«Аманат Кредит» эл аралык финансылык/консалтинг менен кызматташууну баштады Капиталды иштетүү

Кандай болбосун кредит алсаң болот
комиссиялык төлөм
0%
Алуу
Кандай продукттарды сунуштай алабыз
Ишкер
- Айыл чарба, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө кредит
- 1 000 000 сомго чейин
- 3 жылга чейин
- 28% дан 35% га чейин
Ишкер
Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө, жүгүртүү каражаттарын толуктоого, чийки заттарды жана материалдарды, бизнес үчүн жабдууларды жана башкаларды сатып алууга кредиттер.
- Максаттуу топ: Жаш курагу от 18ден – 65ке чейинки иштөөгө толук жөндөмдүү жарандары
- Кредит суммасы:15 001 сомдон 1 000 000 сомго чейин
- Пайыздык чени:
- • 15 001 сомдон 300 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 35%дан 33%га чейин
- • 301 000 сомдон 600 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 34% дан 32%га чейин
- • 601 000 сомдон 800 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 33% дан 31%га чейин
- • 801 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 31% дан 28%га чейин
- Кредит мөөнөтү: 36 айга чейин
-
Талап кылынган документтер:
- ∙ ID карт, паспорт
- · Бизнес жүргүзүүнө уруксат берген документтер — патент/күбөлүк
- · Айыл өкмөтүнөн алынган, мал-жандыгынын жана жерге пайынын бардыгы ттууралуу маалымкат ( 300 000 сомго чейинки кредиттер боюнча)
- · Акыркы 6 (алты) ай ичинде алган эмгек акы боюнча маалым кат
- · Үй-бүлө курамын көрсөтүү менен жашаган жеринен маалым кат


Онлайн кредит
- Максаттуу топ: Кыргыз Республикасынын жаш курагы 20дан 70 жашка чейинки жарандары
- 1 000 сомдон 15 000 сомго чейин
- 6 айга чейин
- 0.16% күнүнө (59% жылына)
Онлайн кредит
- Максаттуу топ:Кыргыз Республикасынын жаш курагы 20дан 70 жашка чейинки, туруктуу расмий киреше булагына ээ болгон (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу тарабынан тастыкталган), иштөөгө толук жөндөмдүү жарандары.
- Кредит суммасы: 1 000 сомдон 15 000 сомго чейин
- Пайыздык чени: 0.16% күнүнө (59% жылына)
- Срок кредита: 6 айга чейин
Жардам
- Дарыланууга жана билим алууга каралган атайы кредит
- 500 000 сомго чейин
- 3 жылга чейин
- 32% дан 35% га чейин
Жардам
Дарыланууга жана билим алууга каралган атайы кредит
- Максаттуу топ:Кыргыз Республикасынын жаш курагу от 18ден – 65ке чейинки иштөөгө толук жөндөмдүү жарандары
- Кредит суммасы:15 001 сомдон 500 000 сомго чейин
- Пайыздык чени:
- • 15 001 сомдон 300 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 35%дан 33%га чейин
- • 301 000 сомдон 600 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 34% дан 32%га чейин
- Кредит мөөнөтү: 36 айга чейин
-
Кредит алуу үчүн талап кылынган документтер:
- ∙ ID карт, паспорт
- · Бизнес жүргүзүүнө уруксат берген документтер — патент/күбөлүк
- · Акыркы 6 (алты) ай ичинде алган эмгек акы боюнча маалым кат
- · Үй-бүлө курамын көрсөтүү менен жашаган жеринен маалым кат


Турак Жай
- Курулуш иштерине (ремонттоого) жана үй курууга кредит
- 500 000 сомго чейин
- 3 жылга чейин
- 32% дан 35% га чейин
Ушул номерге чалыныз
Турак Жай
Кыймылсыз мүлктү курууга, реконструкциялоого жана ремонттоого (дубалдарын жылуулоо, пластик терезелерди орнотуу, чатырын алмаштыруу жана башка), курулуш материалдарын жана башкаларды сатып алууга кредиттер
- Максаттуу топ: Кыргыз Республикасынын жаш курагу от 18ден – 65ке чейинки иштөөгө толук жөндөмдүү жарандары
- Кредит суммасы 15 001 сомдон 500 000 сомго чейин
- Пайыздык чени:
- • 15 001 сомдон 300 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 35%дан 33%га чейин
- • 301 000 сомдон 600 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 34% дан 32%га чейин
- Кредит мөөнөтү: 36 айга чейин
-
Кредит алуу үчүн талап кылынган документтер:
- ∙ ID карт, паспорт
- · Бизнес жүргүзүүнө уруксат берген документтер — патент/күбөлүк
- · Айыл өкмөтүнөн алынган, мал-жандыгынын жана жерге пайынын бардыгы ттууралуу маалымкат ( 300 000 сомго чейинки кредиттер боюнча)
- · Акыркы 6 (алты) ай ичинде алган эмгек акы боюнча маалым кат
- · Үй-бүлө курамын көрсөтүү менен жашаган жеринен маалым кат
Пайдалан
- Керектөө максаттары үчүн каралган кредит
- 500 000 сомго чейин
- 3 жылга чейин
- 32% дан 35% га чейин
Пайдалан
Керектөө муктаждыктарын канааттандырууга кредттер: эмеректерди же тиричилик техникаларын сатып алууга, окууга төлөөгө же эмгек өргүүсүнө барып келүүгө, үй-бүлөлүк салтанаттуу иш-чараларды жана башкаларды өткөрүүгө кредиттер.
- Максаттуу топ: Кыргыз Республикасынын жаш курагу от 18ден – 65ке чейинки иштөөгө толук жөндөмдүү жарандары
- Кредит суммасы: 15 001 сомдон 500 000 сомго чейин
- Пайыздык чени:
- • 15 001 сомдон 300 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 35%дан 33%га чейин
- • 301 000 сомдон 600 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 34% дан 32%га чейин
- Кредит мөөнөтү: 36 айга чейин
-
Кредит алуу үчүн талап кылынган документтер:
- ∙ ID карт, паспорт
- · Бизнес жүргүзүүнө уруксат берген документтер — патент/күбөлүк
- · Айыл өкмөтүнөн алынган, мал-жандыгынын жана жерге пайынын бардыгы ттууралуу маалымкат ( 300 000 сомго чейинки кредиттер боюнча)
- · Акыркы 6 (алты) ай ичинде алган эмгек акы боюнча маалым кат
- · Үй-бүлө курамын көрсөтүү менен жашаган жеринен маалым кат
Жашыл кредит
- Жашыл экономиканы өнүктүрүүгө кредит
- 1 000 000 сомго чейин
- до 3-х лет
- 28% дан 35% га чейин
Жашыл кредит
“Жашыл экономиканы” өнүктүрүүгө/ дем берүүгө кредиттер: турак үйлөрдү жана өндүрүштүк жайларды жылуулоого; тамчылатып сугаруу шарты каралган күнөсканаларды, тамчылатып сугаруу системасын жөнгө салууга жана спринклер; суу топтоого; сугаруу түтүктөрүн жана түтүкчөлөрүн жаткырууга, суу түтүктөрүн орнотууга, күн нуру менен жылытуучуларды орнотууга, күн нуру менен кургатуучу жабдууларды орнотууга, жылытуу системасын жаңылоого, жарык берүү системасын модернизациялоого, беттөөчү материалдарды (минералдык/ айнек вата чачыратма беттөөчү материалды, полистирол) “эко” желдеткиятерди орнотуу; жамгыр суусун топтоо системасын жөнгө салуу; электрэнергиясын иштеп чыгуу үчүн фотоэлектр панелдерин орнотуу; органикалык жер семирткичтерди (биогумус, чириндилерди жана башкаларды) өндүрүп чыгаруу; биогаз жабдууларын сатып алууга кредиттер..
- Максаттуу топ: Кыргыз Республикасынын жаш курагу от 18ден – 65ке чейинки иштөөгө толук жөндөмдүү жарандары
- Кредит суммасы: 15 001 сомдон 1 000 000 сомго чейин
- Пайыздык чени:
- • 15 001 сомдон 300 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 35%дан 33%га чейин
- • 301 000 сомдон 600 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 34% дан 32%га чейин
- • 601 000 сомдон 800 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 33% дан 31%га чейин
- • 801 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 31% дан 28%га чейин
- Кредит мөөнөтү: 36 айга чейин
-
Кредит алуу үчүн талап кылынган документтер:
- ∙ ID карт, паспорт
- · Бизнес жүргүзүүнө уруксат берген документтер — патент/күбөлүк
- · Айыл өкмөтүнөн алынган, мал-жандыгынын жана жерге пайынын бардыгы ттууралуу маалымкат ( 300 000 сомго чейинки кредиттер боюнча)
- · Акыркы 6 (алты) ай ичинде алган эмгек акы боюнча маалым кат
- · Үй-бүлө курамын көрсөтүү менен жашаган жеринен маалым кат

Биримдик
- Топко сунушталуучу кредит
- 200 000 сомго чейин
- 2 жылга чейин
- 33% дан 35% га чейин
Биримдик
Кредиттик каражаттар чакан үй чарбаларынын менчик ээлерине, коммерциялык жана бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине, ишкерлерге күрөө коюуну талап кылуусуз эле, топтук шериктештиктин негизинде сунушталат. Кредиттер коммерциялык сыяктуу эле керектөө максаттарына: бизнести өнүктүрүүгө, жүгүртүү каражаттарын толуктоого, майда үй чарбаларынын муктаждыктарын (жабдууларды, эмеректерди, техникаларды сатып алууга, жашоо шартын жакшыртууга, даарыланууга, окууга жана башкаларга) каржылоого берилет.
- Максаттуу топ: Кыргыз Республикасынын жаш курагу от 18ден – 65ке чейинки иштөөгө толук жөндөмдүү жарандары
- Пайыздык чени:
- Топтук шериктештиктин негизи:3 адамдан 5 адамга чейин
- Кредит суммасы: жаңы кардарлар үчүн (кредиттик таржымалы түзүлө электерге) 100 000 сом.
- Ал эми кайталап кредит алган кардарларга 200 000 сомго чейин.
- Пайыздык чени: 35%дан 33%га чейин
- Кредит мөөнөтү: 36 айга чейин
-
Кредит алуу үчүн талап кылынган документтер:
- ∙ ID карт, паспорт
- · Бизнес жүргүзүүнө уруксат берген документтер — патент/күбөлүк
- · Айыл өкмөтүнөн алынган, мал-жандыгынын жана жерге пайынын бардыгы ттууралуу маалымкат (по кредитам до 300 000 сомго чейинки кредиттер боюнча)
- · Акыркы 6 (алты) ай ичинде алган эмгек акы боюнча маалым кат
- · Үй-бүлө курамын көрсөтүү менен жашаган жеринен маалым кат
«Кредиттик линия»
- Айыл чарба, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө кредит
- Керектөөчүлөрдүн максаттары
- 1 000 000 сомго чейин
- 3 жылга чейин
- 28% дан 35% га чейин
Кредиттик линия
- Максаттуу топ: Кыргыз Республикасынын жаш курагу от 18ден – 65ке чейинки иштөөгө толук жөндөмдүү жарандары
- Кредит суммасы: 15 001 сомдон 1 000 000 сомго чейин
- Пайыздык чени:
- • 15 001 сомдон 300 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 35%дан 33%га чейин
- • 301 000 сомдон 600 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 34% дан 32%га чейин
- • 601 000 сомдон 800 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 33% дан 31%га чейин
- • 801 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин жылдык пайыздык чени: 31% дан 28%га чейин
- Кредит мөөнөтү: 36 айга чейин
-
Кредит алуу үчүн талап кылынган документтер:
- ∙ ID карт, паспорт
- · Бизнес жүргүзүүнө уруксат берген документтер — патент/күбөлүк
- Айыл өкмөтүнөн алынган, мал-жандыгынын жана жерге пайынын бардыгы ттууралуу маалымкат (по кредитам до 300 000 сомго чейинки кредиттер боюнча)
- · Акыркы 6 (алты) ай ичинде алган эмгек акы боюнча маалым кат
- · Үй-бүлө курамын көрсөтүү менен жашаган жеринен маалым кат
«Лоялдуулук программасы »
- Кредит суммасы, кредиттөө мөөнөтү, пайыздык чени канча убакыт кызматташып иш алып барууга жана башка факторлорго жараша аныкталат.
Бул кандай иштейт

Өтүнмөңүздү тапшырыңыз
Бул сизге 5 мүнөттөн ашык эмес убакытты алат

Жооп күтүнүз
Биз арызды карап чыккандан кийин дароо жооп беребиз.

Акча алыныз
Коммерциялык банктар аркылуу накталай акча, электрондук капчыкка, ко-бренд картасы, банк эсебине же карта эсеби.
Жанылыктар
“Аманат Кредит” мобилдик капчык аркылуу төлөмдөрдү кабыл алып, насыя бере баштады «О! деньги»
"Аманат Кредит" онлайн насыя берүүнү баштады
“Аманат Кредит” төлөмдөрдү кабыл алып, мобилдик байланыш аркылуу насыя берүүнү баштады "MegaPay" капчыгы
Финансылык сабат ийгиликтин негизи!
-
Карыздык мамилелер
Карыздык мамилелер
1. Карыздык мамилелер
Карыздык мамилелер – бул, ага ылайык бир тарап экинчи тарапка убактылуу пайдаланууга акча каражатын же материалдык баалуулуктарды сунуштаган мамилелердин түрү. Мында акчаны же материалдык баалуулукту алган тарап үстөгү же ансыз эле алган акчасын материалдык баалуулук же акча эквивалентинде кайтарып берүүгө тийиш.
1.1. 1.1. Карыз алуу максаттары жана булактары
Ар бир адам өмүр жолунда болбоду дегенде бир жолу акча каражатын же кандайдыр бир материалдык баалуулукту карызга алууга мажбул болушу турмуштук ачуу чындык. Аллбетте, буга түрткү берген себептер да ар түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы, тамак-аш сатып алууга же утурумдук чыгымдар үчүн кайсыл бир өлчөмдө каражаттын жетпей калышы, айрым учурда тиричилик техникасын, автоунаа, эмеректерди жана башка ири буюмду сатып алууга акчанын жетишсиздиги жагдайынын келип чыгышы ж.б.у.с.. Мындан тышкары жашоо-турмушта ооруп калууга, олуттуу бир бумду жоготуп алууга, үйлөнүү үлпөт тоюун өткөрүүгө, жакындарын акыркы сапарга узатууга, балдардын окуусуна төлөөгө байланыштуу муктаждыктан улам күтүүсүз чыгымдар келип чыгышы ыктымал. Жогоруда санылып өткөн жагдайлардын бардыгы кыйла кыйла финансылык сарптоолорду талап кылат. Турмуштук оор жагдайга туш болгон үй-бүлөнүн топтогон жыйымы болбосо, мындай шартта жакын дос-туугандан карыз суроого же болбосо кредит алууга туура келет.Көпчүлүк учурда акча эмес, материалдык баалуулук түрүндө буюмдарды, мисалы курулуп жаткан үйдү бүткөрүү үчүн курулуш материалдарын карызга алган учурлар көп кездешет.
-
Карыз алуу, финансылык же башка ресурстар жетпей жаткандыгына байланыштуу операцияларды ишке ашырууга түрткү берет, ушундан улам карыз алуунун төмөнкүдөй булактарын бөлүп көрсөтүүгө болот:
- • акча каражатын эч кандай пайызсыз (үстөксүз) эле, ыңгайлуу болгон мөөнөткө берген туугандар же достор.
- • карызга алган активдерди пайдалангандыгы үчүн макулдашылган пайыздарды белгиленген мөөнөт ичинде төлөп берүү шартында туугандардан же достордон карызга алуу..
- • айрым учурларда иш багытына тиешелүү муктаждыкты чечүү үчүн фондулардан ссуда алып, аны өз учурунда кайтарып берүү.
- • жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланып, кредит алуу эң эле кеңири тараган карыз алуу ыкмасынан болуп саналат. Бул, кредитор тарабынан кредитти пайдалангандыгы үчүн белгилүү бир мөөнөткө пайыздарды чегерүү менен сунуштаган акчалай сумма. Мыйзам талабына ылайык, акча гана кредиттөө шартынын предмети болушу мүмкүн.
1.2. Карыз алуунун пайдасы жана андан улам келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер
Карыз алуу пайда алып келип, турмуш жагдайга алгылыктуу таасир этиши же болбосо үй-бүлөнүн келечегине кедергисин тийгизген терс таасир этиши ыктымал. Кандай болбосун шартта да алган карызды, демек, акчаны кайтарып берүүгө туура келет. Карыз – бул, акча каражаты же башка актив, алар сыйакы төлөп берүү же ансыз эле милдеттүү түрдө кайтарып берүү шартында алынат. Эгерде карыз алуучу алган карызын өз учурунда кайтарып бере албаса, аны банкрот деп аташат
Алгылыктуу шарттара карыз алуунун мисалдары Опурталдуу болгон шарттарда карыз алуу Целевое назначение Үй-бүлө үчүн турк жай сатып алуу/ куруу, жеке бизнести баштоо/ андан ары өнүктүрүү Балдардын билим алуусуна каражат жумшоо, активдерге каражат салуу (инвесициялоо) Кумар оюдары, күтүүсүз сарптоолор, мурдагы карыз ордун жабуу Карыз суммасы Карыз суммасы төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ашпайт Карыз суммасы сиз төлөй алгандагылан алда канча жогору «Кылдат ойлонуп туруп карыз алуу» Алдын ала болжолдонгог финансылык чыгашаларга кошумча күтүүсүз сарптоолордун келип чыгышы. Карыздын төлөнбөй калышына алып келген жагдайлардын келип чыгышы. Карыз алууга карата бир катар ой-пикирлер («анын алгылыктуулугу» жана «алгылыксыздыгы»).
Пайдасы Тобокелдиктер * Зарыл болгон акча каражатына тез арада ээ болуу.
* Башка жол менен жете албаганды дароо алуу мүмкүнчүлүгү.
*Карызды төлөө убактысын аныктоо зарыл болсо да, аны дароо колдоно баштоо.* Карыз алууга кеткен чыгашалар (пайыздар, комиссиялык төлөмдөр) кредит мөөнөтү канчалык узак болсо, ал боюнча чыгаша да ошончо жогору.
* Кредиттин милдеттүү түрдө төлөнүшү, бул талапты аткарбай коюу төлөм мөөнөтүн бузууга жол бергендиги үчүн айыптык төлөмдө төлөөгө же күрөөлүк мүлктөн айрылууга алып келет.
* Кредитке алган акчага буюм сатып алууда, келечектеги кирешенин эсебинен карызды төлөөгө милдеттенишет, демек келечекте каражаттын азайышы күтүлөт.1.3. Үй-бүлөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү
Үй-бүлөнүн финансылык абалын аныктоонун төмөнкүдөй көрсөткүчтөрү колдонулуп келүүдө:Финансылык туңгуюкка кабылуу – бул, финансылык абалдын өтө эле начарлап кетиши, башкача айтканда туруктуу чыгашасы алган кирешеден ашып кеткен жагдай. Улам жаңы кредитти, утурумдук төлөмдөр үчүн насыяларды алып олтуруп, карызга батып, финансылык туңгуюкта калышы - көпчүлүк жарандардын турмуш жолунда кетирген эң чоң катачылыгы. Ушундай жагдайдан чыгуунун бир гана ыкмасы бар – акча каражатынын сарамжалдуу пайдаланылышын катуу көзөмөлдүккө алуу. Башкача айтканда, чыгашаларды так жана план ченемдүү азайтуу, ошондой эле кирешелерди көбөйтүү боюнча планды иштеп чыгып, аны ырааттуу ишке ашыруу.
Финансылык туруксуздук – бюджетти толуктоочу бардык булактардан түшүүчү кирешелер (мында, иштеп жаткан иш, эң биринчи активдүү булактан болуп саналат). Түшкөн каражат утурумдук чыгашаларга болжол менен барабар же андан бир аз ашышы мүмкүн. Топтогон жыйымы жана ар кандай кыйынчылыктан чыгуу үчүн камдап койгон каражаты жок жагдай -бул эң эле туруксуз, опурталдуу жагдай болуп саналат. Күнүмдүк тиричиликте бардыгы жетиштүүдөй көрүнөт, төлөмдөр да өз учурунда төлөнөт, бирок күтүүсүз жагдайлар – бирден бир киреше булагынан ажырап калуу, иштен бошоп калуу, оор илдетке кабылуу, кырсыкка учуроо, ушундай эле башка кесепеттүү жагдайдар финансылык туңгуюкка кептелип калууну шартташы ыктымал. Финансылык туруктуулук – бул, алынган киреше бардык утурумдук, күтүүсүз келип чыккан жана маанилүү чыгашалардын ордун жаба алган жагдай. Натыйжада, бул адам баласында акча топтоп, келечек жашоого кам көрүү мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзүлөт. Демек, ошол топтолгон каражат турмуштук ар кандай оор жагдайлардан чыгууга жардам берип, финансылык коопсуздукту камсыз кылат. Финансылык оорчулукка туш болгон жарандар мына ушундай абалга жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап, чыгашаларын жана кирешелерин контролдоп, каражатка жараша жашоо ыргагына өтүүгө аракеттенүүгө тийиш. Албетте, көпчүлүгү бул максатка жетишет.
