эрежелер
МКК "Аманат Кредит" ЖЧКсынын 15 000 сомго чейин (аны кошо алганда) “Онлайн кредиттерди” аралыктан туруп сунуштоо жана тейлөө эрежелеринде (мындан ары - Эрежелер) Компаниянын кардарларына “Онолайн кредит” кызмат көрсөтүүсү аркылуу кредиттерди сунуштоо тартиби жана шарттары аныкталган. Бул Эрежелер МКК "Аманат Кредит" ЖЧКсы менен (мындан ары - Компания) анын www.amanatcredit.kg расмий сайтындагы “Жеке кабинетте” көрсөтүлгөн электрондук кол тамганы пайдалануу аркылуу
кредиттик келишимди электрондук формада түзүүгө Оферттин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
www.amanatcredit.kg.
1. Терминдер жана аныктамалар
-
- «Онлайн кредит» кызмат көрсөтүүсү – компанияга таандык болгон, кардарга аралыктан туруп кредит
алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган аралыктан тейлөө системасы.
-
- Пароль - кардардын ким экендигин авторизациялоо/ тастыктоо жана жеке кабинет аркылуу “Онлайн кредит”
кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануусу үчүн ага логин менен биргеликте сунушталган купуя код.
-
- Логин - карыз алуучуну авторизациялоо жана «Онлайн кредит» кызмат көрсөтүүсүн колдонуу үчүн зарыл болгон купуя код.
-
- PIN код (ОТП)– кардарга логин жана жөнөкөй электрондук
кол тамга үчүн пароль менен бирге берилген купуя код.
-
- Жеке (персоналдык маалыматтар) – жеке адамга (жеке адам субъектисине) түздөн-түз
тиешелүү болгон жана анын ким экендигин аныктаган кандай болбосун маалымат.
Жеке (персоналдык) маалыматтарды иштеп чыгуу – автоматташтыруу каражаттарын колдонуу менен же жеке маалыматтарды топтоону, жаздырып алууну, системага салууну, топтоштурууну, сактоону, тактоону (жаңылоону, өзгөртүүнү), алардан тиешелүү маалыматты алууну, пайдаланууну, жөнөтүүнү/ берүүнү (таркатууну, сунуштоону, андан пайдаланууну), бөгөт коюуну, өчүрүп салууну жана жок кылууну кошо алганда, жеке маалыматтар менен иш алып
барган каражаттарды колдонуу аркылуу ишке ашырылган кандай болбосун аракет (операция) же аракеттер (операциялар) жыйындысы.
Жеке (персоналдык) маалыматтардын купуя сакталышы – Компания жана Карыз алуучу милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон, маалыматтардан пайдаланууга жана/ же аларды таркатууга жол бербөө шарты.
Мында, жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
“Онлайн кредит” кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу (блокировкалоо) – “Онлайн кредит” кызмат көрсөтүүсү аркылуу операцияларды ишке ашырууга техникалык чектөөлөрдү камтыган,
анын ичинде Компаниянын авторизациялоону сунуштоодон баш тартышын караган жол-жобо.
Билдирме –жеке кабинетте “Онлайн кредит” кызмат көрсөтүүсү аркылуу кредит
алуу үчүн кардардын Компанияга жолдогон өтүнүч катын камтыган электрондук документ (электрондук кол тамга).
Электрондук кол тамга – электрондук формадагы маалымат, ал электрондук формадагы башка маалыматка туташтырылуу жана/ же аны менен логикалык жактан байланыштуу болуу менен маалыматка анын атынан жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган жакты аныктоодо колдонулган кол тамга ачкычы, электрондук кол тамганын өзүндөгү
(кодго, паролго жана башка идентификаторлорго ээ болгон) электрондук кол тамга болуп саналат.
Идентификация – Кыргыз Республикасынын “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы күрөшүү жөнүндө”
мыйзамына жана Компанияда белгиленген тартипке ылайык, потенциалдуу Карыз алуучунун ким экендигин аныктоо.
Кардар (карыз алуучу) –иштөөгө жана укукка жөндөмдүү, ар айлык туруктуу кирешеге ээ болгон (анын ичинде мамлкеттик органдар – Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан тастыкталган эмгек акы, пенсия, стипендия ж.б.) жашы 20 (жыйырмадан) өткөн, бирок 70
(жетимиштен) ашпаган курактагы, Компания менен ачык Офертке кошулуу аркылуу келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын жараны.
