эмес, Тажикстан, Казахстан жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүн да камтыган.

Кыргыз Республикасынын банк системасында 23 жылдан ашуун иштеген олуттуу тажрыйбага ээ. Ал 2013-жылдан 2015-жылга чейин Росинбанк ААКсынын, 2011-жылдан 2013-жылга чейин Залкар Банк ААКсынын, ал эми 2015-жылдан 2019-жылга чейин «Мамлекеттик ипотека компания» ААКсынын Башкармасынын Төрагасынын орун басары кызматын аркалап, 2010-жылы «АзияУниверсалБанк» ААКсынын консерваторнун орун басары болуп иштеген. 2010-жылдын ноябрь жана декабрь айларында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына караштуу Банктарды өзгөртүп түзүү жана реструктуризациялоо агенттигинин (ДЕБРА) жумушчу тобунун курамында «АзияУниверсалБанк» ААКсынын балансын бөлүштүрүү ишине катышкан. 2000-жылдан 2008-жылга чейин «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКсында IТ башкармалыгынын жетекчиси, «Россия-Кыргыз «Аманбанк» ААКсында, «Айыл Банк» ААКсында, Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясында жетекчи кызматтарда иштеп, анын түздөн-түз катышуусу менен учур талабына жооп берген автоматаштырылган банк системасы ийгиликтүү колдонууга киргизилген. 2009-жылы «Банк Центр Кредит» (Казахстан) маалымат системасы боюнча консультант катары иштеген.

2010-жылдан 2015-жылга чейин Банктар аралык процессинг борборунун Директорлор кеңешинин, ал эми 2019-жылы «БТА Банк» ААКсынын Директорлор кеңешинин курамында иш алып барган.

Тобокелдиктерди тескөө боюнча ISO 31000:2018, International training company Cert Academy», Корпоративдик башкаруу жана ипотекалык баалуу кагаздар, “Cbonds-congress” окуу борборунун секьюритизация негиздери боюнча сертификаттарга ээ.

«Кыргыз Концепт» - туризм чөйрөсүндө 30 жылдан бери ыргыктуу өнүгүп келе жаткан компаниянын негиздөөчүсү.

Эмиль Сатарович мамлекеттик түзүмдөрдө да иштеген. 1995-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлкеттик протокол кызматынын начальниги, 2010-2011-жылдары Экономикалык жөнгө салуу министри кызматында эмгек жолун уланткан.

Highland Private Equity and Mezzanine Fund консультативдик комитетинин инвесторлор мүчөсү, Silk Road Sea Towers Batumi Apart Hotel ээси, Эл аралык бейтарап сотунун арбитри, Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин колдоого алуучусу болуп саналат, ал ошондой эле Bishkek International School консультативдик кеңештин негиздөөчүсү жана мүчөсү.

Туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн (2019-жылы) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сыйлыгына татыктуу болгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлкеттик агенттиктин берген баасына ылайык Мыкты тур оператор (2007-жылы), Жылдын мыкты ишкери (2005-жылы), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ардак грамотасы (2003-жылы), Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак граматосы (2002-жылы) жана Кыргыз ССРинин Жогорку советинин грамотасына (1980-жыл) татыктуу болгон.

Кыргыз Мамлекеттик университинин механика-математика факультетинин колдонмо математика адистиги боюнча 1980-жылы бүтүргөн. Японияда, АКШда жана Европанын башка өлкөлөрүндө маркетинг, менеджмент жана бизнес боюнча кыска мөөнөттүк курстарга катышкан.

Кыргыз Республикасындагы эң ири жана иши ийгиликтүү илгерилеген «Аталык Групп» ЖАК, «Агро өнөр жай комплекси ЭлДан Аталык» ЖЧКсы жана «ТРИ Т канаттуулар заводу» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору, айыл чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жайы багытында инновациялык технологияларды колдонууга киргизүү боюнча эксперт.