Мындан тышкары, жашоо турмушта эки маанилүү нерсени айрмалап алуу зарыл. Финансылык туңгуюкка туш болгондордун көпчүлүгүнүн эрежедегидей эле, бир гана активи, бир гана киреше булагы – иштеп жатка ниши гана бар. Ал эми финансылык абалы туруктуу болгондордун активдүү булагынан тышкары, башка киреше булактары – аманаттардан пайыздар, кыймылсыз мүлктү ижарадан түшкөн кирешелер, анчалык чоң болбосо да, туруктуу жөнгө салынган бизнеси болот.
Финансылык көз карандысыздык – бул жагдайды ошондой эле, финансылык эркиндик деп да атоого болот. Финансылык көз карандысыздыкты камсыз кылган адам акчадан көз каранды эмес, анын кирешелери чыгашаларынан олуттуу чекте ашып, алар ар кандай пассивдүү киреше булагына ээ б.а. топтолгон жыйымынан жана камдап койгон мүлкүнөн тышкары, ал үчүн негизги кирешени алып келген капиталы да бар. Демек бош отурбай, убактысын коротуу үчүн гана иштегени болбосо ага жанүрөп, күнү-түнү иштөөнүн деле кажети жок. Албетте, сарамжалдуу мындай адамдар өмүр бою финансылык туруктуулук абалын сактап калып, бала-бакырасын да камсыз кылууга кудурети жетет. Мисалы:
Осмонбек айыл жериндеги орто мектепте мугалим болуп иштейт, эмгек акысы жылына 120 000 сомду түзөт. Осмонбектин жубайы Гүлнараадистиги боюнча фельдшер болуп иштеп айына 5 000 сом эмгек акы алат. Ишинен тышкары үй тиричилигин жүргүзүп, Осмонбекке жардам берип, анын кары ата-энесин камкордукка алып, мал жандыкты карайт. Осмонбектин ата-энеси алар менен чогуу жашайт жана жыл сайын 120 000 сом суммасында пенчия алышат.
Осмонбектин улуу уулу Азат жакында армиядан келип, үй тиричилигине жардам берет, ал эми кичүү уулу Марат жана кызы Элнура мектеп окуучулары. Бош убактыларында алар да үй-бүлөнүн тиричилигине жардам беришет.
Ошентип, Осмонбектин үй-бүлөсү үчүн бир жылга зарыл болгон срптоолор: тамак ашка 120 000 сом, тиричилик муктаждыгына 60 000 сом, көмүр сатып алууга 20 000 сом, электрэнегиясына жана абкша коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр жылына 12 000 сом жана үй-бүлө үчүн башка зарыл чыгашалар 60 000 сомдү түзөт.- Жогоркуларды эске алуу менен Осмонбектин үй-бүлөсүнүн финансылык мүмкүнчүлүгүнө баа беребиз:
- A) Кирешелери
- - Осмонбектин эмгек акысы 120 000 сом
- - жубайынын эмгеке акысы 60 000 сом
- - ата-энесинин пенсиялары 120 000 сом
- - - бардыгы болуп, киреше өлчөмү 300 000 сом
- Б) Чыгашалары
- - үй-бүлөнүн тамак-ашы 120 000 сом
- - тиричилик керектөөлөрү 60 000 сом
- - жылытууга чыгашалар 20 000 сом
- - эл.энергия 12 000 сом
- - зарыл болгон башка чыгашалар 60 000 сом
- - бардыгы болуп, чыгашалар 272 000 сом
Жыйынтыгында: Осмонбектин үй-бүлөсүнүн колунда бардык чыгашаларды төлөгөндөн кийин 28 000 сом пайда калат. Ата-энесинин пенсиясы да жардам берет. Буга карабастан, бардык чыгашалардын ордун жапкандан кийин да, анын колунда калган каражат «финансылык туруксуздукту» далилдейт, анткени Осмонбектин үй-бүлөсү финансылык коопсуздукту түзүүгө мүмкүнчүлүгү жок.
Осмонбектин үй-бүлөсүнүн колунда бардык чыгашаларды төлөгөндөн кийин 28 000 сом пайда калат. Ата-энесинин пенсиясы да жардам берет. Буга карабастан, бардык чыгашалардын ордун жапкандан кийин да, анын колунда калган каражат «финансылык туруксуздукту» далилдейт, анткени Осмонбектин үй-бүлөсү финансылык коопсуздукту түзүүгө мүмкүнчүлүгү жок.
Бирок, Осмонбек жеке чарбасында өстүргөн айыл чарба азык-түлүгүнүн артып калган бөлүгүн сатып өткөрүү менен жылына 30 000 сом таза пайда алууга жетишип, жубайы бош убактысында кор өнөрчүлүк менен алектенип, натыйжала жылына 40 000 сом иштеп таап, алардын киреше бөлүгү улам көбөйүп отуруп 98 000 сомго жетип, үй-бүлө жигердүү иштин, чыгашаларды кылдат көзөмөдүккө алуунун натыйжасында финансылык туруктуулукту камсыз кылып, келечекте үй ичин жаңыртып, жаңы эмерек сатып алууну пландаштырууда..1.4.Төлөөгө жөндөмдүүлүк
Үй-бүлөнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгү анын финансылык абалынан көз каранды – бул, алган милдеттенмелери үчүн белгиленген мөнөттө толук көлөмдө эсептеше алуу дарамети (жөндөмдүүлүгү). Эгерде үй-бүлөнүн финансылык абалы туруктуу болсо, анда ал төлөөгө жөндөмдүү, ал эми финансылык абал бир аз солгундаган шартта, толук же бир аз төлөөгө жөндөмсүздүк жагдайы келип чыгат.
Пайдалуу кеңештер
Карыз алуудан мурда төмөнкүдөй иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл:- • Карыз алуу зарылбы? Алган карыз үй-бүлөлүк бюджетке ай сайын кандай таасир этиши мүмкүн?
- • Мындай сарптоолорго баруу же сатып алуу мен үчүн канчалык зарыл? Анын мага азыр кереги барбы же акча топтоп, күтүп турууга мүмкүнчүлүк барбы?
- • Төлөө жөндөмдүүлүгүмө баа берүүдө ашкере оптимист болуп жаткан жокмунбу? Келип чыгышы ыктымал болгон жагдайлар эске алындыбы?
- • Кредит алуудан тышкары, балким башка варианттар бардыр?
-
Керектөөчүлөр укугун коргоо
Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар/ керектөөчүлөр укугун коргоо
1.1. Кредиттер түшүнүгү жана кредиттердин түрү
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, кредит – бул, алган кредит суммасын жана ага кошуп эсептелинген пайыздарды, ошондой эле кредиттин берилишине жана анын колдонулушуна байланыштуу болгон башка төлөмдөрдү кайтарып берүү боюнча карыз алуучунун кредитор алдындагы акчалай милдеттенмеси.
-
Кредиттердин ар кандай түрү бар: банктык кредиттер, банктык эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан сунушталган кредиттер, товардык жана коммерциялык кредиттер
(түшүндүрмөлөрдү берүү зарыл), ошондой эле:
- • Мамлекеттик кредит – бул, иштин жүрүшүндө мамлекеттик бийлик органдары карыз алуучу катары иш алып барган кредиттөөнүн түрү. Мамлекеттик бийлик органдары бюджет тартыштыгынын ордун жабуу максатында материалдык каражаттарды тартууга мажбур болушат;
- • Эл аралык кредит дегенден улам, ортодо жөнгө салынган тышкы экономикалык байланыштарды андан ары өнүктүрүү максатында, бир өлкөнүнү экинчиге акча ресурстарын сунуштоосун түшүнүү зарыл.
-
Калк, айрыкча адистештирилген финансы-кредит уюмдары тарабынан сунушталган банктык кредиттерди пайдаланышат. Колдонуу максатына жараша банктык кредиттер төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- • Эгерде жөнгө салынган бизнести андан ары өнүктүрүү же жаңы бизнести ачуу, жабдууларды сатып алуу, өндүрүш жайларын сатып алууну же курууну пландаштырылган болсо, анда инвестициялык кредитти пайдалануу зарыл.
- • Айыл чарба жабдууларын, техникаларды, үрөөндүк материалдарды, мал-жандыктарды, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу же айыл чарбасы үчүн каралган өндүрүштүк жайларды сатып алууга же курууга, мурдатан бери иштеп келе жаткан чарбанын чөйрөсүн кеңейтүү же жаңы чарбаны түптөө үчүн каражат кере болсо, айыл чарба кредитин пайдалануу зарыл.
- • Коммерциялык кредит кайра сатуу максатында товарларды, өндүрүштө колдонулган материалдарды сатып алууга колдонулат.
- • Жеке муктаждык/ зарылчылык үчүн кандайдыр бир кыймылдуу мүмлктү, мисалы эмеректерди, тиричилик техникаларын, автоуналаарды, компьютерлерди сатып алууда керектөө кредити колдонулат.
- • Батир же турак үй сатып алуу үчүн ипотекалык кредит каралган.
- • Банк тарабынан кийинчирээк сатып алуу максатында сатылып алынган жабдууларды алуу.
Банктык кредиттер талап боюнча төлөнүүчү же мөөнөттүү кредиттерге бөлүнөт. Кредиттер белгиленген мөөнөттөрү боюнча кыска мөөнөттүк (бир жылга жетпеген), узак мөөнөттүк (үч жылдан ашкан) жана орто мөөнөттүк (бир жылдан үч жылга чейинки) кредиттерге бөлүнөт.
Кыска мөөнөттүк кредиттер – адатта, анча чоң эмес өлчөмдөгү акча каражатынын убактылуу жетишсиздиги муктаждыгын канаатандыруу үчүн каралган кредиттер. Кыска мөөнөткө кредиттерди берүү банктар үчүн анчалык пайда алып келбегендиктен, алар боюнча кыйла жогорулатылган пайыздык чендер белгиленет.
Кыска мөөнөттүк кредиттер – адатта, анча чоң эмес өлчөмдөгү акча каражатынын убактылуу жетишсиздиги муктаждыгын канаатандыруу үчүн каралган кредиттер. Кыска мөөнөткө кредиттерди берүү банктар үчүн анчалык пайда алып келбегендиктен, алар боюнча кыйла жогорулатылган пайыздык чендер белгиленет.
Өлчөмү боюнча кредиттер чакан, орто жана ири суммадагы кредиттерге бөлүнөт. Банк-кредитордун капиталынын 5 (беш) пайыззынан ашкан кредит - ири суммадагы кредит болуп эсептелинет. Ар бир банк кредиттөө түрүнө жараша кредит өлчөмү боюнча чектөөлөрдү белгилейт. Эрежедегидей эле, эң эле ири өлчөмдөгү кредиттер жөнгө салынган бизнести өнүктүрүүгө сунушталат.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талабына ылайык банктар үчүн бир карыз алуучуга берилүүчү кредиттердин чектүү өлчөмү – банктын таза суммардык капиталынын 20% чегинде белгиленет.
Мындан тышкары кредиттер күрөө менен камсыздалган жана камсыздалбаган кредиттерге бөлүнөт. Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, күрөөлүк салым (банкка сактоого өткөрүлүп берилген мүлк – баалуу металлдар, баалуу кагаздар, депозит түрүндөгү күрөөлөр жана башкалар), гарантия жана кепилдиктер - камсыздоо катары колдонулушу мүмкүн.
Кредиттер ошондой эле, пайыздык чендердин чегерилиши ыкмасына жараша да бөлүнөт. Чендин өзү катталган жана өзгөрүлмөлүү болушу мүмкүн. Алар карыз калдыгына же болбосо алынган сумманы бирдей төлөмдөргө бөлүштүрүү менен чегерилиши ыктымал. Жогоруда чагылдырырылган параметрлер кредттик келишимде милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында банктардан тышкары, ломбарддар да кредиттерди сунуштап келет – мындай кредиттер боюнча камсыздоолор, карыз төлөнбөгөн учурда алынып коюлат
Өлкөдө социалдык-экономикалык өнүгүү солгундап турган шартта эң эле жогорку пайыздар колдонулуп жатса да, сүткорлук системасы кеңири кулач жайылууда .
1.2. Кредиттөө шарттары: пайыздардын чегерилиши, карыздын кайтарылышы
-
Кредит алууда, эң оболу төмөнкүлөрдү эске алуу талап кылынат:
- • Кредит суммасын – Сиз алган жана үстөгү менен кошо кайтарып берүүгө милдеттенген негизги карызды.
- • Кредит мөөнөтүн – белгиленген мөөнөт ичинде кредит боюнча эсептешүүгө милдеттүү болгон убакыт аралыгы.
- • Пайыздык чен – кредит боюнча кошумча төлөө көрсөткүчү.
- • Төлөө графиги – айкын төлөм суммасын көрсөтүү менен кредит боюнча төлөмдөр тизмеги.
Пайыздык ченди чегерүү ыкмасы кредиттөөдөгү маанилүү шарт болуп саналат Чендин өзү катталган жана өзгөрүлмөлүү болуп саналат. Пайыздар, карыз калдыгына же алынган сумманы бирдей өлчөмдөгү төлөмдөргө бөлүштүрүү менен дароо эле бүтүндөй кредит суммасына чегериши мүмкүн. Ушул параметрлер жогоруда белгиленгендей эле, кредиттик келишимде даана көрсөтүлүшү зарыл.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө кредит боюнча пайыздарды эсептөөнүн бир нече негизги ыкмалары колдонулуп келинет:
-
• Дифференциацияланган төлөм– бул, кредит бөлүгүн пайыздары менен кошо ай сайын кайтарып берүү..
Мисалы: Кредит 2018-жылдын 16-октябрында төмөнкү шарттарда берилген: Кредит мөөнөтү – 1 жыл. Кредит суммасы – 100 000 сом. Пайыздык чени - жылдык 24% (айына 2%). Төлөөлөр – кредит ай сайын төлөнүп турууга тийиш. Төлөмдөрдүн дифферециацияланышы шартында төмөнкүдөй төлөө графигине ээ болобуз:Төлөө күнү Негизги карызды төлөө Пайыздарды төлөө Жалпы төлөө суммасы Негизги карыз калдыгы 16.11.2018 8 333,3 2 000 10 333,3 91 666,7 16.12.2018 8 333,3 1833,3 10 166,7 83 333,3 16.01.2019 8 333,3 1 666,7 10 000 75 000,0 16.02.2019 8 333,3 1 500,0 9 833,3 66 666,7 16.03.2019 8 333,3 1 333,3 9 666,7 58 333,3 16.04.2019 8 333,3 1 166,7 9 500,0 50 000,0 16.05.2019 8 333,3 1 000,0 9 333,3 41 666,7 16.06.2019 8 333,3 833,3 9 166,7 33 333,3 16.07.2019 8 333,3 666,7 9 000,0 25 000,0 16.08.2019 8 333,3 500,0 8 833,3 16 666,7 16.09.2019 8 333,3 333,3 8 666,7 8 333,3 16.10.2019 8 333,3 166,7 8 500,0 0,0 Итого: 100 000 13 000 113 000,0 -
• Аннуитеттик төлөм – бул, белгилүү бир мезгил аралыгында бирдей өлчөмдө келип түшүүчү төлөмдөр. Дифферециациялык төлөмдөрдөн ануитеттик төлөмдөрдүн негизги айырмасы, ануитеттик ыкмада эсептелинген кредит боюнча утурумдук төлөмдөр бирдей өлчөмгө ээ. Мында, кредит бөлүгүн ай сайын кайтарып берүү, ар башка көлөмдө ишке ашырылып, ал эми пайыздар ай сайын карыз калдыгына чегерилип турат.
Мисалы: Кредит 2018-жылдын 16-октябрында төмөнкү шарттарда берилген: Кредит мөөнөтү – 1 жыл. Кредит суммасы – 100 000 сом. Пайыздык чени - жылдык 24% (айына 2%). Төлөөлөр – кредит ай сайын төлөнүп турууга тийиш. Кредит боюнча каралган шарттарга ылайык, ануитеттик төлөм ыкмасында төмөнкүдөй төлөө графигине ээ болобуз:Төлөө күнү
Негизги карызды төлөө
Пайыздарды төлөө
Жалпы төлөө суммасы
Негизги карыз калдыгы
16.11.2018
7 455,96
2 000
9 455,96
92 544,04
16.12.2018
7 605,08
1 850,88
9 455,96
84 938,96
16.01.2019
7 757,18
1 698,78
9 455,96
77 181,78
16.02.2019
7 912,32
1 543,64
9 455,96
69 269,46
16.03.2019
8 070,57
1 385,39
9 455,96
61 198,89
16.04.2019
8 231,98
1 223,98
9 455,96
52 966,91
16.05.2019
8 396,62
1 059,34
9 455,96
44 570,29
16.06.2019
8 564,55
891,41
9 455,96
36 005,74
16.07.2019
8 735,85
720,11
9 455,96
27 269,89
16.08.2019
8 910,56
545,4
9 455,96
18 359,33
16.09.2019
9 088,77
367,19
9 455,96
9 270,56
16.10.2019
9 270,56
185,41
9 455,97
0
Жыйынтыгында:
100 000
13 471,53
-
• Пайыздарды кредиттин баштапкы суммасына чегерүү ыкмасы. Мында, пайыздар кредиттин баштапкы суммасына чегерилет, б.а. пайыздар төлөө графиги боюнча негизги карыз жана пайыздар бөлүгүнөн турган төлөөлөргө карабастан, кредит боюнча негизги карыз суммасы азайганы менен пайыздар баштапкы суммага эле чегериле берет.
Мисалы: Кредит 2018-жылдын 16-октябрында төмөнкү шарттарда берилген: Кредит мөөнөтү – 1 жыл. Кредит суммасы – 100 000 сом. Пайыздык чени - жылдык 24% (айына 2%). Төлөөлөр – кредит ай сайын төлөнүп турууга тийиш. Кредит боюнча каралган шарттарга ылайык, пайыздардын баштапкы суммага чегерилиш шартында төмөнкүдөй төлөө графигине ээ болобуз:Төлөө күнү
Негизги карызды төлөө
Пайыздарды төлөө
Жалпы төлөө суммасы
Негизги карыз калдыгы
16.11.2018
8 333,3
2 000
10 333,3
91 666,7
16.12.2018
8 333,3
2 000
10 333,3
83 333,3
16.01.2019
8 333,3
2 000
10 333,3
75 000,0
16.02.2019
8 333,3
2 000
10 333,3
66 666,7
16.03.2019
8 333,3
2 000
10 333,3
58 333,3
16.04.2019
8 333,3
2 000
10 333,3
50 000,0
16.05.2019
8 333,3
2 000
10 333,3
41 666,7
16.06.2019
8 333,3
2 000
10 333,3
33 333,3
16.07.2019
8 333,3
2 000
10 333,3
25 000,0
16.08.2019
8 333,3
2 000
10 333,3
16 666,7
16.09.2019
8 333,3
2 000
10 333,3
8 333,3
16.10.2019
8 333,3
2 000
10 333,3
0,0
Жыйынтыгында:
100 000
24 000
124 000
Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн кредиттер боюнча пайыздарды чегерүү мисалдары, дифференциацияланган төлөм кардар үчүн эң эле ыңгайлуу экендигин көрсөтүүдө. Экинчи жагынан алып караганда, эгерде финансы-кредит уюму чегерүүнүн мындай ыкмасын колдонбогон болсо, ануитетик төлөм ыкмасы да бул жагдайда алда канча алгылыктуу болуп саналат.
Эгерде бизнес сезондук мүнөзгө ээ болсо же жыл ичинде киреше бирдей өлчөмдө түшпөсө, анда төлөмдөрдүн алда канча ийкемдүү графиги алгылыктуу болуп саналат. Ийкемдүү төлөө графигинин өзгөчөлүгү, башынан тартып эле кредит боюнча төлөм өлчөмүн карыз алуучу келечекте алууну пландаштырып жаткан акча агымына жараша, өзгөрүп тургандай пландаштыруудан көрүнөт.
Айрым учурда негизги карыз суммасы кредиттөө мөөнөтүнүн акырында төлөнгөн график да колдонулат.
Кандай болбосун шартта төлөө графигинин улам кийинки мөөнөткө жылдырылышы (өзгөртүлүшү) кредиттин кымбатташына алып келет.
1.3. Натыйжалуу (эффективдүү) пайыздык чен
Эффективдүү пайыздык чен –- 1. Бул, сунуштун негизинде эсептелинген кредит боюнча татаал пайыздык чен. Мында, кредит алуу үчүн зарыл болгон бардык төлөмдөр анын ордун жабууга багытталат;
- 2. Кредиттик келишим колдонулган бүтүндөй мөөнөткө бөлүштүрүлгөн, өзүндө кредитор тарабынан декларацияланган номиналдык пайыздык ченден тышкары, кредитти тариздетүүгө жана тейлөөнү коштогон сарптоолорду камтыган, кредиттик каражаттарын пайдалануу үчүн чегерилген банктын төлөмдөрүнүн толук суммасын түшүндүрөт.