Маалымдоо –электрондук почтаны, СМС-билдирүүлөрдү,
башка жеткиликтүү байланыш каналдарын колдонуу менен Компания тарабынан кардарга электрондук формада жөнөтүлгөн билдирүү.
Системадан колдонуу шарттары – Офертке элетрондук кол тамга коюу менен кредит алуу эрежелеринде камтылган шарттар. Кардар электрондук кол
тамга коюу менен ошол эрежелерге макул экендигин билдирип, Офертти акцептөө менен бирге эле, аларды да кошо акцептейт.
Кредиттик скоринг – статистикалык сандык ыкмаларга негизденген, Карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө (кредиттик тобокелдиктерге) баа берүү системасы. Скоринг анкета толтуруу учурунда упай (балл) ыйгаруу аркылуу түзүлөт.
Система тарабынан топтолгон упайлар жыйынтыгы боюнча кредит берүүнү колдоо же андан баш тартуу чечими дароо кабыл алынат.
Онлайн кредиттөө үчүн каралган система – бул, компаниянын кардарларын аралыктан туруп идентификациялоо жана кардарларды кредит алууга билдирмелери үчүн каралган система. Система стационардык компьютерлерде, ноутбуктарда, планшеттерде жана мобилдик телефондордо иштөө үчүн каралган веб-тиркемелерге ээ.
Кардарлар сыяктуу эле, Компаниянын өз кызматкерлери да системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Жеке кабинет – бул, Компаниянын системасынан пайдалануунун өзгөчө бөлүгү, ал аралыктан туруп идентификациялоо үчүн мамлекеттик органдардын системаларын колдонууга, кардардын расмий кирешелери тууралуу маалыматтарды алууга, КИБ “Ишеним” ЖАК системасынан кредиттик тобокелдикке баа берүү, кредиттин абалына тиешелүү маалыматтарды алуу, ошондой эле кредит алууга билдирме жөнөтүп,
билдирменин жана кредиттин кароого алынышына тиешелүү маалыматтарды алууга өбөлгө түзөт.
- Жеке кабинет кардарга төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:
- -Кардарга тиешелүү жеке маалыматтарды иштеп чыгууга анын макулдугун кошо алганда, кредит алууга билдирме берүүгө;
- -Кардарды идентификаиялоо үчүн зарыл болгон жеке маалыматтарды толтурууга;
- -Кардар менен түзүлгөн кредиттик келишим менен таанышып чыгууга (келишим түзүлгөнгө чейин жана андан кийин);
- - Кардардын жөнөкөй электрондук кол тамгасы менен зарыл документтерге кол коюуаг;
- -Кардардын кредит алууга билдирмесинин кароого алынышынын жүрүшү жана анын жыйынтыгы боюнча маалыматтар менен таанышууга;
- -Кардардын кредит боюнча учурда топтолгон карызы, келечекте төлөнүүчү төлөмдөр жана анык төлөнгөн төлөмдөр, анын ичинде негизги карыз суммасы,
чегерилген пайыздар, айыптык төлөмдөр (туумдар) суммасы боюнча маалыматтар менен таанышууга.
2. Электрондук кол тамганы колдонуу
- 2.1. Электрондук кол тамга кардардын өз колу менен коюлган кол тамгасынын эквиваленти болуп саналат.
-
2.2. Кардар, жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган документтер кайтарылып алынгынс
экендигин жана кагазга чыгарылган документтер топтомундай эле карала тургандыгын (тааныларын) жакшы түшүнөт.
-
2.3. Кардар “Онлайн кредит” кызмат көрсөтүүсүнөн карыздык каражаттарды алууга
берилген билдирме колдоого алынган шартта, бардык талап кылынган жана зарыл болгон документтерге, атап айтканда:
- - Компания сунуштаган шарттарда кредит алуу билдирмесине;
-
- персоналдык маалымат субъектисинин типтүү формаларга кол коюуга макулдугу,
ага тиешелүү жеке маалыматтардын топтолушуна жана иштеп чыгылышына макулдугу ;
- - Кредиттик таржымалда камтылган маалыматтардын КБ "Ишеним” ЖАКта текшерилишине;
- - электрондук кредиттик келишимге;
- - ушул эрежелер менен таанышууга жөнөкөй электрондук кол тамга коюулаарына макулдугун билдирет.