2019-жылдан бери «Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы» юридикалык жатар ассоциациясынын башкармасынын төрагасы кызматын аркалап келет.

1993-жылы Кыргыз техникалык университетин «Инженер физик» адистиги боюнча аяктап, 2011-жылы Германиянын Шлесвиг-Хольштайн экономика академиясынын «Айыл чарбасынын жетекчи кадрларын кайра даярдыктан өткөрүү» программасы боюнча билимге ээ болгон..

Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери наамына ээ жана «Айыл чарбасынын отличниги» «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун отличниги» сыйлыктарына, 2009-жылы «Новопокровка айылынын ардактуу жараны» номинациясына татыктуу болуп, 2018-жыл жыйынтыгы боюнча «Эркин-Тоо» Өкмөттүк газетасы өткөргөн «Жылдын адамы» сынагынын лауреаты наамына ээ болгон болсо, ал негиздеген «АПК ЭлДан Аталык» 2016-жылы даңк медалын алууга жетишкен.

Ошондой эле, Туратбек Галиярович Айкидо боюнча спорттук жетишкендиктерге да ээ, ал 2 дан кара курунун ээси. 2011-жылы Баку шаарында (Азербайджан) өткөрүлгөн Kuribayashi Takanori (6 дан) семинарында, 2012-жылы Япония, Токио шаарында өткөрүлгөн Айкидо конгрессине катышып, бул багытта квалификациясын жогорулатууга жетишкен.

Топ - менеджмент:

photo
• Омурзакова Гульзара Макешовна, Аткаруучу директор

Банк жана микро каржылоо секторунда олуттуу иш тажрыйбасына ээ. Эмгек жолун 1983-жылы СССРдин Мамлкеттик банкынын Фрунзе шаарындагы Биринчи май бөлүмүндө иштөөдөн баштап, 1989-жылы Мамлекеттик банктын Кыргыз конторасына өткөн. Кыргыз конторасы 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзгөртүп түзүлгөн. 1997-жылга чейин Улуттук банктын бөлүмдөрүндө жетектөөчү жана башкы экономист катары иштеп, 1997-жылдын 2004-жылга чейин Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынын финансылык менеджери, Аткаруучу директордун орун басары милдеттерин аркалоо менен бирге эле Дүйнөлүк банк жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айыл жерин каржылоону өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорун ишке ашырууга катышкан.

2004-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы кызматын аткаруу менен таасирдүү банктык көзөмөл блогун жетектеген. 2006-жылдан тартып МКК «ФНТ Кредит» (учурда МКК «Аманат Кредит») ЖЧКсын алгачкы негиздөөчүлөрдүн, катышуучулардын бири катары анын пайдубалынын бекемделишине олуттуу салым кошуп, компаниянын Аткаруучу директору милдетин аткарып келет.

Улуттук банкта иштеген учурунда өлкө үчүн олуттуу мааниге ээ болгон долбоорлорду өздөштүрүүгө, 1990-жылдары кыргыз улуттук валютасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобунун ишине катышып, 2005-жылдын баш жагында Кыргыз Республикасында микро каржылоо секторун өнүктүрүү боюнча алгачкы стратегиялык планын иштеп чыгуу ишин уюштурууга жетишкен.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, МКК «Аманат Кредит», ЖЧКсынын Директорлор кеңешинин ардак грамоталары менен сыйланып, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын «Микрокаржылоонун отличниги» ардак наамына татыктуу болгон.