2. Кредиттик келишим колдонулган бүтүндөй мөөнөткө бөлүштүрүлгөн, өзүндө кредитор тарабынан декларацияланган номиналдык пайыздык ченден тышкары, кредитти тариздетүүгө жана тейлөөнү коштогон сарптоолорду камтыган, кредиттик каражаттарын пайдалануу үчүн чегерилген банктын төлөмдөрүнүн толук суммасын түшүндүрөт.
1.4.Финансылык иш алып баруу тартибинин сакталышы
Бул, эң оболу иштеп тапкан акчаны эсептей билүү. Колунда бар көпчүлүк адамдар же кайсыл бир уюмдар пайыз алдында карызга акча берүүгө даяр экендигин билдиришкени менен алар эң оболу, карыз алуучуга кам көрбөстөн, өз пайдасын көздөйт. Демек, кошумча акча табуу алардын максаты.
- • Сатып алууга ниеттенип жаткан нерсе/ буюм канчалык зарыл экендигин иликтеп көрүү;
- • Сатып алууну кийинкиге калтырып, колдон келсе ага акча топтоо;
- • Туугандардан же достордон карызга акча суроо жана мында түпкүлүгүндө келип ал акчаны кайтарып берүүгө туура келээрин да түшүнүү.
Эгерде күнүмдүк муктаждыктар үчүн акча зарыл болсо (товар сатып алууга же кызмат көрсөтүүдөн пайдаланууга), анда, абалдан чыгуунун эң эле ыңгайлуу төмөнкүдөй үч мүмкүнчүлүгү бар:
Эгерде карызга акча сурап отурбастан, кредит алууну чечкен болсоңор, ар кандай кредиттөө булактардын шарттары менен кылдат таанышып чыгып, кредитти кайтаруу үй-бүлө бюджетине олуттуу кедергисин тийгизбей тургандыгына толук ынануу зарыл. Эгерде кредит алуу тобокелдиктер менен коштоло турган болсо, андан баш тартуу керек.
Эгерде карызга акчаны керектөө максатына эмес, ишкердикке ала турган болсоңор, анда ишкердиктен алынуучу пайданы оңой эле эсептөөгө болот. Карызга алган каражатты салуудан түшкөн киреше, кредит боюнча пайздарды төлөөдөн плюс кредит алууга жана инвестицияга жумшоого кеткен чыгымдардан көп болууга тийиш. Бул жерде, тобокелдиктер менен коштолбогон инвестиция болбой тургандыгын да эстен чыгарбоо зарыл, анткени болжолдогондон азыраак пайда алып, чыгымга учурап калышыңар да мүмкүн.
Акырында келип, ошол кредитти жабуу үчүн башка кредит алууга туура келет. Мында алган жаңы кредиттин пайыздык чени мурдагы кредитке караганда аз болгон шартта гана, тике пайдага ээ болосуңар.
1.5. Пайыздык чен эмнелерден турат
-
Кредиттик уюмдун пайыздык чени:
- • Кредиттик уюмдун финансылык абалына жана анын көлөмүнө жараша болот. Ири кредиттик уюмдар кредит берүү көлөмүн арттыруунун эсебинен пайда көрүп, регионалдык майда банктарга караганда азыраак деңгээлдеги чендерди белгилешет;
- • Өлкөдөгү инфляция деңгээлине;
- • Банк тарабынан кредиттөө үчүн алынган каражат булагынын шарттарына;
- • Мамлекеттик колдоо программаларына (мындай учурда чен алда канча төмөн белгиленет);
- • Кредиттерди берүүгө кеткен банктын чыгашаларына (адатта, мындай сарптоолор ченде камтылат);
- • Пайда көрүү нормаларына, бул банкка сарптоолордун ордун жабууга гана эмес, кредит берүүдөн пайда көрүүгө өбөлгө түзөт;
- • Кредит түрүнөн: алсак ипотекалык кредиттер банк үчүн керектөө кредттерине караганда, алда канча кирешелүү жана тобокелдиктер да аз камтылып, алар боюнча пайыздык чендер да төмөн белгиленет.
1.6. Топтук кредиттер
-
Көпчүлүк кредиттик уюмдар топтук кредиттерди колдонушат, алар экономикалык таасирге караганда, социалдык мүнөзгө ээ. Экономикалык ишкердик менен алектенүүгө ниеттенген адамдар топ кепилдиги алдында бир аз өлчөмдө кредиттерди алышат. Мында, топтун мүчөлөрү төмөнкүлөрдү так сактоого тийиш:
- • Төлөм тартибин;
- • Карыздык каражаттарды кайтарып берүү боюнча топтун башка катышуучусу үчүн да жоопкерчилик алууну;
- • Кредиттик келишим шарттарынын так сакталышына аракеттенүү;
- • Топко утурумдук киреше алып келген экономикалык ишкердикти гана жүргүзүү.
Калктын эң эле аярлуу, күрөө сунуштоого мүмкүнчүлүгү жок катмары кредиттөөнүн ушул инструменти аркылуу кредит алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Кредитти төлөө тартибин так сактоо менен көпчүлүк жарандар финансылык абалын оңдоого жетишип, жеке ишкердик үчүн шарттарды түзүп, ал эми ишкердик ыкмаларын жакшы өздөштүргөндөрү өз бизнесин баштоого жетишип жатат.
Топ менен кредит алуу шартынан ийгиликтүү пайдаланышкандардын көпчүлүгү өнүгүү жолунун башка баскычына өтүп, өз алдынча кредиттерди алуу менен бизнесин жүргүзүп келишет.
1.7. Кредиттик келишимдин артыкчылыктары
Кредит алуучу менен кредитор ортосунда кредиттик келишим түзүлөт, анда кредит берүү шарттарынын бардыгы так чагылдырылууга тийиш. Документтерге кылдат мамиле жасабай коюу, ошондой эле жарандарыбыздын көпчүлүгүнүн ишенчээктиги кредитор менен карыз алуучунун ортосунда түшүнбөстүктөрдүн келип чыгышын шарттаган негизги себептерден болуп саналат. Кредиттик келишимге кол коюу алдында карыз алуучу эң оболу, аны толук окуп чыгууга жана түшүнбөгөн жерлерин кредитордун кызматкерлеринен түшүндүрүп берүүсүн өтүнүүгө тийиш. Албетте, карыз алуучунун көпчүлүк шарттарды түшүнбөстүгү тобокелдикти шарттайт. Ал эми карыз алуучунун кредиттик келишим шарттарын так сактабашы жоопкерчиликке алып келип, ал айыптык төлөмдөрдү, туумдарды төлөөдөн, соттук териштирүүлөрдүн келип чыгышынан көрүнөт. Кимдир бирөө ал үчүн жөнөкөйдөй көрүнгөн нерсени суроодон ыйбаа кылган болсо, көпчүлүгү бардыгын билем, демек кредиттик келишимди окуп чыгуунун зарылчылыгы жок деп эсептешинен улам, оор жагдайга дуушар болуп калган турмуштук мисалдар көп кездешет.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык кредитор карыз алуучуга кредиттөө шарттары, пайыздык ченди чегерүү ыкмасы, ошондой эле эффективдүү пайыздык чен, акырында келип кредиттин толук наркы боюнча толук түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.
- Кредиттик келишимде эң оболу төмөнкүлөргө көңүл буруу зарыл:
- • Кредит суммасы – бул, кредиттик келишимдин милдеттүү пункту, анда кредит суммасы сандар менен ошондой эле, жазуу жүзүндө чагылдырылат. Кредиттик келишимдин бардык пункттарында көрсөтүлгөн суммаларды текшерип алуу зарыл.
- • Кредит валютасы – бул дагы кредиттик келишимдин милдеттүү пункттарынын бири. Кредиттик келишим менен таанышып чыгууда кредит валютасы көрсөтүлгөн бардык пункттарда валютанын бирдей көрсөтүлүшүн текшерип алуу талап кылынат.
- • Кредит валютасы – бул дагы кредиттик келишимдин милдеттүү пункттарынын бири. Кредиттик келишим менен таанышып чыгууда кредит валютасы көрсөтүлгөн бардык пункттарда валютанын бирдей көрсөтүлүшүн текшерип алуу талап кылынат.
- • Пайыздык чен. Банктын же кредиттик уюмдун карыздык каражаттарын пайадалунуу үчүн төлөм. Пайыздык чен жылдык жана ар айлык негизде көрсөтүлүшү мүмкүн.
- • Пайыздык чен. Банктын же кредиттик уюмдун карыздык каражаттарын пайадалунуу үчүн төлөм. Пайыздык чен жылдык жана ар айлык негизде көрсөтүлүшү мүмкүн.
- • Кредит максаты. Берилген кредиттин максаттуу пайдаланышы карыз алуучу өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруусунун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат. Көпчүлүк финасы-кредит уюму кредит берилгенден кийин, анын канчалык максаттуу багытта колдонулуп жатышына мониторинг жүргүзүшү мүмкүн. Кредиттик максатсыз пайдаланалышы карыз алуучу үчүн алыгылыксыз кесепеттерге: кредиттик рейтингинин начарлашына, финансы-кредит уюмунун кызматкерлери тарабынан кредиттин максатсыз пайдаланышынан улам бат-бат мониторингдин жүргүзүлүшү, натыйжада өзгөчө контролдукка алынуу, кредиттик келишимдин мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жана кредит калдыгынын кайтарылып берилишин талап кылуу сыяктуу жагдайларга алып келет.
- • Кредитти өз учурунда төлөбөгөндүгү жана кредиттик келшимдин башка шарттарын бузууга жол берилгендиги үчүн айыптык санкциялар – бул, финансы-кредит уюму тарабынан кредит өз учрунда төлөнбөй жатышы үчүн белгиленген акчалай айыптык төлөм. Мында, финансы-кредит уюмунун ички саясаттарынын жана жол-жоболорунун талабына жараша айыптык санкциялар айыптык төлөм катары да аталышы мүмкүн. Айыптык санкциялар өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлөт жана анын милдеттүү бөлүгү болуп саналат.
Кредитти мөөнөтүнөн мурда жапкандыгы үчүн айыптык санкциялар – бул, кредиттин мөөнөтүнөн мурда жабылгандыгы үчүн финансы-кредит уюму тарабынан белгиленген айыптык акчалай жаза чарасы, б.а. кредит мөөнөтүн бузууга жол бергендиги үчүн кредиттик келишим шартына ылайык, карыз алуучу төлөп берүүгө милдеттүү болгон айыптык төлөм. Финансы-кредит уюму аныкталган мөөнөткө кредит берүүдө берилген акчалай сумманы кредиттик келишимде көрсөтүлгөн мезгил аралыгында колдонулушуна жараша эсепке алып, аларды жайгаштырган катары эсептейт. Карыз алуучу келишим шартын бузуу менен кредит ордун мөөнөтүнөн мурда жапкан шартта, бул жагдай финансы уюму үчүн белгилүү бир ыңгайсыздыкты жаратып, каражаттардын планда каралбаган бошотуп алынышына байланыштуу чыгашага алып келет.
Албетте карыз алуучу кредитти жана ал боюнча пайыздарды мөөнөтүнөн мурда жабууга укуктуу. Бул мыйзам боюнча да милдеттүү шарт.1.8. Кредит боюнча камсыздоолор
- Кредиттин кайарылышын гарантиялоо үчүн камсыздоонун төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат:
- • Айыптык төлөмдөр (төлөмдөрдүн убагында төлөнбөгөндүгү үчүн айыптык санкциялар);
- • Кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү күрөөгө сунуштоо;
- • Кепилдик (гарантия) келишими;
- • Кепилдик (гарантия) келишими;
Кандай болбосун кыймылдуу мүлк же мүлккө – жабдууга, транспортко, жүгүртүүдөгү товарларга, баалуу кагаздарга укук, дебитордук карыз жана башкалар - күрөө предмети катары колдонулушу мүмкүн. Бул учурда күрөө атайы келишим аркылуу таризделинет. Мында, карыз алуучунун өзү сыяктуу эле, анын туугандары, достору же жакшы тааныштары күрөө коюучу катары чыгышы да мүмкүн.
Эгерде күрөө коюучу катары иш алып барууну чечкен болсоңуз, анда бардык жоопкерчиликти жана тобокелдикти да алган болосуз, анткени ар кандай жагдайлардан улам төлөөгө жөндөмсүз абал келип чыккан шартта, күрөөлүк мүлктөн айрылып калууга туура келет.
- Ошондуктан, күрөө келишимине кол коюуда төмөнкүлөргө айрыкча көңүл бурууга талап кылынат:
- • Күрөө коюучунун максималдуу тобокелдиги күрөөлүк мүлк суммасына барабар экендигине;
- • Күрөөлүк мүлк наркына. Финансы-кредит уюму күрөөлүк мүлктү баалоону ички эрежелерине ылайык жүзөгө ашырат, мисалы айрым финансылык уюмдар кыймылсыз мүлктү баалоодо дисконттун ички нормаларын колдонушат, демек орточо рыноктук баадан айырма 25-30% түзүшү мүмкүн;
- • Күрөөлүк мүлккө карата чектөө чараларына көңүл буруу зарыл, адатта финансы-кредит уюмдары келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин күрөө коюучу күрөө предметин ажыратып алууга укуксуз экендигин белгилеген шарттарды караштырат.
Кепилдик келишими боюнча кепил болуучу (гарант) башка жактын кредитору алдында карыз алуучу менен бирге милдеттенмелердин толугу менен же анын бөлүгүнүн аткарылышы үчүн чогуу жоопкерчилик тартууга милдеттенишет. Карызгер кепилдик (гарантия) менен камсыздалган милдеттенмелерди аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган шартта, эгерде кепилдик (гарантия) келишиминде кепил болуучунун субсидиардык жоопкерчилиги каралбаган болсо, карызгер менен чогуу кредитор алдында жооп берүүгө тийиш. Кепилдик келишимнде башкасы каралбаса, кепил болуучу (гарант) пайыздарды төлөөнү, карзыды кайтарып алууга кеткен соттук чыгымдардын жана карызгер кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбай коюушу же талаптагыдай аткарбашынан улам, кредитор тарткан башка чыгымдарды кошо алганда, карызгер кредитор алдында канча көлөмдө милдеттенме алса, ал да ошончо көлөмдө жооп берүүгө тийиш.
1.9. Кредиттик таржымал
Кредиттик таржымал— бул, кайсыл финансы-кредиттик уюмунан канча көлөмдө кредит алынгандыгы жана кредиттик милдеттенмени канчалык деңгээлде так аткарып жаткандыгын б.а. кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү тууралуу маалыматтар топтому. Кредиттик таржымал өзүндө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- • качан жана кандай шарттарда кредит алынгандыгын;
- • мөөнөтүндө төлөнбөй, төлөмдөрдүн кечиктирилгендиги жана алар эмнеге байланыштуу келип чыккандыгы;
- • мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр ишке ашырылгандыгы жана төлөө схемасынын өзгөргөндүгү, мисалы реструктуризациялоого жол берилгендиги;
- • мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр ишке ашырылгандыгы жана төлөө схемасынын өзгөргөндүгү, мисалы реструктуризациялоого жол берилгендиги;
- • карыз алуучунун кредиттик милдеттенмелерди аткарышына байланыштуу башка маалыматтар.
Алгылыктуу кредиттик абройго ээ болуу, кредит алуудагы маанилүү шарт. Алгылыктуу кредиттик таржымалга ээ болгон карыз алуучу кредиттик мекемеге кайрылган учурда:
- • кредиттик уюм ага кайрадан кайрылганы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, алгылыктуу сунуштарды жана атайы колдоо көрсөтүү чараларын сунушташы мүмкүн;
- • кредит алуудагы документтер да, жаңы кредит алуучуларга караганда алда канча аз талап кылынат;
- • билдирмелер да кыска мөөнөт аралыгында кароого алынып, техникалык көз карашынан алганда, тиешелүү жеке маалыматтарды компьютредик системага кайталап киргизүүнүн зарылчылыгы келип чыкпайт;
- • Эгерде бул кредиттөө шарттарында каралган болсо, алгылыктуу кредиттик таржымалдарга ээ болгондорго азайтылган пыйыздык чендер сунушталат.
Милдеттенмелерди аткаруудан баш тартуу, кредит ордунун өз учурунда жабылбашы, карыз алуучунун финансылык абалы тууралуу маалыматтардын аздыгы кардардын терс кредиттик таржымалга ээ экендигинин айкын далили. Кредиттик таржымалдын алгылыксыздыгы карызгер үчүн өнүгүүгө каралган расмий жана ачык ресурстардан пайдалануусуна бөгөт коюушу мүмкүн.
Кардардын кредиттик таржымалын ким түзөт:Кардардын кредиттик таржымалын анын өзү жана аны менен өнөктөштүк келишинин түзгөн финансы мекемеси түзөт. Кыргыз Республикасында «Ишеним» кредиттик маалымат бюросу иштейт, ал финансы рыногунун катышуучуларынан карыз алуучуга тиешелүү маалыматтарды топтоп, аларды жалпылоо менен, албетте карыз алуучунун макулдугу менен гана, ал маалыматтарды сунуштоого укуктуу.
1.10. Ислам каржылоо принциптери
Ислам каржылоо принциптери банктык жана финансылык операцияларды жүргүзүүдө Шарият стандарттарынын сакталышын, эл аралык уюмдар тарабынан ислам финансысына тиешелүү белгиленген эрежелердин жана нормалардын так аткарлышын талап кылат:
- • Кредиттер боюнча сыяктуу эле, депозиттер боюнча гарантияланган пайыздардын төлөнүшүнө тыюу салат (риба). Бирок пайыздык катыштын жоктугу, ислам каржылоосуна тартылган тараптар ортосундагы мамилелер кайрымдуулук принцибинде жүзөгө ашырылат дегенди билдирбейт.
- • Келишим анын предмети, мөөнөттөр, товардын наркы жан мүнөздөмөлөрү боюнча белгисиздик элементин камтууга тийиш эмес (гарар).
- • Коом үчүн зыян алып келген ишкеердик чөйрөсүн каржылоого тыюу салынат (алкоголь ичимдиктерин, тамеки заттарын, курал-жарактарды чыгарууга, кумар оюндарын, лотореяларды ойнотууга, букмекердик конторалардын ишине жана башкаларга).
Финансы-кредит уюму үчүн бүтүмдөр жана операциялар түрү Шарият стандарттарына ылайык Шарият кеңешинде колдоого алынууга тийиш. Ошону менен бирге эле, ислам каржылоо принциптерин колдонгон финансы мекемелеринин иши өлкөнүн башкы финансылык жөнгө салуучусу – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Мудараба – банк, амантчынын сыяктуу эле, карыз алуучунун да өнөктөшү катары иш алып барган ислам каржылоосунун түрү. Банк, алган каражттарды алардын найыжалуулугуна баа бергенден кийин тиешелүү долбоорлорго жайгаштырат. Банк менен аманатчы ортосунда түзүлгөн келишимде, каржылануучу долбоор ийгилитүү жыйынтыкталган шартта эки тарапка сыйакы төлөнүп бериши каралууга тийиш. Тараптар ошондой эле, рынокто объективдүү жагдайлар боюнча чыгымдын келип чыгышы ыктымлдагын да таанышат. Бул учурда банк башка тарап – инвестиция алуучу менен бардык шарттарды жана жоопкерчиликтерди так маулдашып алууга тийиш.
Мурабаха - келишимдин бул түрү боюнча банк кардардын билдирмесине ылайык белгилүү бир товарды сатып алып, ошол эле товарды үстөгү менен бөлүп төлөө шартында кардардын өзүнө сатат. Кыргыз Республикасында каржылоонун бул түрү ислам каржылоо принциптери боюнча кызматтарды сунуштаган финансы-кредит уюмдары ичинде кеңири тарап, колдонулуп келүүдө.
Салам – бул, товар сатып алуу келишими. Мында, сатып алуучу келишим түзгөн учурда товар наркына толук төлөп берүүгө, ал эми сатуучу белгиленген мөөнөттө, мисалы түшүм жыйнап алгандан кийин (адатта бул ыкма агро секторунда колдонулуп келет) товарды жеткирип берүүгө милдеттенет.
Иджара (иджара мунтахийя биттамлик) – бул, кардар анын шарттарына ылайык активди ижарага алган келишим. Келишим мөөнөтү бүткөндө же келишм колдонулган мөөнөт ичинде банктан ошол активди этап боюнча сатып алууну караган келишим.
Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, операцияларды жүзөгө ашырган банктар тарабынан акча каражатын жайгаштырууга ниеттенген кардарлар үчүн төмөнкүдөй операциялар каралган:
Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер
Кард (кард хасан)
Бул келишим (кард хасан) боюнча аманатчы анын биринчи эле талабы боюнча аманаттын кайтарылып берилишин гарантиялоо шартында акча каражттарын банкка карызга сунуштайт.
Вади’а йад дамана
Вади’а йад дамана келишими боюнча аманатчы гарантиялык сактоо шартында банкка акча каражатын сунуштайт.
Мөөнөттүү депозиттер
Мудараба
Мудараба келишими борюнча аманатчы банкка акча каражаттарын белгилүү бир мөөнөткө пайда алуу максатында жайгаштырат. Аманатчы алууга укуктуу болгон пайда үлүшү, келишим түзүү учурунда аныкталат.