3. Кредиттөө шарттары, кредитти тариздетүү, берүү жана аны төлөө тартиби
-
3.1. Компания өз сайтында жана жеке кабинетте бардык зарыл
маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу кардардын алар менен таанышып чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.
- 3.2. Компания кредитти Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында сунуштайт.
-
3.3. Кредиттин минималдуу суммасы 1 000 (бир миң) сом; максималдуу суммасы - 15 000 (он беш миң) сом (аны кошо алганда).
- 3.4. Кредит суммасына көз карандысыз, кредит берүү үчүн комиссиялык төлөм 0 (нөл) сом.
- 3.5. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар жылдык 59% өлчөмүндө улуттук валютада эсептелинет.
- 3.6. Кредит мөөнөтү 1 (бир) айдан 6 (алты) айга чейин (аны кошо алганда).
- 3.7. Төлөө шарты – аннуитеттик ыкмада.
- 3.8. Кредит боюнча төлөмдөр ай сайын, бекитилген төлөө графигине ылайык жүргүзүлөт.
- 3.9. Кредит керектөө максаттарына берилет.
- 3.10. Кредиттик келишим шарттарын өзгөртүү каралган эмес.
-
3.11. Акча каражаттары электрондук документтерге электрондук кол тамга коюлгандан кийин
жеке кабинетте кардар көрсөткөн банктык картка/ электрондук капчыкка чегерилет.
- 3.12. «Онлайн кредит» кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу үчүн Кардар:
- 3.12.1. Компаниянын расмий сайтындагы «Онлайн кредит» кызмат көрсөтүүсүнө кирүүгө тийиш;
- 3.12.2. Алгач кирип жаткан учурда талап кылынган маалыматтарды чагылдырып, жеке кабинетте катталуусу зарыл.
-
3.12.3. Жеке кабинетте катталган шартта, логинди жана паролду терип, кабинетке кирип, кредит алууга билдирмени толтурушу талап кылынат;
-
3.12.4. Оферттин жана кредиттик келишимдин шарттары менен таанышып,
СМС-билдирүү аркылуу анын мобилдик телефонуна келип түшкөн ОТП кодун чагылдыруу аркылуу, жөнөкөй электрондук кол тамганы коюусу зарыл;
-
3.13. Кардардын банктык картынын/ электрондук капчык номерлеринин негизинде система банктык карт/ электрондук капчык ээсинин аныктыгын текшерет.
Эгерде маалыматтар дал келбесе, кардардын билдирмесин кабыл алуудан баш тартылгандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлөт.
-
3.14. Кардар кредит боюнча төлөмдөрдү өзүнө ыңгайлуу болгон, Компания тарабынан сунуштлаган шарттарда ишке ашырат.
Кредитти төлөө шарттары жана ыкмалары тууралуу маалымат Компаниянын расмий сайтында жайгашытырылат.
4. Коопсуздук шарттарынын сакталышы үчүн Кардардын жоопкерчилиги
-
4.1. “Онлайн кредит” кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу учурунда банктык карттар/ электрондук капчык номерлерин, логинди,
паролду жана ОТП кодун (электрондук кол тамганын) колдонулушу үчүн жоопкерчиликти кардар өзүнө алат.
-
4.2. Кардар кредит алуу жана алган кредиттин кредиттик келишимде каралган мөөнөттө өз учурунда төлөнүшү максатында “Онлайн кредит”
кызмат көрсөтүүсүндө чагылдырылган маалыматтардын тактыгы үчүн да өз алдынча жооп берет.
-
4.3. Эгерде персоналдык маалыматтар, логин, пароль жана ПИН код кардар тарабынан атайлап/ кокусунан кимдир бирөөгө маалымдалып/
жоголуп кетип же үчүнчү жактарга маалым болуп калышы үчүн Компания эч кандай жоопкерчилик тартпайт.
-
4.4. Жеке кабинетке кирүү үчүн логинди жана ПИН кодду жоготуп жиберген/ кимдир бирөөгө берип койгон, ошондой эле ушундай жагдайлардын орун алышына шектенүү келип чыккан шартта, кардар Компаниянын
Колл-борборуна 0 800 111 8777 телефон номерине акысыз чалуу менен ал тууралуу милдеттүү түрдө Компанияга маалымдоого тийиш
-
4.5. Кардардын/ Карыз алуучунун талаш жараткан маселесин кароо, анын даттануусун жана кине коюусун кабыл алуу/ сунуштоо тартиби, ошондой эле аларды кароого алып, чечүү шарттары Коммпаниянын www.amanatcredit.kg дареги боюнча расмий сайтында жайгаштырылган
“Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароого алуу тартиби жөнүндө” жободо көрсөтүлгөн.