photo
• Ниязбаев Чынгыз Аипович, Кредиттик менеджер

Микрокаржылоо секторунда 16 жылдык иш тажрыйбасына ээ. Эмгек жолун 2005-жылы Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясында кредиттик адистиктен баштап, 2006-жылы МКК «ФНТ Кредит» (учурда МКК «Аманат Кредит») ЖЧКсына өтүп, кредиттик адис, жетектөөчү кредиттик адис, башкы кредиттик адис кызматтарында иштеп, 2017-жылдан бери кредиттик менеджер кызматын аркалап келүүдө. Көп жылдык эмгеги үчүн компаниянын Директорлор кеңешинин ардак грамотасы, ошондой эле кесипкөйлүгү менен айырмаланып микрофинансылык уюмдар чөйрөсүн өнүктүрүүгө жигердүү катышкандыгы үчүн Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын ыраазычылык каты менен сыйланган. Чынгыз, компаниянын аймактык түйүнүн ийгиликтүү кеңейтип, өнүктүрүүгө салым кошуп, керектөөчүлөрдүн талабына жооп берген кредиттик продукттарды жайылтып, заманбап технологияларды колдонууга киргизүүгө катышуу менен компанияда жаңы автоматташтырылган системаны колдонууга киргизүү боюнча жумушчу тобун жетектеген. Стамбул шаарында өткөн эл аралык микрофинансылык форумга катышкан.

    Эмгек жолунда кесиптик билим деңгээлин жана иш билгилик жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча төмөнкү курстарга катышып, окутуудан өткөн:
  • - Kyrgyz Republic Japan Center for Human Development – Practical Business Management Course;
  • - Business and Finance Consulting- Methods of negotiation. Debt collection (Методы ведения переговоров. Взыскание долгов);
  • - USAID тарабынан Микрофинансылык уюмдардын потенциалын чыңдоо боюнча өткөрүлгөн курс;
  • - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын окуу-усулдук борборунда өткөрүлгөн курс; - Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелердин изин жашырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курс;
  • - Win and Win – Оратордук чеберчилик. Тренерлердин бизнес тренинги курсу.
photo
• Казакова Нургул Жоломановна, Финансылык менеджер

2005-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча аяктап, эмгек жолун 2002-жылы Максаттуу даярдыктан өткөрүү институтунун бухгалтериясынан баштап, кийинки 15 жыл аралыгында МКК «ФНТ Кредит» (учурда МКК «Аманат Кредит») иштеген.

Тиешелүү төмөнкүдөй сертификаттар менен тастыкталган кошумча билим деңгээлине да ээ: «Салык кодекси боюнча пайда салыгы жана пайда салыгы», «Алынган пайда боюнча салыктык милдеттенмелер», «Салык кодекси – 2009: микрокредиттик уюмдардан салык алуу өзгөчөлүгү», «Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодекси», «Кредиттик операцияларды эсепке алуу», «Кадр боюнча иш кагаздарын жүргүзүү», «Компанияда иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу». Мындан тышкары, финансылык иш багытынын ар кандай аспектилерин камтыган семинарларда окутуулардан ийгиликтүү өткөн.

Нургул – бухгалтердик эсепке алуу боюнча фундаменталдык билим деңгээлине ээ болгон кесипкөй бухгалтер, финансист, ал банк иши жана салык алуу жагындагы мыйзамдарга тиешелүү маселелер боюнча компетенттүү адис. Жогорку кесиптик даярдыктан өтүү ага уюмдун ишине сапаттуу финансылык талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүдө. Финансылык талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, бухгалтердик эсепке алуу тескөө жагында талап кылынган билим деңгээлине, ошондой эле административдик маселелерди чечүү боюнча жөндөмдүүлүккө ээ.

photo
• Тетевина Ирина Георгиевна, Тобокелдик менеджери

Ирина Георгиевна Кыргыз Республикасынын банк секторунда 27 жылдык олуттуу тажрыйбага ээ. 1994-жылдан 1997-жылга чейин, андан соң 2002-жылдан 2007-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Маалымат системасы башкармалыгында, Валюта башкармалыгында, Төлөм системасы башкармалыгында, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгында жетектөөчү програмисттен тартып, бөлүм башчысына чейинки иш баскычын ийгиликтүү басып өткөн. Пакеттик клиринг системасын жөнгө салуу жана аны өнүктүү боюнча долбоордук топтун жетекчиси болгон. 1997-жылдан 2002-жылга чейинки аралыкта Кыргыз айыл чарба финансы копрорациясынын Маалымат системасы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, 2008-жылы Кыргыз-Россия «Аман Банк» ААКсынын Автоматташтыруу башкармалыгынын жетекчиси кызматын ээлеп, андан соң «Айыл Банк» ААКсына өтүп, ал жерде 2008-жылдын август айынан 2021-жылдын февраль айына чейин жетектөөчү аудитор жана Методология бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеген.