Башка кайтарып берүү шарттарында жайгаштырылган депозиттер (аманаттар)
Агенттик келишимдин инвестициялык эсеби
Агенттик келишимдин инвестициялык эсеби келишими боюнча амнатчы пайда алуу максатында белгилүү бир мөөнөт аралыгына банкка акча каражаттарын салат. Аманатчы келечекте ала турган пайда өлчөмү келишим түзүү учурунда аныкталып, ал катталган сыяктуу эле, катталбаган болушу да мүмкүн.
Пайдалуу кеңештер:
- • Алган кредитти кантип кайтрап берүүнү билбеген болсоңуз – кредит албай коюу оң!
- • Негизги кирешени кандай валютада алсаңыз, кредиттида ошол валютада алган оң.
- • Келишимди кылдат окуп чыгуу талап кылынат – анткени, сандар гана эмес, андагы тамгалар да мааниге ээ.
- • Алган карызды кайтарып берүүдө тастытоочу документтерди талап кылууну унутпагыла.
- • Кредитти төлөй албай калган болсоңуз, кредитордон качпастан, келип чыккан проблеманы аны менен бирге чечип алуу зарыл.
- Кредит алууга нитетенген болсоңуз, төмөнкүлөргө көңүл буруу зарыл:
- • Финансы-кредит уюму таанышып чыгуу үчүн кредиттик келишим тесктин Сизге сунуштоого милдеттүү. Демек, кредиттик келишим менен кылдат таанышуу, кредиттөө шарттары боюнча бардык маалыматтарды окуп чыгуу талап кылынат;
- • Финансы-кредит уюмунун кызматкерлерине суроо берүүдөн качпагыла, бардык түйшөлткөн суроолорго так жооп алмайынча, кредиттик келишимге кол коюга болбойт.
-
Инвестициялоо
Инвестициялоо
- Жыйым топтоо – бул, үй-бүлөнүн бардык чыгашаларын эсептеп алып салгандан кийинки акчалай кирешесинин бөлүгү.
- Инвестициялоо – бул, келечекте пайда алуу максатында акча каражаттарын салуу же башка активдерди сатып алуу.
- Карыз алуу – бул, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин кайтарып берүү шартында акча каражаттарын же башка материалдык баалуулуктарды алуу. Мында, ошол каражаттарды пайдалангандыгы үчүн үстөк акча белгилениши мүмкүн.
- Активдер– бул, акча алып келгендердин бардыгы.
- Активдерге бардык:
- • туруктуу финансылык киреше алып туруу мүмкүнчүлүгүн түптөгөндөрдү;
- • убакыт өткөн сайынын наркы/ баасы жогорулап турган бардык финансылык салымдарды чегерүүгө болот.
- • убакыт өткөн сайынын наркы/ баасы жогорулап турган бардык финансылык салымдарды чегерүүгө болот.
- Активдүү кирешелер – бул, жеке адамдын өзү аларды иштеп табууга түздөн-түз активдүү катышкан кирешелер. Демек, бул анын эмгек акысы жана экономикалык ишкердиги.
- Пассивдүү кирешелер – бул, аны иштеп табуу процессине жеке адамдын өзү активдүү катышпаган, бирок ошол жеке адам салган каражаттардын түзөн-түз жардамы менен иштелип табылган кирешелер.
1.1. Rаражатыңарды эмнеге инвестициялай аласыңар?
Үй бүлө иштеп тапкан акча каражаттарын инвестициялоо үчүн төмөнкүлөрдү бөлүп, көрсөтүүгө болот::• Кыймылсыз мүлккө инвестициялоо – бул, Кыргыз Республикасында каражат салуунун эң эле ишенимдүү ыкмасы. Коммерциялык жана турак жай болгон кыймылсыз мүлк жогорку суроо талапка ээ болуп, айрыкча борбор калаада жана ири шаарларда аларга карата баа туруктуу өсүшкө ээ болууда. Мындан тышкары, сатып алган кыймылсыз мүлктү ижарага тапшыруу менен кошумча киреше алууга да болот, бирок кыймылсыз мүлккө салым капиталды талап кылган инвестиция болгондуктан. ал өзүн өзү толук актай албайт. Мисалы: Бишкектен 36 миң АКШ долларына эки бөлмөлүү батир сатып алып, аны ай сайын 150 АКШ доллар өлчөмүндө ижара акы алдында ижарага тапшырдыңар дейлик. Мындай шартта сатып алган кыймылсыз мүлк жыйырма жылдан кийин гана өзүн актайт. Бул эң эле узакка созулган процесс, ошондой болсо да, биздин шартта кыймылсыз мүлккө салым эң эле ишенимдүү инвестициялоо ыкмасынан болуп саналат.
- • Бизнеске инвестициялоо – Кыргыз Республикасында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн бардык шарттар каралган, ал эми ишкердикти өнүктүрүү үчүн белгилүү бир шарттар, билим деңгээли жана иш тажрыйба талап кылынат. Өлкө калкынын көпчүлүгү кандайдыр бир деңгээлде экономикалык ишкердик: кол өнөрчүлүгү, соода жүргүзүү, ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо менен алектенүүдө
- • Матераилдык эмес актвидерге инвестициялоо – буга балдардын окуусуна, үй бүлөнүн иштеп жаткан мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатууга жумшалган каражаттарды чегерүүгө болот. Инвестициялоонун бул түрүнөн айкын кайтарымды баалоо анча деле кыйынчылыкка турбагандыгы менен мындай салым узак мөөнөттүү инвестиция катары бааланат.
- • Финансылык инструменттерге инвестициялоо - пассивдүү киреше булагы болуп саналат жана төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
Баалуу буюмдарга жана алтынга инвестициялоо. Кыргыз Республикасында бул эң эле кеңири тараган инвестициялоонун салттуу түрү. Баалуу буюм-зат жана алтын өзгөчө мүнөздөмөлөргө ээ экендигинен улам, жогорку инвестициялык туруктуулукка жана акчалай салымдын ишенимдүү сакталышы өзгөчөлүгүнө ээ. Валюта курсунун төмөндөшү шартында, алтынга карата курс жогорулайт.
Ошондой болсо да, баалуу металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды сактоо уурдап кетүү жана жоготуп алуу сыяктуу жогорку тобокелдиктер менен коштолот. Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2015-жылдан тартып аффинаждалган алтындан жасалган алтын куймаларды чыгаруу ишин жөнгөс алган. Бул, өлкөнүн калайык калкы жана ишканалар үчүн жыйым топтоонун жана инвестициялоонун эң эле ыңгайлуу инструментине айланган.
Банктарда өлчөнгөн алтын куймаларды сактоо үчүн металл эсептери колдонулат. Ошентип, металл эсептеринин эки түрү: жооптуу сактоодогу металл эсептери (МСОХ) жана ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептери (ОМС) кеңири пайдаланылууда. Алардын айырмасы, биринчи учурда алтындын сакталышы үчүн банкка акы төлөнөт, ал эми экинчи учурда – банк алтын куймалардын сакталышы боюнча бардык чыгашаларды өзүнө алып, өлчөнгөн куймалар же акчалар менен өз ыңгайына жараша операцияларды жүргүзө алат.
Баалуу кагаздарга инвестициялоо. Баалуу кагаздардын төмөнкү түлөрү колдонулат: акциялар, облигациялар, мамлекеттик баалуу кагаздар, инвестициялык фондулардын пайлары. Баалуу кагаздардан эки ыкманы колдонуу менен пайда табууга болот: дивиденддер аркылуу же болбосо курстук айырма, башкача айтканда «арзаныраак сатып алып, кымбат сатуу» схемасы аркылуу. Бул ыкмалардын ар бири өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ.
Дивиденддер – акцияларды инвестициялоонун ар кандай инструменттерине туруктуу реинвестициялоо аркылуу акциялардан киреше алуунун пассивдүү ыкмасы. Мында, тобокелдиктер кыскарбастан, портфелдин кирешелүүлүгү да артат. Курстук айырма – алда канча «агрессивдүү» ыкма, мында акцияны ыңгайлуу шартта сатуу же сатып алуу үчүн рынокто түптөлгөн суроо талап – сунушка дайыма көз салып туруу талап кылынат.
Акция – бул, акция ээсине тиешелүү компаниянын ишин тескөөгө алууга катышуу менен компаниядан дивиденд түрүндө пайданын бөлүгүн, ошондой эле компания жоюлуп кеткен шартта, анын мүлкүнүн бөлүгүн алууга укук берген баалуу кагаз. Баалуу кагаз түрүнө жараша, ага ээлик кылуу укугу боюнча да айырмаланат. Жөнөкөй акция өз ээсине акционерлер жыйынында добуш берүү укугун ыйгарат, бирок мында алынуучу киреше уюмдун/компаниянын пайдасына жараша аныкталат. Артыкчылыктуу акциялар, тескрерисинче добуш берүүгө укукту чектейт, бирок ал компаниянын финансылык-чарбалык иш жыйынтыгын көз карандысыз, катталган киреше алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
Облигация – бул, карыздык баалуу кагаз. Инвестор облигацияны сатып алуу менен белгилүү бир мөөнөткө жана аныкталган пайыз алдында облигацияларды чыгарган компанияга карызга акча сунуштайт. Облигациялар эрежедегидей эле, эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө чыгарылып, бул мөөнөт аяктаганда, эмитент компания инвесторго салынган сумма менен кошо пайыздык кирешени кайтарып берет. Акцияларды чыгаруудан анын башкы айырмачылыгы, корпоративдик облигациялар акционердик коомдорго сыяктуу эле, жоопкерчилиги чектелген коомдорго да жайгаштырылышы мүмкүн.
Калайык калк өз каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарына да инвестициялай алат, жүгүртүү мөөнөтүнө жараша мамлекеттик баалуу кагаздар кыска мөөнөттүк – мамлекеттик казына векселдерине (МКВ) жана узак мөөнөттүү, мамлекеттик казына облигацияларына (МКО) бөлүнөт.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик баалуу кагаздар каражат салуунун эң эле ишенимдүү ыкмасына айланган, анткени салымдын кайтарылышы мамлекет тарабынан гарантияланат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мезгил-мезгили менен 3 (үч), 6 (алты) жана 12 (он эки) ай жүгүртүү мөөнөтү менен МКВларды, ошондой эле эки, 3 (үч) жана 5 (беш) жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен МКОлорду чыгарып, аларды аукцион аркылуу жайгаштырып келет. Векселдердин жана облигациялардын номиналдык наркы 100 сом. Векселдерден дисконттун эсебинен каражат табууга болот: алар номиналынан жеңилдиктер менен сатылып, толук наркы боюнча төлөнөт. Облигациялар боюнча пайыздарды төлөө түрүндө киреше алууга болот.
МКВ боюнча кирешелүүлүк бир аз эле өлчөмдө, андан олуттуу киреше алууга мүмкүн эмес. Бирок тобокелдик дээрлик жокко эсе. МКВдан айырмаланып МКО боюнча кирешелүүлүк эрежедегидей эле, катталган түрүндө, болжол менен жылдык 10-12% чегинде алынат.
МКВны жана МКОну жайгаштыруу, Өкмөттүн финансылык агенти катары иш алып барып, векселдерди жана облигациларды тейлөгө алган, бирок ушул баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди өзүнө албаган Улуттук банктын соода аянты аркылуу аукциондук негизде жүзөгө ашырылат.
Аукционго түздөн-түз катышуучу болуп саналган банктар жеке адамдардан – резиденттерден аукционго катышуу боюнча билдирмелерди акысыз негизде кабыл алууга, аларды депозитардык эсепке алып, ошол баалуу кагаздар боюнча операцияларды тейлөөгө милдеттүү.
Улуттук банктын ноталары – бул, Улуттук банк тарабынан кагазсыз формада чыгарылган жана жүгүртүүдөгү акча массасын тескөөгө алуу үчүн каралган, акча-кредит саясатынын инструменти катары колдонулган кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар. Бир нотанын номиналдык наркы – 10 000 сом. Ноталар 7 күндөн 364 күнгө чейинки жүгүртүү мөөнөтү менен чыгарылат жана дисконту менен жайгаштырылып, номиналдык наркы боюнча төлөнөт. Ноталар жума сайын өткөрүлүп турган аукциондордо жайгаштырылат. Аукциондорго түздөн-түз катышуучулар - коммерциялык банктар жана иснтитутционалдык инвесторлор катышуу укугуна ээ. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук банктын ноталары боюнча жоопкерчиликтүү эмес.
1.2. Инвестициялоо үчүн тобокелдиктерди басаңдатуу
Инвестициялоонун бардык түрү тобокелдикке дуушарланышы мүмкүн. Эгерде кыска мөөнөттүү инвестициялар боюнча тобокелдиктерди айкын болжолдоого боло турган болсо, узак мөөнөткө созулган инвестициялык процесс – бул, кандайдыр бир алгылыксыз, кесепеттүү тышкы же ички жагдайлардын келип чыгуу ыктымлдыгын аныктоо түйшүгү менен коштолгон татаал процесс.
Мисалы:Топтогон каражат мыкты экономикалык көрчсөткүчтөргө ээ болгон, өз акционерлерине жогорку дивиденддерди дайыма төлөп турган компаниянын акциясына инвестицияланды дейли, ошол компания өндүргөн продукция ички сыяктуу эле, тышкы рынокто жогорку суроо талапка жана алгылыктуу баага ээ. Акцияларды сатып алагандан кийинки бир нече жыл ичинде ошол эле компаниянын акцияларын кошумча сатып алып, үлүшүңүз алда канча өскөн. Демек, дивиденддер суммасы да өсүшкө ээ болгон. Бирок 5 жыл ийгиликтүү иштегенден кийин ар кандай экономикалык жагдайдан улам, компаниянын иши кескин начарлап, ал банкрот деп жарыяланып, ишин токтоткон. Сатылып алынган акциялардын наркы да кескин түшүп, аларды эч ким сатып ала албай калган. Ошондон улам, белгилүү бир мезгил аралыгында инвестициялаган акча каражатынан айрылып калууну шарттаган жагдайга туш болуу ыктымалдыгы.
Жогоруда көрсөтүлгөн кесепеттүү жагдайларга жол бербей, ага бөгөт коюу үчүн диверсификациялоо шарты колдонулат. Бул топтогон акчаны ар кайсы финансылык активдерге бөлүштүрүү дегенди түшүндүрөт. Демек, топтогон акчаны бир эле учурда баалуу кагаздарга, кыймылсыз мүлккө, валюта сатып алууга жайгаштыруу. Финансылык инструменттин ичинде да алар салым салынган жер боюнча бөлүштүрүүгө болот. Ар кайсы банкта аманат ачуу менен акциялар портфелин топтого болот, ишенимдүүлүгү жана кирешелүүлүгү ар башка деңгээлде катталган бир нече компания ага кириши мүмкүн.
Алыгылыкуу дивесификацияланган портфель салынган каражатты мүмкүн болуучу жоготуулардын коргоонун эң эле алгылыктуу ыкмасы. Болжолдонуп жаткан салым эң эле ишенимдүү жана жакшы пайда алып келиши ыктымал болсо да, ага акчаны инвестициялоодо этият болуу талап кылынат.
1.3. Инвестициялоо түрүн тандоо
Инвестициялоонун башкы максаты – киреше алуу, ошондуктан канча каражат таап, андан кандай киреше алууну аныктап алуу маанилүү.
- Эки түрдө киреше алууга болот: •
- • Пайыздык киреше – бул, депозиттер боюнча пайыздар, облигациялар боюнча купондор, акциялар боюнча дивиденддер, ал эми кыймылсыз мүлк боюнча ижара төлөмү;
- • Сатылып алынган активдердин наркынын өсүшү - активдин сатуу баасы аны сатып алуу баасынан жогору болгон шартта келип чыгат – бул, акциялар, облигациялар, кыймылсыз мүлк, алтын, күмүш, мунай жана башка товардык активдер.
Кирешелүүлүк – бул, салынган каражаттын натыйжалуу жайгаштырылгандыгына баа берүүнүн жана аларды инвестициялоонун башка түрлөрүнө салыштыруунун эң башкы көрсөткүчтөрдүн бири. Демек, инвесициялоодон киреше алуу дегенден улам, эмнени түшүнүү зарылдыгын төмөндө чечмелейбиз.
Инвестиция кирешелүүлүгү – бул, белгилүү бир мезгил аралыгында инвестицияланган сумманын көбөйүү (же азаюу) деңгээли. Номиналдык өлчөмдө туюндурулган, башкача айтканда сом, доллар же евродо алынган кирешеден айырмаланып, кирещелүүлүк пайыздарда чагылдырылат.
- Кирешелүүлүгүнө жараша инвестициялар төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- Жогорку кирешелүү инвестициялар, алар инвестициялык рыноктогу кирешелүүлүктүн орточо көрсөткүчүнөн олуттуу ашкан жогорку кирешелүүлүк деңгээли менен айырмаланат;
- Орточо кирешелүү инвестициялар, алар боюнча инвестициялык таза пайда инвестициялык рынокто орточо кирешелүүлүккө болжол менен барабар;
- Аз кирешелүү инвестициялар, алар боюнча киреше рыноктогу пайданын орточо нормасына караганда аз;
- Кирешеси аз инвестициялар пайда алуу максатында ишке ашырылбайт жана салымдын бул түрү боюнча пайда алуу да мүмкүн эмес. Инвестициялоонун мындай түрү айрыкча социалдык, экологиялык же кандай болбосун тышкы экономикалык натыйжаны көздөйт.
- Инвестициялоо мөөнөттөрү боюнча төмөнкүлөргө бөлүштүрүлөт:
- • Кыска мөөнөттүк инвестициялар – каражаттар бир жалдын ашпаган мөөнөткө инвестицияланат;
- • Орто мөөнөттүк инвестициялар – бир жылдан беш жылга чейинки аралыкка инвестициялоо;
- • Узак мөөнөттүү инвестициялар –каражаттарды беш жылдан ашкан мөөнөткө инвестициялоо.
- Инвестициянын ликвиддүүлүгү деңгээли боюнча алар төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:
- • Жогорку ликвиддүү инвестициялар. Мындай инвестицияларга кыска мөөнөт ичинде рыноктук наркын олуттуу жоготуусуз эле, акчага конвертирленген инвестициялоо инстуремнттери кирет.
- • Орточо ликвиддүү инвестициялар. Буга 1 (бир) айдан 6 (алты) айга чейинки аралыкта алардын рыноктук наркынан олуттуу жоготууларсыз эле, акчага конвертирлөөгө мүмкүн болгон объекттерге инвестициялоолор кирет.
- • Ликвиддүүлүгү начар инвестициялар. Буларга эң аз дегенде жарым жыл ичинде акчалай эквивалентке конвертилөөгө мүмкүн болгон инвестициялоо инструменттери кирет. Эрежедегидей эле мындай инвестициялоо анчалык белгилүү болбогон компаниялардын акцияларына, бүкөрүлө элек инвестициялык долбоорлорго же эскилиги жеткен технологилар боюнча ишке ашырылган долбоорлорго инвестициялоо кирет.
- • Ликвиддүү эмес инвестициялар. Инвестициялар өз алдынча ишке ашырылбайт жана бүтүндөй мүлктүк комплекстин курмында гана акчалай эквивалентке конвертирлениши мүмкүн.
- Инвестициянын инвестициялык тобокелдиги деңгээлине жараша, инвестиция:
- • Тобокелдиктер камтылбаган инвестициялар. Инвестициялоонун бул вариантында капиталды же кирешени жоготуунун айкын тобокелдиги келип чыкпайт, ал эми инвестор инвестициялоодон пайда алуунун жүз пайыздык гарантиясына ээ болот.
- • Аз тобокелдиктүү инвестициялар, инвестициялык рыноктогу тобокелдиктин орточо деңгээлине салыштырганда, анда төмөнүрөөк тобокелдиктер камтылат.
- • Орточо тобокелдиктүү инвестициялар – тобокелдик деңгээли инвестициялык рыноктогу тобокелдиктин орточо деңгээлине жакыныраак өлчөмдө.
- • Жогорку тобокелдиктүү инвестициялар – бул, орточо мааниден алда канча жогору тобокелдик деңгээли менен айырмаланат, инвестициянын бул түрүнө алып сатарлык – мүмкүн болушунча көбүрөөк киреше алуу максатында эң эле тобокелдиктүү долбоорду инвестициялоолор кирет.
1.4. Инвестициялык фондулар
Инвестициялык фондулар өз баалуу кагаздарын чыгарып, аларды ачык жарыялоо аркылуу акча каражаттарын тартуу жана тартылган каражаттарды инвестициялык активдерге диверсификацияланган негизде инвестициялоо үчүн жамааттык инвестициялоо формасында, мыйзамдарда каралган негизде түзүлгөн фондулар.
Кыргыз Республикасында акционердик инвестициялык фондулар жана пайлык инвестициялык фондулар - инвестициялык фонд катары иш алып барат.
- Төмөнкүлөрдү ишке ашырган ачык акционердик коом акционердик инвестициялык фонд катары таанылат:
- • Акцияларды ачык сатуу аркылуу жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акча каражаттарын тартууну;
- • Тартылган каражаттарды жана инвестициялоо процессинде алынган каражаттарды инвестициялык активдерге инвестициялоону жүзөгө ашырган.