5. Кредит берүүдөн баш тартуу/кредити берүү чечиминин колдоого алынышы
- 5.1. Компания төмөнкүлөргө укуктуу:
- 5.1.1. Кардарга кредит берүүдөн баш тартууга жана кабыл алынган чечим боюнча түшүндүрмө бербөөгө;
-
5.1.2. Компания кардарга кредит берүү сунушун колдоо же андан баш тартуу чечимин өз алдынча кабыл алат.
Компания төмөнкү учурларда кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу:
- - Кардар бекитилген кредиттөө шарттарына жооп бере албаса;
- - Кардар Компаниянын берген баасы боюнча төлөөгө жөндөмсүз болсо;
- - Кардар тарабынан кредит алуу үчүн берген маалыматтар так эмес болсо;
-
- Кардардын кредиттик таржымалында банктардан жана/ же финансы-кредит
уюмдарынан мурда алган кредиттер боюнча милдеттенмелерин талаптагыдай аткара албагандыгы тууралуу маалыматтар камтылса.
-
- Кардардын Компания, башка финансы-кредит уюму же банк алдында мурда алган кредиттер
боюнча өтө чоң суммадагы орду жабылбаган карызы болсо;
- - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жана Компаниянын ички ченемдик укуктук талаптарын ылайык башка учурларда.
-
5.2. Компания, кардардын жана банктык карт/ электрондук капчык ээсинин аты-жөнү толук текшерилип, кредит талаптагыдай тариздетилген шартта гана карыздык каражаттарды кардардын
жеке кабинетинде көрсөтүлгөн банктык карт/ электрондук капчык номерлери боюнча чегерүү аркылуу сунуштайт.
6. Купуялуулуктун сакталышы
-
6.1. Кардардын «Онлайн кредит» кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланышы анын купуялуулукту
сактоо шарттарына жана ага тиешелүү жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдугун билдирет.
-
6.2. Бул бөлүктө кардарды идентификациялоо жана анын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктоо прцессинде мамлекеттик органдар системасынан алынган жеке маалыматтардын купуя
сакталышын камсыз кылуу жана маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча Компаниянын милдеттенмелери чагылдырылган.
-
6.3. Ушул Эрежелердин алкагында иштеп чыгууга уруксат берилген жеке маалыматтар,
кардардын жеке кабинетте ага тиешелүү маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүүсү аркылуу сунушталат.
-
6.4. Кардарга тиешелүү жеке маалыматтар, Компания тарабынан ага
«Онлайн кредит» кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануусуна уруксат берүү максатында гана колдонулушу мүмкүн.
-
6.5. Кардарга тиешелүү жеке маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын
колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген негиздер жана анда каралган тартипте гана берилиши мүмкүн.
-
6.6. Компания, кардарга тиешелүү маалыматтардын укукка жатпаган же кокусунан маалым болуп калуу жагдайынан коргоо, алардын жок болуп кетиши, өзгөртүлүшү, ага бөгөт коюлушу, көчүрмөлөнүп алынышы, таркатылышы, ошондой эле үчүнчү жактардын башка
бир укукка жатпаган аракеттеринен корголушу үчүн зарыл болгон уюштуруу жана техникалык чараларды көрүүгө милдеттүү.
-
6.7. Компания купуялуулукту камтыган маалыматтардын жашыруун сакталышын камсыз кылууга, кардардын ага алдын ала берген кат жүзүндөгү уруксатсыз ачыкка чыгарбоого, ошондой эле маалыматтар менен алмашууга жол бербөөгө,
аларды жарыялабоого же болбосо башка мүмкүн болгон ыкмалар аркылуу алардын ачыкка чыгып кетүүсүнөн коргоого милдеттүү.
-
6.8. Кардар бардык маселелер боюнча жумуш күндөрү саат 9-00дөн 18-00го чейин Компаниянын Колл-борборуна 0 800 111 8777
номери боюнча телефон чалып же Компаниянын офистеринин бирине кайрылууга тийиш.