    Кошумча билим деңгээлге ээ болгондугун тастыктаган көптөгөн сертификаттарга ээ, алардын ичинен төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:
  • - Кыргыз банктар бирлигинин окуу борборунда өткөрүлгөн «Электрондук кол тамга жана кардарларды аралыктан тейлөө принциптери» курсу;
  • - Кыргыз банктар бирлигинин окуу борборунда өткөрүлгөн «Банктар үчүн маанилүү өзгөрүүлөр жана жаңы жөрөлгөлөр. Банк мыйзамдарына талдап-иликтөөлөр» курсу;
  • - Франциянын Борбордук банкы тарабынан өткөрүлгөн «Мыйзамсыз жол менен табылган кирешелердин изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөш» семинары;
  • - Франкфурт на Майне, Германия, Deutsche BundesBank өткөрүлгөн «Төлөм системасы жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы» семинары;
  • - Japan International Cooperation Agency өткөрүлгөн “Финансылык индустриядагы маалымат системасы, Маалымат системасына, Төлөм системасына аудит” семинары.
photo
• Байтороев Данияр Сапарбекович, Өнүктүрүү боюнча менеджер

2005-жылы АУВК №6 алтын медалы менен аяктап, Кыргыз Улуттук университинин Кыргыз-Европа факультетине өтүп, 2010-жылы магистратураны бүтүрүп, мыкты окуган студенттер рейтингине кирген. Англис жана француз тилдерин жакшы өздөштүргөн. 2017-жылы Кыргыз-Япония адам ресурсун өнүктүрүү борборунда Mini MBA (KRJC) окутуудан өтүп, Эл аралык кызматташуу боюнча Япония агенттигинде (JICA) билимин өркүндөтүү менен атайы сынактын жеңүүчүсү катары окуусун андан ары Японияда уланткан.

Эмгек жолун 2010-жылы микрокаржылоо секторунда баштап, МКК «Мол Булакта» социалдык багытты көздөгөн KIVA кредиттик долбоорунун координатору милдетин, операциялык менеджер жана ички аудит кызматтарын аркалаган. «Аманат Кредит» ЖЧКсында 2014-жылдан бери иштеп, компаниянын кызматкерлерин окутуу боюнча программаларды ишке ашырып, анны иш жегирин арттырууга олуттуу салым кошуп келет. Данияр финансылык сабаттуулук боюнча атайы сертификаттарга ээ болгон мастер-тренер. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен GIZ (Германия эл аралык кызматташуу коомунун) Кыргыз Республикасынын калайык-калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорунун алкагында, компаниянын карыз алуучуларынын финансылык билим деңгээлин жогорулатып, сабаттуулугун арттыруу боюнча тренерлерди даярдоого түздөн-түз катышып, бул иш багытын ийгиликтүү жөнгө салууга жетишкен. 2016-жылдан бери IFCтин турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча соцалдык маселелерди чечүүгө багытталган долбоорунун координатору катары иш алып барып, анын алкагында «Аманат Кредит» МККсы бул багытта таасирдүү иштеген алдыңкы саптагы өнөктөш болуп саналат. Данияр инвестиция тартуу жагында да жигердүү иштерди жүргүзүүдө, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча эл аралык деңгээлдеги иш багыттарын каржылоо шартын компанияга тартуу максатында «Көрктөндүрүүгө кредиттер» кредиттик продуктун иштеп чыгуу жана аны жайылтуу боюнча долбоорлорго акивдүү катышып келет.