Юридикалык жакты түзүүсүз эле инвестициялык пайларды, ошондой эле ишеним боюнча тескөөгө алуу процессинде башкаруучу компания тарабынан алынган мүлктөрдү ачык сунуштоо аркылуу, ишеним боюнча тескөөдө башкаруучу компания тарабынан алынган, кардарлардын инвестициялык активдеринен турган обочо жайгашкан мүлктөрдүн комплекси пайлык инвестициялык фонд болуп саналат.
Пайлык инвестициялык фондулар жалпы инвестициялык капиталды топтоп, аларды тескөөгө алат, жалпы инвестициялык капиталды ар кандай инвестициялык активдерге жайгаштыруу жагында алда канча оптималдуу чечимдерди кабыл алат. Аманатчылардын салымдарынын жогорку киреше алып келишин камсыз кылуу жана келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди жана жоготууларды азайтуу, анын негизги максаттарынын бири. Аманатчылар өз үлүшүнө ылайык, мындан ары «инвестициялык пай» деп аталуучу баалуу кагаздарды алат. Тобокелдиктерди диверсификациялоо, убакытты үнөмдөө жана салынган каражаттарды кесипкөйлүк менен натыйжалуу тескөөгө алуу шарты - инвестициялоонун ушул ыкмасынын башкы атаандаштык артыкчылыгынан болуп саналат.
Кыргызстандын инвестициялык рыногу Казахстандын же болбосо Россиянын рынокторуна салыштырганда баштапкы, калыптануу баскычында турууда. Ушундан улам, пайлык инвестициялык фондулардын ата-мекендик рыноктогу үлүшү бир аз гана. Пайлык фонддун кирешеси башкаруучу компаниянын инвестициялык стратегиясына, фондулук рыноктордун өнүгүү ыргагына, ошондой эле рыноктогу инструменттер түрүнө жараша болот.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын финансы рыногунда инвестициялык продукттардын түрү чектелүү экендигине карабастан, республикада укуктук база жагынан алганда сыяктуу эле, бүтүндөй рынок потенциалы көз карашынан, финансы рыногунда сунуш линейкасынын катарын арттыруу үчүн алда канча алгылыктуу шарттар түзүлүүдө.
- Пайдалуу кеңештер:
- • Ар тараптан ойлонуштурулуп, туура инвестициялоо сөзсүз түрдө кошумча киреше алып келет.
- • Инвестициялык продукту кантип баалоого боло тургандыгы билүү маанилүү.
- • Каражат салууда инвестициялоо түрүн диверсификациялоо зарыл.
-
Финансы чөйрөсү боюнча жалпы маалымат
Финансы чөйрөсү боюнча жалпы маалымат
Өлкөнүн финансы системасы – бул, мыйзамда белигеленген негиздер боюнча тиешелүү институттар аркылуу акча каражаттарын топтоп, аларды пайдаланган экономикалык субъекттер ортосунда түптөлгөн мамиле.
- Кыргыз Республикасынын финансы системасы төмөнкүлөрдөн турат:
- • Мамлекеттик финансы
- • Камсыздандыруу
- • Чарбалык субъекттердин финансысы
Финансылык мамлелер системасында мамлекеттик финансы орчундуу орунду ээлейт. Ал өлкөдөгү финансылык ресурстардын олутуу бөлүгүн топтоо менен аларды кайра бөлүштүрөт. Финансылык мамилелердин башка чөйрөлөрүнө өзгөчө таасир этип, ал эми айрым тармактар– өндүрүштүк эмес чөйрө үчүн жашоо шартты камсыз кылган негизги булак болуп саналат.
- Мамлкеттик финансынын курамына төмөнкүлөр кирет:
- • Бюджет системасы
- • Бюджеттен тышкаркы фондулар
- • Бюджеттен тышкаркы фондулар
Бюджет системасы – мамлекеттик финансынын эң эле ири звеносу болуп саналат, анда салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгү топтолуп, ал аркылуу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарын (мамлекеттик бийлик органдарын күтүүгө, коргонууга, экономикалык жана социалдык максаттарды каржылоого кеткен чыгашалар) каржылоо жүзөгө ашырылат.
Учурдагы мамлекеттик түзүлүшкө ылайык Кыргыз Республикасынын бюджет системасы эки деңгээлге: республикалык бюджет жана жергиликтүү бюджеттерге бөлүнгөн.
Учурда Кыргыз Республикасынын бюджеттен тышкаркы фондуларынын негизги иши – социалдык милдеттерди чечүүдөн (эмгектенүүгө жөндөмсүз жарандарды колдоого алуу, жумушсуздарга жардам көрсөтүү) көрүнүүдө. Бюджеттен тышкаркы фондулардын бюджеттик фондуларга салыштырганда чектелүү чөйрөнү гана каржылоого алышы - алардын айырмалоочу өзгөчөлүгү болуп саналат.
Мамлекеттик кредит – бул, бюджет системасы үчүн кошумча финансылык ресурстарды колдонууга жана мобилизациялоого байланыштуу келип чыккан финансылык мамилелер.
Камсыздандыруу - өзүндө камсыздандырууга катышкандардын алыгылыксыз/ кесепеттүү жагдайлар келип жеткен шартта, чыгым ордун толуктап берүү максатында камсыздандыруучу тарабынан төлөнгөн төлөм эсебинен фондуларды түзүү механизмин камтыйт. Камсыздандыруу бир катар мамилелерди бириктирет, ошондон улам, алар төмөнкүдөй звенолорго бөлүнөт: социалдык камсыздандыруу, медициналык камсыздандыруу, жеке өзүн камсыздандыруу, мүлктү камсыздандыруу, ишкердик тобокелдиктерден камсыздандыруу жана жоопкерчиликти камсыздандыруу.
Финансылык мамилелер системасынын негизин ишканалардын жана уюмдардын финансысы түзөт, анткени бул чөйрө табияты боюнча өндүрүштүк мамилелерге жакын. Дал ошол чөйрөдө баштапкы финансылык ресурстар тотолуп, алар финансы системасынын ар кандай каналдары боюнча андан ары бөлүштүрүлөт. Бул чөйрөлөр өндүрүшкө таасир этүүчү олуттуу потенциалга ээ.
Чарбалык субъекттер финансысынын курамына коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, мекемелер, финансылык институттар (ортомчулар) кирет.
Финансылык институттар экономикалык субъекттер ортосунда финансылык жана коммерциялык операцияларды ишке ашырууда ортомчулукту жүзөгө ашырып, акчанын, кредиттөөнүн, инвестициялоонун, акча каражатын карызга алуунун натыйжалуу ишкке ашырылышы үчүн шарттарды түзөт. Финансылык институттар финансы-кредит уюмдарына жана банктык эмес кредттик мекемелерге бөлүнөт.
Финансы-кредит уюмдары (ФКУ) – бул, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банктык операцияларды (алардын айрым түрлөрүн) жүзөгө ашыруу укугуна берилген атайы уруксаттын негизинде иш алып барган, пайда алууну негизги иш максаты катары белгиленген юридикалык жак.
- Кыргыз Республикасында ФКУлардын төмөнкүдөй түрлөрү иш алып барат:
- • Коммерциялык банктар;
- • Микрофинансылык уюмдар;
- • Кредиттик союздар.
1.1. Коммерциялык банктар
Кыргыз Республикасынын банк системасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан жана коммерциялык банктардан турат. Банктардын иши «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам аркылуу жөнгө салынат.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ыйгарым укугуна жана милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- • Кыргыз Республикасынын акча кредит саясатын аныктоо жана жүргүзүү;
- • Банктык операциялардын бардык түрүн жүзөгө ашыруу укугуна лицензияларды берүү;
- • Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык чет өлкө валютасы менен операцияларды, чет өлкө валютасын сатып алуу – сатуу жана алмашуу операцияларын жөнгө салган ченемдерди белгилөөнү кошо алганда, валюталык жөнгө салууну жүзөгө ашыруу;
- • Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ,башка ыйгарым укуктарды жана милдеттерди аткаруу.
Банк – бул, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан депозиттерди, башка акча каражаттарын тартуу жана аларды өз атынан убагында кайтарып берүү, төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө шарттарында жайгаштыруу, ошондой эле кардарлардын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга банктык эсептерди ачып, аны жүргүзүү үчүн түзүлгөн ФКУ.
Банк кеминде 600 млн.сом өлчөмүндөгү уставдык акапиталы менен акционердик коом (жабык же ачык) формасында гана түзүлөт жана иш алып барат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан тиешелүү лицензия алган шартта банктар төмөнкүдөй банктык операцияларды жүзөгө ашыра алат: депозиттерди тартуу, өздүк же тартылган каражаттарды жайгаштыруу, жарндардын жана юридикалык жактардын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, корреспонденттик мамилелерди өз алдынча жөнгө салуу, кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшырмасы боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырып, аларды кассалык тейлөө, кредиттик жана төлөм карттарын, карыздык милдеттенмелерди сатып алууну жана сатууну (факторинг) кошо алганда, төлөм документтерин (чектерди, аккредитивдерди, векселдерди жана башка документтерди) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо.
1.2. Микрофинансылык уюмдар
- Микрофинансылык уюмдардын иши Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамы аркылуу жөнгө салынат жана ага ылайык:
- • жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызматтарды сунуштоо максатында, юридикалык жак катары түзүлгөн адистеширилген финансы-кредиттик же кредиттик мекеме микрофинансылык уюм болуп саналат.
- • Микрокредиттер – бул, микрокаржылоо уюму тарабынан жеке адамдарга же алар түзгөн жамааттарга, юридикалык жактарга микрокаржылоо уюмунун уставына ылайык сунушталуучу акча каражаты.
- Республика аймагында микрокаржылоо уюмдарынын төмөнкүдөй түрлөрү иш алып барууда:
- • Микрофинансылык компания – акционердик коом формасында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан тиешелүү лицензияны алып, юридикалык жактарды жана жеке адамдарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашырган, операциялардын башка түрлөрүн жүргүзгөн, анын ичинде жеке адамдардан жана юридикалык жаткардан мөөнөттүү аманаттарды тартуу менен иш алып барган адистештирилген финансы-кредиттик уюм;
- • Микрокредиттик компания – кандай болбосун уюштуруу-укуктук формадагы коммерциялык уюм катары түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан тиешелүү күбөлүктү алган жана ага ылайык жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашырып, операциялардын башка түрүн жүргүзгөн адистештирилген финансы-кредит уюму;
- • Микрокредиттик агенттик – коммерциялык уюм формасында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан күбөлүк алган жана жеке адамдарга жана юридикалык жаткарга уюмдун уставында белгиленген максаттарга ылайык кредиттерди берүүнү жүзөгө ашырган адистештирилген финансы-кредит уюму.
1.3. Кредиттик союздар
Кредиттик союздардын иши Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамы аркылуу жөнгө салынат. Мыйзамга ылайык кредиттик союз – өз катышуучуларынын өздүк жыйымын бириктирүү аркылуу катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам көрсөтүү жана топтолгон каражатты өз ара кредиттөө, ошондой эле башка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызматтарды сунуштоо максатында пайдаланган финансы-кредиттик уюм;
1.4. Банктык эмес кредиттик мекемелер
Камсыздандыруу компаниялары, инвестициялык фондулар, фондулук биржалар, ломбарддар, пенсиялык фондулар, кредиттик союздар жана адистештирилген кредиттик уюмдар - банктык эмес кредиттик мекемелер болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын «Инвестициялык фондулар жөнүндө» мыйзамында каралган, өз баалуу кагаздарын чыгаруу жана аларды ачык жайгаштыруу менен тартылган каражаттарды инвестициялык активдерге диверсификацияланган негизде инвестициялоо аркылуу, жамааттык инвестициялоо формасында түзүлгөн фондулар - инвестициялык фондулар деп аталат.
Камсыздандыруу компаниялар – бул, камсыздандыруучунун, башкача айтканда, камсыздандыруу учуру келип жеткен шартта, чыгым ордун камсыздандырылган адамга толуктап берүү милдеттенмесин өзүнө алган, камсыздандыруу кызматтарын сунуштаган уюм.
Менчик пенсиялык фондулар – бул, иштеп жаткандардын утурумдук төлөмдөрүнөн, фирмалардын чегерүүлөрүнөн ресурстарды топтогон өз алдынча компания.
Республиканын баалуу кагаздар рыногунда иш жүргүзүп жаткан инвестициялык финансылык институттарды да өзүнчө бөлүп көрсөтүү зарыл.
Ломбард – жарандардын кыймылдуу мүлкүн күрөөгө алуу алдында аларга кыска мөөнөткө насыяларды сунуштаган адистештирилген уюм.
1.5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногунун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат (Мамфиннадзор)
Бул, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана ал Кыргызстандын финансы рыногунда мамлекеттин бирдиктүү саясатын жүргүзүп, баалуу кагаздар рыногунун, банк эмес финансы мекемелеринин (камсыздандыруу компанияларынын, мамлекеттик эмес пенсиялык фондулардын, лотерея жана утуш оюндарын өткөрүү мекемелерин) ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү, финансылык отчеттуулук жана аудитордук иш стандарттарынын так сакталышын камсыз кылып, ушул иш багыты боюнча эл аралык кызматташуу жагында иш алып барган таасирдүү мекеме.
1.6. Фондулук рынок
Бул, рыноктук институт, анын жардамы аркылуу жарандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын инвестициялоо ишке ашырылат. Фондулук рынокто акциялар жана облигациялар негизгиси болуп саналган баалуу кагаздар менен соода жүргүзүлөт. Акция – бул, компаниянын капиталындагы үлүш, б.а. акция сатып алуу аркылуу компаниянын бир бөлүгүн жана андан улам келип чыккан укуктарга – мисалы компанияны башкаруу укугуна ээ болууга мүмкүндүк берген шарт. Облигация – бул, өз учурунда кайтарып берүү, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана кайтарымдуулук принцибине негизденген депозиттер жана кредиттер сыяктуу карыздык акциялардан жана облигациялардан тышкары, рынокто пайлык инвестициялык фондулар, ишеним боюнча тескөөгө алуу кызмат көрсөтүүлөр жана көптөгөн башка финансылык инструменттер колдонулат.
Фондулук биржалар – баалуу кагаздарды, акцияларды, облигацияларды жана башкаларды сатып алуу – сатуу боюнча уюштурулган жана дайыма иштеп турган рынок. Учурда бирдиктүү фондулук биржа – «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК жана бирдиктүү депозитарий – «Борбордук депозитарий» ЖАК иштеп жатат
1.7. Инфляция
Инфляция – бул, өлкөдө баанын жалпы деңгээлинин жогорулоосу процесси. Инфляция орун алып жаткан мезгил ичинде көпчүлүк товарлар кымбаттап, акчанын сатып алуу куну түшүп – нарксызданышы келип чыгат.
Акчаны сатып алуу жөндөмдүүлүгү – бул, ошол учурда белгилүү өлчөмдөгү акчага сатып алууга мүмкүн болгон товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр көлөмү.
Мисалы:Колуңузда 1000 сом бар дейли. Инфляция 5% түзөт – бул, жыл ичинде баа орточо алганда 5% өсөт дегенди түшүндүрөт. Ошентип, колдогу акчага болжол менен 950 сомго товар сатып алууга болот. Так эсептөө үчүн К=1/1,05=0,953 коэффициентин колдонуу зарыл. Демек, колдогу акча сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жоготкондуктан, эми ага төмөнкү шартта 1 000 х 0,9523 = 952,3 сомго товар сатып алууга тутура келет.
Улуттук статистика комитети инфляцияга баа берүү үчүн «керектөө куржуну» түшүнүгүн колдонот. Ага товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо баадагы топтому кирет. Андан соң, белгилүү бир мезгил аралыгында жогоруда аталган куржунда камтылган товарларга баа кандайча өзгөргөндүгүнө байкоо жүргүзүлөт. Инфляцияны эске алуусуз, болжолдуу баада эсептелинген статистикалык байкоолор жана эсептөөлөр номиналдык деп аталат, ал эми инфляция деңгээлине корректировкалангандар айкын көрсөткүч деп аталат. Эгерде өлкөдөгү номиналдык кирешелер 5% өссө, ал эми инфляция 4% чегинде катталса, бул айкын кирешелердин болгону 1% өскөндүгүн билдирет. Эгерде инфляция номиналдык кирешедей эле өсүшкө ээ болуп, 3% түзсө, анда айкын киреше 1% түшкөн катары эсептелинет.
- Инфляцияны шарттаган бир нече себептер бар:
- • суроо-талап бүтүндөй алганда товарларды көбүрөөк суммардык сунуштоого таасир этип, ал баа деңгээлинин өсүшүнө сөзсүз алып келген инфляция.
- • сатылып жаткан товарлардын санына жана алардын баасына, ошондой эле акча жүгүртүү тездигине көз каранды болгон акча массасынын ашкере көп көлөмү, акчанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн түшүп кетишине алып келип, инфляциянын өсүшүн шарттаган жагдай.
- • сарптоо инфляциясы, мында материалдардын баасынын жана керектөө товарларын өндүрүүгө жумшалган энергияга баанын көбөйүшүнөн улам, баа жогорулап кеткен жагдай.
1.8. Инфляциянын депозиттик аманаттарга тийгизген таасири
Инфляция 4% чегинде чектелип турган шартта банктагы депозиттик эсепке жылдык 6% алдында акча салууну пландаштырган болсоңуз, мында депозиттик аманат боюнча айкын киреше болгону 2% түзөт. Эгерде инфляция 6% түзсө, анда айкын кирешеге дегеле жетишилбейт.
Мындай жагдайда, алынуучу пайда кирешенин артышынан гана эмес, жоготууну кыскартууга да байланыштуу экендигин түшүнүү зарыл. Эгерде инфляция 10% чегинде катталса, анда депозиттик аманат 4% терс айкын кирешеге ээ болот. Бирок, акча үйдө сакталган шартта, 4% эмес 10% жоготкон болоор элек.
Албетте, топтогон ачаны кирешелүүлүгү инфляция деңгээлинен же депозиттик аманаттын пайыздык ченинен алда канча жогору болгон бизнеске инвестициялоону эске албаганда, инфляция шартында акчаны депозитке салуу алда канча ишенимдүү жана пайдалуу экендигин унутпоо зарыл.
1.9. Акча
Акча адам баласы тарабынан эң оболу, товар алмашууну жеңилдетүү максатында ойлонуп табылган каражат. Кылымдар бою баалуу металлдар – алтын, күмүш, жез жана башкалар эң эле ыңгайлуу жана алгылыктуу товардык эквиваленттен болуп келген.
Баалуу металлдар үч милдетти аткарат: алмашуу каражаты, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук наркын өлчөө каражаты жана жыйым топтоо каражаты. Акырында келип кагаз акча – банкноттор пайда болгон.
• Алмашуу каржаты катары акчаны кандай болбосун товарга же кызмат көрсөтүүгө алмаштырууга болот. Алсак, адам баласы алгач анчалык зарыл болбогон N продукция бирдигин керектүү болгон башка продуктка алмашып келген, бирок мындай алмашуу ыкмасы ыңгайсыз болгондуктан, бардык нерсени ага алмаштырып алууга мүмкүн болгон бааланган эквивалент түрүндө бирдикке муктаждык келип чыккан. Натыйжада монеталар пайда болуп, ал алмашууну тездетип, соода жүргүзүүгө түрткү берүү аркылуу универсалдуу каражатка айланган. Ошондуктан, акча өзгөчө товар катары эсептелинип, кандай болбосун товарды жана кызмат көрсөтүүнү кайсыл болбосун жерде алмаштырып алууга өбөлгө түзгөн.
• Акчанын өлчөө каражаты катары ролу. Учурда колдонуп жаткан ачка бартердин (алмаштыруунун) ыңгайсыздыгынан улам келип чыккан. Ал товар жүгүртүүнү басаңдатып, салыштырмалуу баанын ашкере көп болушун талап кылган, бардык товарлардын баалуулугунун бир өлчөө бирдигинде камтылышына жана контролдоо, тескөөгө алуу муктаждыгы үчүн аларды эсептөөгө түрткү берген.
• Акчанын жыйым катары ролу. Акча баалуулуктарды эң эле ликвиддүү формада топтоого өбөлгө түзөт. Акча формасындагы баалуулукка ээ болуу жоготуулар менен коштолушу мүмкүн. Жоготуулар топтолгон жыйымды коммерциялык операцияга салуудан түшүүгө тийиш болгон, алынбай калган киреше түрүндө да катталышы ыктымал. Мындан тышкары акчалай жыйым ифляция таасиринен да жабыр тартышы мүмкүн.
1.10. Валюта – бул акча
Бир мамлекеттин акчасы – анын улуттук валютасы деп аталат. Ал эми башка мамлекеттин акчасы – чет өлкө валютасы.
Улуттук валютанын наркы адатта чет өлкө валютасында өлчөнөт. Бул нарк – бир валютанын экинчисине карата катышы – алмашуу же валюта курсу деп аталып келет. Ошол баанын айкын өлчөмү котировка деп аталат. Толук котировкада айкын бир банк ошол учурда валютаны алмаштырууну ишке ашырган сатып алуу жана сатуу баасын камтыйт. Мындан тышкары, толук котировкада алмаштырууга сунушталган эки валюта тең көрсөтүлөт. Сатып алуу баасы дайыма сатуу баасынан төмөн, андан келип чыккан айырма – алмашуу пунктунун кирешесин түзөт. Дал ошол валюталар котировкасын алмашуу пункттарынан жүгүртөсүнөн көрүүгө болот.
1.11. Валютанын жыйым катары ролу
Кандайдыр бир себептерден улам топтогон акча банктагы депозитте эмес, үйдө сакталган болсо жана ошол учурда өлкөдө инфляция жогорку чекте сакталып турса, сом түрүндөгү жыйымдын наркы түшөт. Мындай шартта наркы инфляцияга алда канча туруштук бере алган АКШ долларын же еврону сатып алуу маанилүү. Анткени, доллар жана евро – сомго караганда алда канча кымбатка турган валюталар. Ошондуктан, нак АКШ долларында же евродо сакталган караажат, накталай сом эквивалентинде сактаганга караганда саны боюнча да алда канча азды түзөт.
Бул жерде жыйым топтоо үчүн тандаган валюта курсу өсүп гана кетпестен, түшүүсү да мүмкүн экендигин жана андан көбүрөөк жоготууга учурап калуу ыктымалдыгын унутпоо зарыл.
1.12. Акчанын сатып алуу жөндөмдүүлүгү
Акчанын сатып алуу жөндөмдүүлүгү тиешелүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр топтомун сатып алууга жумшалган акчанын санына жараша аныкталат. Ар башка улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгү да ар түрдүү, ошондуктан ал өлкөдөгү акча санына жана өлкө ичинде сатылып жаткан товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр көлөмүнө көз каранды.
Инфляция байкалып, баалар өсүп жатса, анда өлкөдө сатып алуу жөндөмдүүлүгү кыскарып, керектөө куржуну кымбаттайт.
Баанын түшүүсү (дефляция) шартында улуттук валюталардын сатып алуу жөндөмдүүлүгү жогорулайт, анткени керектөө куржуну арзандайт.
Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр гана сатылып алынып сатылбастан, валюта да сатылып алынып – сатылгандыктан, ар кайсы валюта (ар башка убакытта) ар кандай конвертирленүү шартына жараша мүнөздөлөт.
Конвертирленүү – валютанын башка валютага же баалуулукка алмашуу жөндөмдүүлүгү.
Мисалы:Алмашуу пукнтунун таблосунан АКШ долларынын: сатып алуу курсу 69,7, ал эми сатуу курсу 69,9 дегенден улам, 1 доллар үчүн 69 сом 90 тыйын төлөнүүгө тийиш дегенди түшүнүү зарыл. Эгерде долларды сата турган болсоңор, алмашуу пункту аларды 1 доллар үчүн 69 сом 70 тыйындан сатып алат.
Алмашуу пункту – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясынын негизинде банктар, адистештирилген финансы -кредит уюмдары жана кредиттик союздар нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган, талаптагыдай жабдуулар менен жабдылган жай.
Алмашуу бюросу – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясынын негизинде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн, атайы жабдуулар менен жабдылган пункт.
Ар кайсы валютага каражат салуу ар кандай кирешелүүлүк менен мүнөздөлөт. Айкын бир валюталык операциялардан кирешелүүлүк - түшкөн акчанын сарпталган суммага карата пайыздык катышы менен өлчөнөт.11.13. Акчалай эсептешүү формалары
- Учурда акчалай эсептешүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү колдонулуп келүүдө:
- • Нак акча каражаты;
- • Нак эмес акча каражаты;
- • Электрондук акча.
Күндөлүк жашоо турмушта биз улуттук валюта – сом менен накталай эсептешип келебиз. Башка өлкөлөрдөй эле, бул ички финансы рыногунун чет өлкө валютасынан көз карандылыгын кыскартууга жана өлкө ичинде улуттук валютаны чыңдоо максатын көздөйт. Кыргыз Республикасында экспорттук-импорттук операцияларды эске албаганда, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну чет өлкө валютасында ишке ашырууга тыюу салынган. Мында, нак банкнотторду колдонбостон, эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү банктык эсеп аркылуу которуу менен ишке ашырууга болот. Бул, нак эмес операциялар деп аталат. Банктык эмептердеги акча каражаттарынын ишенимдүү сакталышы, ошондой эле кардарлардын талабы боюнча которуулардын так жана өз учурунда ишке ашырылышы үчүн коммерциялык банк жооп берет жана ал нак эмес эсептешүүлөр гаранты да болуп саналат.
Электрондук акча менен эсептешүү – бул, сатып алуучу менен сатуучу ортосундагы нак эмес эсептешүүлөр гана болбостон, банктар менен кардарлар, банктар ортосунда компьютердик түйүндүн, системанын жана маалыматтарга код белгилөө ыкмасын колдонуу жана аларды автоматташтылыган негизде иштеп чыгууга байланыштуу эсептешүүлөр.
- Төлөм терминалдары – бул, аралыкта орнотулган жабдуулар, алар программалык камсыздоонун жардамы менен өзүн-өзү тейлөө шартында жеке адамдардан төмөнкүлөр боюнча төлөмдөрдү кабыл алууну ишке ашырат:
- • мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүсү, коммуналдык кызматтар, интернет провайдерлер кызматтары үчүн төлөмдөрдү, банктык кредиттерди төлөө эсебинен төлөмдөрдү кабыл алуу;
- • төлөм системаларындагы өздүк эсептерди, банктык карт эсептерин толуктоо.
Электрондук капчыктар калайык-калкка башка төлөм инструменттеринен айырмаланып, кызмат көрсөтүүлөррдүн төмөнкүдөй кеңири түрмөгүн сунуштоого өбөлгө түзөт: билеттер үчүн төлөө, үйгө тамак-аш азыктарына буйрутма берүү, соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө жана башкалар.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы электрондук акча менен операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берет. Коммерциялык банктар өлкөдө колдонуп жаткан электрондук акча эмитентинен болуп саналат.
1.14. Акча которуулар
- Акча каражаттарын которуу түрлөрү:
- • географиялык жактан: ички – акчанын өлкө ичинде айланышы жана тышкы – акчанын чет өлкөгө которулушу;
- • эсеп ачуу менен жана эсеп ачуусуз эле, реквизиттер боюнча которуулар – почта аркылуу которуу;
- • багытталышына жараша: дарегине ылайык – айкын пунктка которуу, дарексиз – акчаны кайсыл болбосун тейлөө пунктунан чыгарып алууга мүмкүн болот.
- Пайдалуу кеңештер:
- • Кайсыл финансы мемесинен финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга боло тургандыгын кылдат талдап-иликтөө талап кылынат.
- • Банкта эсеп ачып, электрондук банкингден, электрондук капчыктан пайдалануу ыңгайлуу.
-
Милдеттүү төлөмдөр жана чегерүүлөр
1. Милдеттүү төлөмдөр жана чегерүүлөр
Милдеттүү чегерүүлүөр – бул, салыктар, жыйымдар жана өлкөнүн бюджет системасынын тиешелүү деңгээлинин бюджетине жана/ же мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фондуларга төлөнүүчү, аларды топтоо тартиби жана шарттары мыйзамдарда аныкталган башка милдеттүү төлөмдөр. Милдетүү чегерүүлөргө ошондой эле, салыктарды, жыйымдарды жанеа башка милдеттүү төлөмдөрдү, ошондой эле административдик жана кылмыш үчүн айыптык төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттерин аткарбай койгондугу же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн айыптык санкциялар, туумдар жана башка айыптык төлөмдөр кирет.
Милдеттүү чегерүүлөрдүн жана төлөмдөрдүн түрлөрү
Төлөмдөрдүн түрү Төлөмдөрдүн түшүндүрмөлөрү Өзгөчөлүктөрү Салыктар Салыктар Ар кайсы деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдары тарабынан юридикалык жактардан жана жеке адамдардан мамлекеттин жана /же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин финансылык жактан камсыздоо максатында мажбурлап өндүрүлүп (кармалып калган) алынган кайтарылпы берилгис милдеттүү төлөмдөр. Эч кандай шартсыз дайыма төлөнүп турууга тийиш болгон жана мажбурлап кармалып калуучу төлөмдөр. Максаттуу багытка ээ эмес, б.а. мамлекет аларды ар кандай максаттарга сарпташы мүмкүн. Мисалы, пайда салыгы, киреше салыгы, мүлктөн алынуучу салыктар жана башкалар. Эч кандай шартсыз дайыма төлөнүп турууга тийиш болгон жана мажбурлап кармалып калуучу төлөмдөр. Максаттуу багытка ээ эмес, б.а. мамлекет аларды ар кандай максаттарга сарпташы мүмкүн.
Мисалы, пайда салыгы, киреше салыгы, мүлктөн алынуучу салыктар жана башкалар.Алымдар жана жыйымдар Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарында каралган өлчөмдө ыйгарым укуктуу расмий органдары тарабынан белгилүү бир иш багыттарын аткарууда кармалып калуучу акчалай жыйым. Ал бир жолу жана өз ыктыяры менен төлөнүүгө тийиш. Айкын бир укукка же кызмат көрсөтүүдөн пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Мисалдар, соттук алымдар, бажы алымы, каттоо учурунда кармалып калуучу төлөмдөр.Социалдык чегерүүлөр Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга кирешелерден алынуучу чегерүүлөр. Дайыма төлөнүп турууга тийиш жана алар пенсиялык фонду, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусу жана эмгекчилердин саламаттыгын сактоо фондусу ортосунда бөлүштүрүлөт. Айыптык төлөмдөр (акчалай өндүрүп алуулар) Айыптык төлөмдөр (акчалай өндүрүп алуулар) Эрежедегидей эле мамлекеттин пайдасына чегерилүүчү, кандайдыр бир мыйзам бузуулар/ кылмыштар үчүн чегерилүүчү акчалай өндүрүп алынган айыптык төлөм. Жол берген кемчиликтерге жараша бир жолу мажбурлоо аркылуу өндүрүлөт. Жол берген кемчиликтерге жараша бир жолу мажбурлоо аркылуу өндүрүлөт. 1.1. 1.1. Салыктар
Салыктар – мамлекет тарабынан жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кармалып калуучу жана мамлекеттик чыгашаларды каржылоого багытталуучу (эң оболу саламаттыкты сактоого, билим берүү багытына, коргонууга, мамлекеттик аппаратты күтүүүгө) милдеттүү төлөмдөр.
Салыктарды уюмдар (юридикалык жактар) жана жеке ишкерлер, жеке адамдар төлөшөт. Мыйзам талабы боюнча ким киреше тапса, ал салык төлөөгө тийиш. Мындан тышкары турак жай, имараттардын, автоунаалардын ээлери жана жер тилкесине ээ болгондор да салык төлөшөт. Мыйзамда канча суммадагы салык жана кандай кирешелерден жана мүлктөн бюджетке төлөнүүгө тийиш экендиги да аныкталган.
Кыргыз Республикасында салыктык укуктук мамилелер Салык кодекси жана анын негизинде кабыл алынган ченемдик укуктук актылар аркылуу жөнгө салынат..
- Кыргыз Республикасында салыктардын эки түрү колдонулат:
- • Жалпы мамлекеттик;
- • Жергиликтүү.
1.2. Жалпы мамлекеттик салыктар
Киреше салыгы. Жеке адамдар киреше салыгын төлөөчүлөрдөн болуп саналат. Объект – киреше алып келген экономикалык ишкердик (ишкердиктен тышкары). Салыктын чен 10%. Чогуу алгандагы жылдык киреше менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган эсептеп кармап калуулар ортосундагы айырма катары эсептелинген киреше, киреше салыгы боюнча салыктык базадан болуп саналат.
- • Станддартык эсептеп кармап калуулар (ар бир адам үчүн салыктык мезгилдин ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтөрдүн 6,5 бир эсепти көрсөткүч өлчөмдө);
- • Социалдык кармап калуулар (салык төлөөчүнүн же анын багуусунда турган жашы 24кө жете элек жарандын билим алуусуна, бул билим алууга эсептеп кармап калууларсыз, салыктык база өлчөмүнүн 10% ашпаган чекте);
- • Мүлктүк эсептеп кармап калуулар (ипотекалык кредитти төлөө суммасынан бирок 230 миң сомдон ашпаган суммада).
Эсептөө мисалы: Кызматкердин январб айындагы эмгек акысы 15 000 сом. Мындан эгерде эч кандай кармап калуулар болбосо, киреше салыгы төмөнкүчө эсептелинет. Суммасы: 10%*15 000 = 1 500 сом. Башкача айтканда 1 500 сом киреше салыгы төлөнөт жана кызматкердин колунда 13 500 сом калат.
- Пайда салыгы. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төлөөчүдөн болуп эсептелинет. Базасы – жылдык киреше менен чыгаша ортосундагы алгылыктуу айырма:
- • Пайда салыгынын чени 10% өлчөмүндө белгиленет.
- • Алтын кенин чыккан жерде иштеген, алтын кенин, алтын кошулмаларын, алтын куймаларды жана эритмелерди, аффинашдалган алтынды сатуу менен алектенген жерде иштеген салык төлөөчүнүн пайда салыгынын чени 0%.
- • Лизингдик компаниялар үчүн пайда салыгынын чени 5% өлчөмүндө белгиленет.
Кошумча нарк салыгы – бул, кыйыр салык болуп эсептелинет жана салык алынуучу иш багытында иштеген жактардан кармалып калат. Иштерди (жумуштарды), кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып өткөрүүдөн, ошондой эле импорттон салык алынат. Салык чени – суммасы 8,0 млн сомдон ашкан нарктагы товарларды, иштерди жан кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо 12%.
- Акциздик салык – бу л да кыйыр салык болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик товарларды өндүргөн жана/ же Кыргыз Республикасынын аймагына акциздик товарларды импорттоп алган субъекттер, төлөөчүлөрдөн болуп саналат. Акциздик товарлардан болуп төмөнкүлөр саналат:
- • Этиль спирти;
- • Солод сырасы;
- • Алкоголь ичимдиктери;
- • Алкоголдук жана алкоголсуз суусундуктар аралашмасы;
- • Тамеки заттары жана тамеки кошулган башка заттар;
- • Мунай жана мунай заттары.
Сатуудан салык. Кыйыр салык болуп саналат жана өлкөдө товарларды сатып өткөрүү, иштерди/ жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо менен алектенген уюмдар жана ишкерлер анын төлөөчүсүнөн болуп эсептелинет.
Кошумча нарк салыгын (КНС) эске альбаганда товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдөн түшүкөн акча салыктык база болуп саналат.- Чендери:
- • КНС кармалып калуучу жана/ же андан бошотулган товарларды, иштерди, кзмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө накталай формада төлөнгөн суммадан (банктарды жана уюлдук байланыш чөйрөсүндө иш багытын эске албаганда) соода үчүн – 1%, башка ишкердик үчүн – 2%;
- • КНС кармалып калуучу жана/ же андан бошотулган товарларды, иштерди, кзмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө нак эмес формада төлөнгөн суммадан (банктарды жана уюлдук байланыш чөйрөсүндө иш багытын эске албаганда) - 0%;
- • Товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө накталай формада төлөнгөн суммадан, эгерде сатып өткөрүү иши КНСтен бошотулбаган же КНС алынбаган болсо 2% - соода жүргүзүү үчүн, 3% - соода жүргүзүүдөн тышкары башка иш багыты үчүн; банктар үчүн – 2%, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштер үчүн – 5%.
Бонус – кен чыккан жерге изилдөө/ иликтөө иштерин жүргүзүү, кен байлыктарын издөө, чалгындоо жана ал жерлерди табуу максатында кен байлыктарын пайдаланууга укук үчүн бир жолку төлөм. кен байлыктарын пайдаланууга укутуу уюмдар (жергиликтүү сыяктуу эле чет өлкөдөгү) ишкерлер салыктын бул түрүн төлөөчүлөрдөн болуп саналат.
Чендер аныкталган ресурстардын канчалык деңгээлде баалуулугуна, аймагына жана иликтөө иштерине жараша өкмөт тарабынан белгиленет. Ченди аныктоо үчүн атайы классификациялоо таблицалары колдонулат.
Роялти – кен байлыгын колдонгондугу үчүн мезгил-мезгили мнен төлөнүп туруучу (утурумдук) төлөмдөр. Чендер казылып алынган ресурстардын, алардын түрлөрүнүн жана канча көлөмдө казылып алынышы жана сатып өткөрүшүнөн түшкөн акчага жараша белгиленет.
1.3. Жергиликтүү салыктар
Мүлк салыгы – кыймылсыз мүлктүн же транспорт каражаттарынын менчик ээлери жана мыйзамдуу ээлери салыктын бул түрүн төлөөчүлөрдөн болуп саналат. Кармалып калуучу салык наркы кен алынуучу объекттин чарчы метринин жана жайгашкан жеринин наркына жараша аныкталат. Транспорт үчүн – анын кубаттуулугуна же баланстык наркына (чыгарылган жылына) жараша белгиленет. Чен кыймылсыз мүлктүн кандай багытта колдонулушуна жана анын кыймылдаткычынын көлөмүнө (транспорт каражаттары үчүн) жараша аныкталат.
- Салык алынуучу мүлккө төмөнкү объекттер кирет:
- • 1 топко: туруктуу же убактылуу жашап туруу үчүн каралган, ишкердикти жүзөгө ашырууда колдонулбаган турак үй, батирлер, дача үйлөрү кирет;
- • 2 топко: ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн каралган жана/ же анда пайдаланылган турак үй, батирлер, дачадагы үйлөр, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, административдик, өнөр жай объекттери, ошондой эле башка капиталдык курулмалар кирет;
- • 2 топко: ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн каралган жана/ же анда пайдаланылган турак үй, батирлер, дачадагы үйлөр, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, административдик, өнөр жай объекттери, ошондой эле башка капиталдык курулмалар кирет;
- • 4 топко: өзү жүрүүчү машиналарды жана механизмдерди кошо алганда транспорт каражаттары кирет.
- 1,2, жана 3-топко кирген топтордон салык суммасын эсептөө үчүн төмөнкү формула боюнча салык алуу наркы эсептелинет: НС = С х П х Кр х Кз х Ко, мында:
- НС – мүлк объектисинин салык алынуучу наркы, сом;
- С – мүлк объектисинин аянтынын бир чарчы метринин салык алынуучу наркы (сом/ чарчы метр), мүлк объектисинин дубалдары кандай материалда тургузулгандыгына жана колдонууга берилген жылына жараша аныкталат ;
- Кр – регионалдык коэффициент, анда Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жерине жараша объекттин салык алынуучу наркынын өзгөрүшү эске алынат;
- Кз – аймактык коэффициент. Анда калктуу пункта жайгашкан жерине жараша объекттин салык алынуучу наркынын өзгөрүшү эске алынат. Бул коэффициент Бишкек, Ош жана Жалал – Абад шаарларынан тышкары бүтүндөй өлкө үчүн 1 барабар;
- Ко – тармактык коэффициент, ал 2 жана3-топко кирген мүлк объекттерине карата колдонулат. Башка топко кирген объектилери үчүн Ко 1 барабар. Ломбарддар үчүн бул коэффициент 1,6, ал эми өндүрүштө колдонулган имараттар үчүн 0,2 барабар. и
- Салык чени төмөнкүчө белгиленет:
- • 1-топко кирген мүлк объекттери үчүн – салык алынуучу нарктан 0,35;
- • 2 жана 3-топко кирген мүлк объекттери үчүн – салык алынуучу нарктан 0,8%;
- • 4-топко кирген, ичтен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштегендер үчүн чен транспорт каражатынын түрүнө жана чыгарылган жылына жараша эсептелинет.
- Осмонбек Кемин районунда жашайт. Анын 1995-жылы курулган, 125 чарчы метр аянтты ээлеген, кирпичтен салынган турак үйү бар. Айылда 3000 адам жашайт.
- С (Салык кодексинен кирпичтен курулган жана 23 жылдан бери пайдаланылып келе жаткан үй үчүн каралган ченди карайбыз) = 13 000 сом;
- П (360 чарчы метрге чейинки турак үйлөрдөн салык алынбайит) = 1;
- Кр (Кемин району) = 0,3;
- Кз = 1;
- Ко 1-топ үчүн = 1;
- Салык алынуучу нарк:
- НС = 13 000 х 1 х 0,3 х 1 х 1 = 3 900 сомов;
- Салык чени = 0,35% (1-топ)
- Салык суммасы: 3 900 х 0,35 = жылына 13,65.
- С (өзгөрбөйт) = 13 000 сом;
- П (2-топ) = 125;
- Кр (Кемин району) = 0,3;
- Кз = 1;
- Ко (мейманкана) = 1,6;
- Салык алынуучу нарк:
- НС = 13 000 х 125 х 0,3 х 1 х 1,6 = 780 000 сом;
- Салык чени = 0,8% (2-топ);
- Салык суммасы: 780 000 х 0,8% = жылына 6 240 сом.
Осмонбектин 2006-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч көлөмү 2000 куб. см. түзгөн автоунаасы бар. Салыктык чен сом менен – 15 жылга чейин колдонулуп келинген жеңил автоунаа үчүн жумушчу көлөмүнү ар бир 1 куб.см. 0,6 сом.. Салык суммасы 0,6 х 2 000 = жылына 1 200 сомду түзөт.
Осмонбек өз айылынын чегинде 15 чарчы метр аянтты түзгөн, 2000-жылы жасап чыгарылган контейнерди орнотуп, соода ишин жүргүзүп келет.
- С (темир дубалдардан курулган, 30 жылга чейин колдонуучулар үчүн) = 10 000 сом;
- П (3-топ) = 15;
- Кр (Кемин району) = 0,3;
- Кз = 1;
- Ко (соода жүргүзүү) = 0,8;
- НС = 10 000 х 15 х 0,3 х 1 х 0,8 = 36 000 сом;
- Салык чени – 0,8%
- Салык суммасы – 36 000 сом х 0,8% = жылына 288 сом.
Жер салыгы. Жер тилкелеринин менчик ээелери жана жер иштетүүчүлөр салыктын бул түрүн төлөөчүлөрдөн болуп саналат. База – жер тилкесинин аянты. Салык чени жер тилкеси жайгашкан районго жана ал кандай багытта колдонулуп жатышына жараша белгиленет.
- Эсептөө формуласы: Н = С х П х Кз, мында:
- С – жер салыгынын чени, аны Салык кодексинин 338-беренесинен алабыз.
- П – жер тилкесинин аянты, чарчы метр менен;
- Кз – аймактык коэффициент, Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган тартипте белгиленет.
- Осмонбектин Кемин районунда 15 сотых жер тилкеси бар.
- С (Салык кодексинин 338-беренесине ылайык) = 0,1;
- П 1 500 чарчы метр;
- Кз (жергиликтүү кеңештин чечими) = 1;
- Н = 0,1 х 1 500 х 1 = 150 сом;
- Калктуу пункттардагы жерлер жана айыл чарба багытына каралбаган жерлер үчүн төмөнкүдөй формула колдонулат:
- Н = С х Пх Ки х Кз х Кк, мында:
- С – жер салыгынын чени;
- П – жер тилкесинин аянты, чарчы метр менен;
- Ки – жыл сайын Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан өткөн жылдардагы фактылар боюнча өтүп жаткан жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен бекитилген инфляция коэффициенти ( мисалы 2016-жылы 1,034);
- Кз жана Кк Салык кодексинин 339-беренесинде белгиленген коэффициенттер.
- Осмонбек Кемин районундагы 15 сотых жер тилкесине 30 чарчы метр келген дүкөн курган.
- С (Салык кодексинин 338-беренесине ылайык) = 0,1;
- П = 1 500 чарчы метр – 30 чарчы метр = 1 470 чарчы метр;
- Кз (жергиликтүү кеңештин чечими) = 1;
- Н = 0,1 х 1 470 х 1 = 147 сом;
- Дүкөн курулган жер тилкесинен салык:
- С (Салык кодексинин 338-беренесине ылайык) = 0,1;
- П = 30 чарчы метр;
- Кз = 1;
- Ки = 1,034;
- Кк (соода жайы 30 чарчы метр) = 10,5
- Н = 0,1 х 30 х 1 х 1,034 = 32,6 сом;
- Общий Н = 147 + 32,6 = 179,6 сом.
- Эгерде ошол дүкөн жайы Токмок шаарында (Кара-Балтада, Жалал-Абадда, Караколдо, Таласта, Чолпон-Атада) жайгашкан болсо, анда
- С = 1;
- Н (үй жанындагы жер тилкеси) = 1 х 1 470 х 1 = 1 470 сом;
- Н (дүкөн курулган жер) = 1 х 30 х 1 х 1,034 х 10,5 = 325,7 сом;
- Н (жалпы) = 1 470 + 325,7 = 1 795,7 сом.
- Өлкө калкынын көпчүлүгү айыл чарба багытындагы жердин менчик ээлеринен болуп саналат, демек жер кадастрына ылайык жер тилкелери төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
- • Кайрак жерлер;
- • Көп жылдык өсүмдүк өстүрүлгөн жерлер;
- • Чөп чабылуучу жерлер;
- • Жайыттар.
- • Айдоо жерлери;
- Жер салыгы төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
- Н = С х П х Ки, мында:
- С – Салык кодексинин 337 жана 338-беренелеринде белгиленген жер салыгы;
- П – жер тилкесинин аянты, га/ чарчы метр.;
- Ки –инфляция коэффициенти.
Осмонбектин 5 га суугат жери, 2 га кайрак жери, 0,5 га алма багы, 1,5 га чөп чаап алуучу жери жана 10 га жайыты бар. Салык суммасы: Н = 354 сом х 5 га х 1,034 + 80,5 сом х 2 га х 1,034 + 211 сом х 0,5 га х 1,034 + 29,7 сом х 1,5 га х 1,034 + 10,8 сом х 10 га х 1,034 = 2 263,47 сом.
- Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында бир катар атайы салыктык режимдер каралган, булар:
- • Милдеттүү жана өз ыктыяры менен алынган патенттер;
- • Бирдиктүү салык;
- • Салыктык контракт.
Жогоруда көрсөтүлгөн салыктык режимдер уюмдардан жана ишкерлерден мыйзамда белгиленген иш чөйрөлөрү үчүн салык алууну жөнөкөйлөтүү максатында киргизилген. Бул режимдер эрежедегидей эле, киреше салыгы, пайда салыгы жана сатуудан салыкты (ар кандай режимдер үчүн ар кайсы вариантта) төлөөнү алмаштырат. Мындай атайы режимдердин киргизилишинин максаты – аларды чогултуу жеңилдиги жана салык жыйноо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү аркылуу бүтүндөй салык алуу системасынын натыйжалуулугун арттыруу, демек бюджетти толуктоого алгылыктуу таасир этүү.
Өзгөчө салыктык режимдерде эркин экономикалык аймактар, ошондой эле жогорку технологиялар паркы үчүн бир катар салыктык преференцияларды караштырылган. Мына ушундай салыктык артыкчылыктар жогоруда аталган аймактардын арымдуу өнүгүшүнө өблгө түзүп, аларга агылып кирүүчү капитал агымын арттырат.
1.4. Социалдык чегерүүлөр
Кыргыз Республикасында иштеген ар бир жаран ай сайын келечектеги пенсиясы үчүн эмгек акысынын 10% мамлекетке чегерет, алардын 8% пенсиялык фондго, ал эми 2% Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондусуна багытталат.
Салыктарды төлөө жана салыктык отчтторду тапшыруу мөөнөттөрү
Жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин кеминде 15 жыл калган кызматкерлер үчүн (1964-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн эр адамдар жана 1969-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн аял заты үчүн) 10% өлчөмүндө кармалып калган жана төлөнгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бүтүндөй көлөмү Пенсиялык фондуга жөнөтүлөт.
Мындан тышкары, жумуш берүүчү кызматкери үчүн анын эмгек акысынан 17-20% сумманы төмөнкүлөргө которот:
• Пенсиялык фондго 15%;
• Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна 2%;
• Кызматкерлердин саламаттыгын сактоо фондусуна 0,25%.
Пенсиялык фондго чкгерилген каражаттардан бүгүнкү күндө пенсионерлерге пенсия төлөнүп жатат. Бүгүнкү күнү 8%тен каражат чегерип жаткан кызматкердин пенсиясы болочок кызматкерлердин эсебинен төлөнүп берилет.
Кызматкердин Мамлекеттик топтоо фондусундагы каражаттары анын өзүнө таандык. Мамлекеттик топтоо фондусу ал акчаны топтоп гана жөн болбостон, ал каражаттарды көбөйтүп алуу максатында ар кандай финансылык инструменттерге жайгаштырат. Учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна топтолгон пенсиялык каражаттарды күрөөлүк камсыздоо алында мамлекеттик баалуу кагаздарга, облигацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын облигацияларына, ипотекалык баалуу кагаздарга, коммерциялык банктарга депозит катары инвестициялоого уруксат берилген. Алынган киреше, ошондой эле төлөнгөн пенсиянын топтолгон бөлүгү жарандардын жеке камсыздандыруу эсептерине катталып, алардын пенсияга топтолуп жаткан каражаттарын толуктоо үчүн кызмат кылууда.
2016-жылдын январь айынан тартып, камсыздандырылган жарандар өзүнүн пенсиялык топтолгон каражттарын тескөөгө алуу же аларды андан ары ири киреше алып келген финансылык инструменттерге жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон мамлекеттик эмес пенсиялык фондуларга жайгаштыруу үчүн тескөөчү компанияларды тандоо укугуна ээ болду. Социалдык фонд тескөөчү компанияларды же пенсиялык фондуну тандоо чечимин кабыл албаган дарандардын топтолгон пенсиялык каражаттарын тескөө ишин улантууда.
Мамлкеттик пенсиялык фондудагы каражаттар мамлекеттин кепилдик астында, ал эми менчик пенсиялык фондуда сакатлаган каражаттар жеке компаниялардын агарантиясында сакталат.
Пенсиянын тополмо бөлүгүн топтоого милдеттүү түрдө катышуудан тышкары экономиканын уюштуруу секторунда иштеген кызматкерлер үчүн мыйзамдарда Мамлкеттик эмес пенсиялык фондуларга камсыздандыруу төлөмүн өз эрки боюнча каттатуу арылуу камсыздандыруу полисин сатып алуу менен өз пенчиясын топтолмо бөлүгүн топтоого жарандардын өз ыктыяры менен катышуусу шарты каралган.
Мисалы:
Ишканада 10 000 сом эмгек акы алган эки кызматкер иштейт:
• 1976-жылы төрөлгөн Н.Аманов;
• 1967- жылы төрөлгөн Б.Усенова.
Ушул кызматкерлердин эмгек акысынан камсыздандыруу төлөмдөрү төмөнкү тартипте чегерилет жана кармалып калат:
Н.Аманова үчүн:
• Кызматкердин эмгек акысы 10 000 сом х 10%, Пенсиялык фондуга 800 сомду, Мамлекеттик топтоо фондусуна 200 сомду бөлүштүрүү менен камсыздандыруу төлөмү 1 000 сом;
• Ишкананын эмгекке төлөө фондусунан 10 000 сом төлөнөт х 17,25% = 1 725 сом камсыздандыруу төлөмү, анын 1 500 сому (15%) Пенсиялык фондуга, 200 сому (2%) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна, 25 сом (0,25%) Кызматкерлердин саламаттыгын чыңдоо фондусуна багытталат.
Б.Усенова үчүн:
• Кызматкердин эмгек акысы 10 000 сом х 10% = 1 000 сом камсыздандыруу төлөмү, калган бүтүндөй сумма бөлүштүрүүсүз Пенсиялык фондуга багытталат.
• Ишкананын эмгекке төлөө фондусунан 10 000 сом төлөнөт х 17,25% = 1 725 сом камсыздандыруу төлөмү, анын 1 500 сому (15%) Пенсиялык фондуга, 200 сому (2%) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна, 25 сом (0,25%) Кызматкерлердин саламаттыгын чыңдоо фондусуна багытталат.
Салыктын аталышы
Салыктык отчеттун аталышы
Отчетту берүү мөөнөтү
Салыкты төлөө мөөнөтү
Киреше салыгы
Ишкердик менен алектенбеген жеке адамдардын бирдиктүү салык декларациясы (FORM STI – 100)
Жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренеси)
Жыл сайын, биордиктүү салык декларацясын сунуштоо күнүнө чейин (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 175-беренеси)
Салык алынуучу кирешеге ээ болбогон жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясы (жөнөкөйлөтүлгөн– FORM STI – 103)
Жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин, 2019-жылга чейин өз ыктыяры боюнча (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренеси жана Кыргыз Республикасынын «Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамынын 8-беренеси)
Киреше салыгы Ишкердик менен алектенбеген жеке адамдардын бирдиктүү салык декларациясы (FORM STI – 100) Салык алынуучу кирешеге ээ болбогон жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясы (жөнөкөйлөтүлгөн– FORM STI – 103) Салык агенти тарабынан кармалып калуучу киреше салыгы боюнча отчет (чакан, орто ишкердик суб ъекттерин , коммерциялык эмес уюмдарды эске албаганда) (FORM STI – 134)
Ай сайын, кирешелер төлөнгө айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренеси
Ай сайын, кирешелер төлөнгө айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 177-беренеси
Салык агенти тарабынан чакан, орто ишкердик субъекттеринен , коммерциялык эмес уюмдардан кармалып калуучу киреше салыгы боюнча отчет (FORM STI – 132)
Ай сайын, кирешелер төлөнгө айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренеси
Ай сайын, кирешелер төлөнгө айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 177-беренеси
Салык агенти тарабынан чакан, орто ишкердик субъекттерден , кармалып калуучу киреше салыгы боюнча отчет (FORM STI – 133)
Ай сайын, кирешелер төлөнгө айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренеси
Ай сайын, кирешелер төлөнгө айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 177-беренеси
Төлөнгөн кирешелер суммасы жана салык агенти тарабынан кармалып калган киреше салыгы боюнча маалыматтар (FORM STI – 017)
Ай сайын, кирешелер төлөнгө айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренеси
Төлөнгөн кирешелер суммасы жана салык агенти тарабынан Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талабына ылайык келишим түзүү аркылуу иштеп жаткан жеке адамдардан кармалып калган киреше салыгы суммасы боюнча маалыматтар (FORM STI – 058)
Жыл сайын, кийинки жылдын 20-февралынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренеси)
Пайда салыгы
Уюмдардын бирдиктүү салык декларациясы (FORM STI – 101)
Жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренеси)
Жыл сайын, бирдиктүү салык декларациясын сунуштоо күнүнө чейин (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 216-беренеси)
Ишкердик менен алектенген жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясы (FORM STI – 102)
Жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренеси)
Жыл сайын, бирдиктүү салык декларациясын сунуштоо күнүнө чейин (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 216-беренеси)
Пайда салыгынын алдын-ала суммасын эсептөө (FORM STI – 107)
Чейрек сайын, экинчи чейректен тартып: биринчи чейрек үчүн 20-майга чейин; биринчи жарым жылдыгы үчүн – 20-августка чейин; алгачкы 9 ай үчүн 20-ноябрга чейин (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 217-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы №503 токтому)
Чейрек сайын отчеттук мезгилден кийинки күндөн кечиктирбестен (май, август, ноябрь айларында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 217-беренеси)
Пайыздардын салык
Киреше булагынан (пайыздардын) кармалып калуучу салык суммасы боюнча отчет (FORM STI – 059)
Ай сайын, кирешелерди төлөө ишке ашырылган айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 215-беренеси)
Ай сайын, пайыздар төлөнгөн айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 221-беренеси)
Киреше салыгы
Тоо кендерин казып алуучу жана кен иштеткен ишканалардын кирешесинен алынуучу салыктар боюнча отчет (FORM STI – 108)
Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 221-1-беренеси)
Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 221-1-беренеси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентяббырндагы 570-токтому менен өзгөртүү киргизилген)
Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган кирешеден салыктар
Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган, туруктуу мекеме менен байланыштуу болбогон чет өлкө уюмунун кирешелеринен алынган салыктар боюнча отчет (FORM STI – 106)
Ай сайын, кирешелерди төлөө ишке ашырылган айдан кийикни айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 215-беренеси)
Ай сайын, Салык кодексинин 168-беренесинин шарттарынан улам киреше келип чыккан айдан кийинки айдын 20сынан кийикни күнгө чейин (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 222-беренеси)
КНС
КНС боюнча отчет (FORM STI – 062)
Ай сайын ири салык төлөөчүлөрдү эске албаганда, салыктык отчеттук мезгилдерден кийинки айдын 25нен кийинки күнүнөн кечиктирбестен. Ири салык төлөөчүлөр – ай сайын, отчеттук салкытк мезгилден кийинки айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 274-беренеси)
Ай сайын ири салык төлөөчүлөрдү эске албаганда, салыктык отчеттук мезгилдерден кийинки айдын 25нен кийинки күнүнөн кечиктирбестен. (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 274-беренеси)
Акциз
Акциздик салык боюнча отчет (FORM STI – 070)
Ай сайын ири салык төлөөчүлөрдү эске албаганда, салыктык отчеттук мезгилдерден кийинки айдын 20нын кийинки күнүнөн кечиктирбестен. (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 290-беренеси)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесинин 1 жана 2-бөлүгүнүн пунктчаларында көрсөтүлгөн товарларды эске албаганда, ай сайын салыктык отчеттук мезгилдерден кийинки айдын 20нын кийинки күнүнөн кечиктирбестен
ЕАЭС өлкөлөрүнөн товарларды импоттоп алуудагы КНС жана акциз
Кыйыр салыктар боюнча отчет (FORM STI – 123)
Ай сайын, салыктык отчеттук мезгилдерден кийинки айдын 20нан кийинки күнүнөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-19 жана 290 беренелери)
Ай сайын, салыктык отчеттук мезгилдерден кийинки айдын 20нан кийинки күнүнөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-19 жана 290 беренелери)
Кен байлыктарын пайдалануу үчүн салыктар
Чакан ишкердик субъекттеринин роялти боюнча отчеттору (FORM STI – 138)
Чейрек сайын, отчеттук чейректен кийнки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 313-беренеси)
Чейрек сайын, отчеттук чейректен кийнки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 313-беренеси)
Чакан ишкердик субъекттеринин роялти боюнча отчеттору (FORM STI – 139)
Чейрек сайын, отчеттук чейректен кийнки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 313-беренеси)
Чейрек сайын, отчеттук чейректен кийнки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 313-беренеси)
Субъекттин сатуудан салык боюнча отчету (чакан жана орто субъекттерин эске албаганда) (FORM STI – 131)
Ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 322-беренеси)
Ай сайын0, отчеттук айдан кийинки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 322-беренеси)
Чакан ишкердик субъекттеринин роялти боюнча отчеттору (FORM STI – 139)
Чейрек сайын, отчеттук чейректен кийнки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 313-беренеси)
Чейрек сайын, отчеттук чейректен кийнки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 313-беренеси)
Сатуудан салык
Субъекттин сатуудан салык боюнча отчету (чакан жана орто субъекттерин эске албаганда) (FORM STI – 131)
Ай сайын0, отчеттук айдан кийинки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 322-беренеси)
Ай сайын0, отчеттук айдан кийинки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 322-беренеси)
Чакан ишкердик субъекттеринин сатуудан салык боюнча отчету (FORM STI – 129)
Чейрек сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 322-беренеси)
Чейрек сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 322-беренеси)
Орто ишкердик субъекттеринин сатуудан салык боюнча отчету (FORM STI – 130)
Чейрек сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 322-беренеси)
Чейрек сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 322-беренеси)
Мүлк салыгы
1-топко кирген объекттер боюнча мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөр (FORM STI – 086)
Жыл сайын:
- өтүп жаткан жылдын 1-мартына чейин – уюмдар;
- өтүп жаткан жылдын 1-апрелине чейин – жеке адамдар (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренеси)
Жыл сайын өтүп жаткан жылдын 1-сентябрынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренеси)
2-топко кирген объекттер боюнча мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөр (FORM STI – 087)
Жыл сайын:
- өтүп жаткан жылдын 1-мартына чейин – уюмдар;
- өтүп жаткан жылдын 1-апрелине чейин – жеке адамдар (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренеси)
Чейрек сайын, өтүп жаткан жыл ичинде бирдей үлүштө ошол чейректин үчүнчү айынын 20нан кийинки күнүнөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренеси)
3-топко кирген объекттер боюнча мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөр (FORM STI – 088)
Жыл сайын:
- өтүп жаткан жылдын 1-мартына чейин – уюмдар;
- өтүп жаткан жылдын 1-апрелине чейин – жеке адамдар (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренеси)
Чейрек сайын, өтүп жаткан жыл ичинде бирдей үлүштө ошол чейректин үчүнчү айынын 20нан кийинки күнүнөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренеси)
Уюмдар үчүн 4-топко кирген объекттер боюнча мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөр (FORM STI – 089)
Жыл сайын, 1-мартка чейин -уюмдар (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренеси)
Жыл сайын өтүп жаткан жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы №771-токтомуна ылайык)
Жеке адамдар үчүн 4-топко кирген объекттер боюнча мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөр (FORM STI – 090)
Жыл сайын 1-апрелге чейин – жеке адамдар (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренеси)
Жыл сайын өтүп жаткан жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы №771-токтомуна ылайык)
Жер салыгы
Айыл чарба багытындагы жер боюнча салыкты эсептөөгө тиешелүү маалыматтык (FORM STI – 076)
Жыл сайын, өтүп жаткан жылдын 1-февралынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 342-беренеси)
Айыл чарба багытындагы жер боюнча:
1)Салыктын 20% - өтүп жаткан жылдын 25-апрелинен кийинки күндөн кечиктиррбестен;
2) Салыктын 25% - өтүп жаткан жылдын август айынын 25нен кийинки күндөн кечиктирбестен;
3) Салыктын 55% - өтүп жаткан жылдын 25-ноябрынан кийинки күндөн кечиктирбестен. (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 342-беренеси)
Айыл чарбасы багытынан тышкары жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөр (FORM STI – 077)
Жыл сайын, өтүп жаткан жылдын 1-февралынан кийинки күндөн кечиктирбестена (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 342-беренеси)
Айыл чарбасынан тышкары башка багыттагы жерлер боюнча:
чейрек сайын өтүп жаткан жыл ичинде бирдей үлүштө ошол чейректин алгачкы айынын 20нан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 342-беренеси)
Х
Х
Үй жанындагы жана бак отургузулган жер тилкелери боюнча:
өтүп жаткан жылдын 1-сентябрынан кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 342-беренеси)
Бирдиктүү салык
Чакан ишкердик субъектинин бирдиктүү салык боюнча отчету (FORM STI – 091)
Чейрек сайын, отчеттук чейректен кийинки айдын 15нен кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 365-беренеси)
Чейрек сайын, отчеттук чейректен кийинки айдын 15нен кийинки күндөн кечиктирбестен (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 365-беренеси)
Салыктын контрактынын негизиндеги салыктар
Катталган сумма түрүндө салыктарды төлөө боюнча контракт (FORM STI – 057)
Турак жай куруучуларынан катталган сумма түрүндөгү салыктардын төлөнүшү боюнча контракт (FORM STI – 126)
Салык органы ыйгарым укуктуу салык органына макулдашуунун негизинде чечим кабыл алынгандан кийинки 15 (он беш) жумуш күнү ичинде салык төлөөчү менен контракт түзөт (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 369-беренеси)
Ай сайын, ар бир айдын 15нен кийинки күнгө чейин контракт шарттарында аныкталган өлчөмдө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 371-беренеси)
- Камсыздандыруу
Камсыздандыруу
Камсыздандыруу Камсыздандыруу дегенден улам, кандайдыр бир опурталдуу жагдайлар же болбосо камсыздандыруу деп аталган учурлар келип чыккан/ келип жеткен шартта, төлөнгөн камсыздандыруу төлөмдөрүн эсебинен топтолгон каражаттардан жеке адам сыяктуу эле, юридикалык жактардын мүлктүк таламдарын коргоону түшүнүү зарыл.
Страховой случай – бул, ал боюнча камсыздандыруу сыйакысы төлөнүп берилүүгө тийиш болгон учур же жагдай. Буга иш процессинде жаракат алуу, пенсиялык куракка жетүү, кырсыкка дуушар болуу, ар кандай оор илдетке кабылуу жана башка кесепеттүү жагдайлар кирет.
Камсфздандыруу компаниясы менен келишимди тариздетүүдө төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:
• Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы (камсыздандыруу компаниясы тарабынан бир жолу же белгилүү бир мезгил аралыгында чегерилүүгө тийиш болгон акчанын саны);
• Камсыздандыруу учурланын түрлөрү (өндүрүштөгү кырсыкка учуроо, жаратылыш катаклизмдери ж.б.);
• Камсыздандыруу сыйакысынын суммасы (камсыздандыруу учурлары келип жеткен шартта, компаниядан алынуучу акча каражаттарынын саны).
Камсыздандыруу шарты формасы боюнча төмөнгүчө бөлүштүрүлөт:
Милдеттүү камсыздандыруу – бул, камсыздандыруунун аныкталган тизмегине жана каралган шарттардын алкагында өлкөнүн колдонуудагы мыйзам талаптарынын негизинде ишке ашырылат. Мамлкекет камсыздандыруунун милдеттүү формасын белгилейт, анын шартында тигил же бул объекттерди камсыздандыруу аркылуу коргоо айрым камсыздандыруучулардын гана эмес, бүтүндөй коомунун таламын көздөөгө тийиш;
Өз ыктыяры боюнча камсыздандыруу-бул, камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучунун өз ара макулдашуусунун негизинде ишке ашырылган, камсыздандыруу шарттары жана түрлөрү алардын мүмкүнчүлүгүнө, камсыздандыруу түрлөрүнө карата орун алган талапка жараша жана өлкөдө колдонулуп жаткан мыйзам талаптарын так сактоо менен камсыздандыруучу тарабынан өз алдынча аныкталат.
Камсыздандыруу объекти боюнча үч тармакты бөлүп көрсөтүүгө болот :
А) мүлктүк камсыздандыруу, бул өртүүн чыгышы, бөөдө кырсыктар, танап-тоноо, уурдоого туш болуу, газ жана суу менен камсыздоо системасында келип чыккан кырсыктар, мүлктү суу алып кетиши жана башкалар;
Б) бөөдө кырсыктардан жана ооруп сыркоодон өз өмүрүн жеке камсыздандыруу, медициналык камсыздандыруу;
В) үчүнчү жактардын жоопкерчилик деңгээлине жараша жоопкерчиликти камсыздандыруу;
Г) иш процессинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу.
1.1. Финансылык пирамидалар
Калайык калктын көпчүлүгүнүн финансылык сабаттуулугу жетишсиз болуп жатышынан улам, айрымдар бир аз өлчөмдө акча салып, көп киреше алууга ниеттенишет.
Финансовая пирамида – бул, кандайдыр бир түзүмдүн мүчөлөрүн улам кошулган жаңы катышуучулардан туруктуу тартылган акча каражаттарынын эсебинен аларды киреше менен камсыздоо системасы: пирамиданын баштапкы катышуучуларына кирешелер кийинкилердин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
Финансылык пирамида менен түйүндүк маркетинг ортосундагы айырма эмнеде?
Эгерде кайсыл бир компаниянын колунда сатуу үчүн каралган кандайдыр бир товар болсо, анда мындай компаниянын түйүндүк маркетингге чегерүүгө болот. Турмуш жолубузда көпчүлүгүбүз ага дуушар болуп келебиз, мисалы косметика, жеке гигиена товарларын, дары дармектерди, идиш-аяктарды жана башкларды сунуштагандар көп кездешет.
Эгерде кайсыл бир компаниянын колунда сатуу үчүн каралган кандайдыр бир товар болсо, анда мындай компаниянын түйүндүк маркетингге чегерүүгө болот. Турмуш жолубузда көпчүлүгүбүз ага дуушар болуп келебиз, мисалы косметика, жеке гигиена товарларын, дары дармектерди, идиш-аяктарды жана башкларды сунуштагандар көп кездешет.
Финансылык пирамида –бул, эч нерсе өндүрбөстөн/ жасап чыгарбастан жаңы аманатчыларды тартуу эсебинен жашоо, түпкүлүгүндө келип, мүмкүн болушунча көбүрөөк пайданы башында тургандар, б.а. башкы тепкичтегилер алышат. Ал эми, аманатчфлардын калган массасы эч кандай дивиденддерди көрбөй, жада калса салган акчасын да кайрып кала албай калышат.
Бүгүнкү күндө пирамидалар кайсыл бир товарды же кызмат көрсөтүүнү алда канча арзан баада сунуштап, түйүндүн ишине катышуудагы төлөм ордуна каттап, кадимки эле бизнес жүргүзүү сыяктуу өзгөргөн түрүндө кездешүүдө..
Финансылык пирамиданын белгилери:
• Компаниянын уюштуруучулары жана анын жетекчилери тууралуу маалыматтын жашырындуулугу же белгисиз бир чет өлкө жарандарынын атын атоо.
• Эң эле жогорку киреше алууну, жылдык 20% ашкан пайыздарды убада кылуунун өзү эле ишенбөөчүлүктү жаратат. Иши ийгиликтүү илгерилеген көпчүлүк банктар да мындай жогорку чендерди сунуштабайт, анткени бул өтө алгылыксыз кесепеттүү жагдайга алып келет.
• Анын иштөөсү үчүн лицензияда талап кылынбагандыгын айтып, ишендирген компанияга убакыт кортуунун зарылчылыгы жок. Эң биринчи устав же балансты талап кылуу зарыл. Тиешелүү документтер берилбесе, андай компанияга кайталап барууга болбойт.
• Жаңы келген кардарларга товар сатып же кайсыл бир кызмат көрсөтүүнү жайылтуу менен пайда алуу шарты сунушталат. Компаниянын ишине катышуу үчүн милдеттүү төлөмдү салуу талап кылынышы мүмкүн, милдеттүү төлөм суммасынын аздыгы көбүрөөк адамдарды тартууну эң ыңгалуу жолу.
• Продукциянын жоктугу эгерде товар жок болсо же тиричиликте анча кереги болбогон кандайдыр бир буюм-заттар товар катары сунушталса, анда бардык оору-сыктоолордон, илдеттерден айыктырган, алда канча кымбат турган «керемет-продукт» сунушталышы мүмкүн. Ушунун өзү пирамиданын айкын белгиси.
• Ашкере шектенүүнү жараткан кирешелер. Компания ошолордун эсебинен иш жүргүзүп, тиричилик кылып кетет. Алар эмнеге инвестициялап, кандай долбоорлорго катышкандыгы суроо жаратат. Компаниянын бишкы милдети көбүрөөк адамды катарына тартуу болсо, ошонун өзүн финансылык пирамида деп атоого болот.
• Психологиялык басым жасап, кечке ишендирүүлөр. Келгендерди «бүүгүн гана» деген шилтеме менен «бүгүндөн тартып акча табуу», «бүгүн гана жеңилдик каралган контракттарды түзүү», «акчаны бүгүн гана салып, белек алууга» мажбурлоо.
• Финансылык пирамидалардын келишимдеринде адатта мындай компаниялардын милдеттенмелери тууралуу айтылган эч кандай пункттар камтылбайт, ошондуктан келишимдер менен кыджат таанышып чыгып, андан кийин гана кол коюу зарыл. Көпчүлүк учурда компания жоюулууга дуушар болгон шартта аманатчыларга эч нерсе кайтарылып берилбейт дегендей пункттарды кездештрүүгө болот.
• Мындай уюмдардын кызматкерлери келишим шарттары жана уюмдун иш багыты тууралуу эч кимге маалымдоону өтүнүшүнү өзү да шектенүүнү жаратпай койбойт.
Пайдалуу кеңештер
• Олуттуу кырсыктардан камсыздандыруу зарыл, мында ар бир адамдын шарты ар башка экендигин да унутпоо керек.
• Олуттуу кырсыктардан камсыздандыруу зарыл, мында ар бир адамдын шарты ар башка экендигин да унутпоо керек.
• Камсыздандыруу компаниясын алдоого барууга жол берилбейт. Анткени бул акчаны гана жоготпостон, эркинен ажырап калуу жагдайын шарттайт. Албетте өзүңөр да алданып калбоого аракет кылгыла. Мыйзам дайыма сиз тарабында экендигин унутпагыла.
• «Иштебеген-тиштебейт» деген макалды унутпоо зарыл.
-
Тобокелдиктер жана финансылык коопсуздук
Тобокелдиктер жана финансылык коопсуздук
Тобокелдиктер жана финансылык коопсуздук Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар үчүн финансылык тобокелдиктер акча каражаттарын жоготуу ыктымалдыгына байланыштуу келип чыгат жана ал эки түргө бөлүнөт :
Акчанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктер, аларга: инфляциялык жана дефляциялык тобокелдиктер, валюта тобокелдиги, ликвиддүүлүк тобокелдиги кирет.
Инфляциялык тобокелдик – инфляция жогорулап кеткен шартта алынган акчалай киреше өскөнгө караганда, анын наркы алда канча түшөт (айкын сатып алуу жөндөмдүүлүгү көз карашынан).
Дефляциялык тобокелдик - дефляциянын өсүшү шартында баа деңгээлинин түшүүсү, ишкерлердин кирешесинин азаюусу жүрөт.
Валюта тобокелдиги – тышкы экономикалык, кредиттик жана башка валюталык операцияларды жүргүзүүдө бир чет өлкө валютасынын экинчи валютага карата катышынын өзгөрүшүнө байланыштуу келип чыгат.
Ликвиддүүлүк тобокелдиги – алардын керектөө наркынын өзгөрүшүнөн улам, баалуу кагаздарды же башка товарларды сатып өкөрүүдө жоготуу мүмкүнүчүлүгүнүн келип чыгышы тобокелдиги.
Инвестициялык тобокелдиктерде пайданы албай калуу тобокелдиги, кирешелүүлүктүн азайышы тобокелдиги, тике финансылык жоготуулар тобокелдиги камтылат. Алынбай
Алынбай калган пайда тобокелдиги – бул, кандайдыр бир иш-чаранын (мисалы камсыздандыруу, хеджирлөө, инвестициялоо жана башка) өткөрүлбөй калышы натыйжасында таасирдүү кыйыр финансылык чыгымдын келип чыгышы тобокелдиги.
Кирешелүүлүктүн азаюусу тобокелдигинде пайыздык тобокелдик жана кредиттик тобокелдиктер камтылат.
Пайыздык тобокелдиктерде тартылган акча каражаттары боюнча төлөнүп берилүүчү пайыздык чендердин сунушталган кредиттер боюнча чендерге караганда жогорулап кетиши натыйжасында коммерциялык банктар, кредиттик уюмдар, инвестициялык институттар дуушар болушу ыктымал болгон жоготуу коркунучу камтылат.
• Кредиттик тобокелдик – бул, карыз алуучу кредиторго төлөнүп берилүүгө тийиш болгон негизги карызын жана ага чегерилген пайыздарды төлөй албай калышы коркунучу.
• Тикелей финансылык жоготуулар тобокелдигинде биржалык тобокелдик, селективдик тобокелдик, банкроттук тобокелдиги, ошондой эле кредиттик тобокелдиктер камтылат.
• Биржалык тобокелдик дегенден улам, биржалык бүтүмдөрдөн жоготууга учуроо кооптуулугун түшүнүү зарыл.
• Селективдик тобокелдик – капиталдык салым салуу ыкмасын, инвестициялык портфелди топтоодо баалуу кагаздардын башка түрлөрүнө салыштырганда, инвестициялоо үчүн баалуу кагаздар түрүн туура эмес тандоо тобокелдиги.
• Банкроттук тобокелдиги дегенден улам, капиталга салым ыкмасын туура эмес тандоонун кесепетинен, өздүк капиталынан ишкердин толук ажырап калышы жана алган милдеттенмелери боюнча эсептешүүгө жөндөмсүз абалда калышы коркунучун түшүнүү зарыл.
Тобокелдиктерди басаңдатуунун төрт ыкмасы колдонулат:
• Диверсификациялоо;
• Тобокелдикти же камсыздандырууну чогуу кароо (бириктирүү);
• Тобокелдиктерди бөлүштүрүү;
• Маалымат издөө.
Диверсификация– бул, тобокелдикти бир нече тобокелдиктүү товарлар ортосунда бөлүштүрү аркылуу аны басаңдатууга багытталган ыкма. Диверсификациялоо тобокелдикти толук жок кыла албайт, бирок аны алда канча кыскартууга өбөлгө түзөт.
Тобокелдиктерди чогуу кароо (бириктирүү) – бул, кокусунан келип чыкккан чыгымдарды салыштырмалуу анча чоң эмес туруктуу чыгышаларга айландыруу аркылуу, тобокелдикти басаңдатууга багытталган ыкма. Ал камсыздандыруу негизинде камтылат. Оор илдетке кабылуу, бөөдө кырсыктар, уурдап-тоноого туш болуу жана ушундай эле олуттуу чыгышалар менен коштолгон күтүүсүз келип чыккан кесепеттүү жагдайлар. Мына ушундай жагдайлардын кесепеттерин камсыздандыруу шарты жеңилдетет.
Тобокелдиктерди бөлүштүрүү – бул, келип чыгышы ыктымал болгон чыгым тобокелдигин катышуучулар ортосунда ар биринин жоготуусу анчалык кыйынчылык алып келбегендей бөлүштүрүү ыкмасы.
Маалыматтарды издөө – көпчүлүк учурда маалыматтын жоктугунан/ жетишсиздигинен улам жаңылыш/ туура эмес чечимдер кабыл алынат. Тиешелүү/ зарыл болгон маалыматтарды алуу тобокелдик деңгээлин алда канча кыскартат.
1.1. Ишенимдүү банкты кантип баалоого болот?
Банктарды ар кандай критерийлер жана көрсөткүчтөр боюнча баалай алган бир катар агенттиктер жана мекемелер бар. Алар колдонгон рейтингдерди оңой эле табууга болот.
Банктын ишенимдүүлүгүнө баа берүү үчүн төмөнкүлөргө көңүл буруу зарыл:
• банктын таржымалына, рынокто канчадан бери иштеп жатканына, анын кызматтарынан буга чейин кодонуп келген тааныштардын, достордун банк тууралуу пикирин билүү маанилүү. Банк жөнүндө маалыматтарга көңүл буруу талап кылынат;
• ишенимдүү Банк өз ишин ачык айкын жүргүзөт. Банктын акционерлери, уюштурулуучулары тууралуу маалыматтар менен таанышып чыгуу да маанилүү..
Банктын финансылык көрсөткүчтөрүнө баа берүү жөнөкөй адам үчүн кыйла татаал, ошондой болсо да өз алдынча же болбосо консультанттардын жардамы менен төмөнкүдөй талдап-иликтөөлөрдү жүрүгүзүү аркылуу Банктын финансылык көрсөткүчөрүнө баа берүүгө болот:
Банктын активдери өсүш ыргагында: алар ыргактуу өсүшкө ээ болсо же мурдагы деңгээлинде сакталып турса, олуттуу терс мааниге – 15% жана андан ары төмөндөп кетсе. Банк жигердүү иш алып баруусу себебинен же болбосо ага башка банктардын кошулуусу натыйжасында олуттуу өсүшкө ээ болот;
Өздүк капитал: Өздүк капитал канчалык жогору болсо, каражаттардын олуттуу агылып чыгышын Банк кыйынчылыксыз башынан кечирүүгө жөндөмдүү, капитал чыгымга учуроонун же кредиттер боюнча резерв түзүүнүн эсебинен кыскарышы мүмкүн. Капиталдын 10% жана андан көп төмөндөшү – Банк үчүн олуттуу тобокелдикти шарттаган фактор болуп саналат.
Чыгымдын орун алышы – Банкта проблема келип чыккандыгын тастыктаган терс фактор: Эгерде Банк узак убакыт боюу чыгым тартуу менен иштеп, ал уламдан улам тереңдеп кетсе, анда мындай Банк менен иш алып баруунун кажети жок;
Кредит портфели жана мөөнөтүндө төлөбөй коюу деңгээли: Кредит портфелинин 15-20% көбүрөөккө төмөндөшү шектенүүнү жараткан жагдай. Активдердин курамында кредит портфелинин нормалдуу үлүшү 50-80% деңгээлинде болууга тийиш. Ал эми мөөнөтүндө төлөнбөй, созулуп кеткен карыздын нормалдуу деңгээли максималдуу 5-7% чейин. Иш ыргагында мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздардын кескин өсүшү Банк проблемага туш болгондугун айгинелейт;
Жеке адамдардын каражаттары банктар үчүн фонд түзүүнүн маанилүү булагы: Жеке адамдардын банктын пассивиндеги үлүшү 20-25% деңгээлинде болсо, бул жеке адамдардын каражатынан өтө көз карандылыкты түшүндүрөт. Жеке адамдардын каражат көлөмүнүн олуттуу кыскарышы, банктан агылып чыгуулардын башталгандыгын билдирет жана бул терс көрсөткүч болуп саналат.
1.2. Депозиттерди коргоо системасы
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги пайда алуу максатын көздөбөгөн, Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктарга жана милдеттерге ээ болгон көз карандысыз коммерциялык эмес уюм болуп саналат..
Аманатчыларды коргоо системасын түзүү жана өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун бекемдөө аталган Агенттиктин башкы максаты болуп саналат. Бул, аманат ээлеринин камсыздандырылган депозиттеринин азайышы менен аларды жоготуп алуу коркунучунан улам банктардан алынып кетиши менен камсыздалат. Калайык калктын коммерциялык банктарга карата ишенимин бекемдөө жана учурда банк секторунан тышкары сакталып жаткан, аманат ээлеринин жана өлкө экономикасынын кызыкчылыгында иштебеген кошумча финансылык ресурстарды банктык депозиттерге тартуунун
Депозиттерди коргоо агенттиги төмөнкү милдеттерди аткарат:
• Банктардын – катышуучулардын реестрин жүргүзүү;
• Аманатчылардын талаптарын, төлөнүп берилүүгө тийиш болгон суммаларды жана депозиттер боюнча төлөнгөн компенсациялар суммаларынын эсебин каттоо;
• Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзам талабына жооп берген аманатчыларга, мыйзамда аныкталган суммаларды төлөп берүү;
• Депозиттерди коргоо фондусуна төлөмдөр жана жыйымдар өлчөмүн эсептөө;
• Төлөмдөрдүн өз учурунда жана толук төлөнүшүн камсыз кылууга багытталган зарыл иш-аракеттерди жүргүзүү;
• Мүчөлүк төлөмдөрдү өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн айыптык төлөмдөрдү жана туумдарды белгилөө;
• Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында белгиленген тартипте жана чекте Депозиттерди коргоо фондусунун активдерин тескөөгө алуу.
Ушул милдеттерди талаптагыдай жана толук аткаруу аркылуу Агенттик жыйым топтоонун ички системасында калайык калктын финансылык таламын көздөгөн, кепилдик берген жана камсыздандыруучу уюм катары гарантиялык учур келип жеткен шартта аманатчыларга депозит суммаларын жана алар боюнча пайыздарды төлөөнү ишке ашырып келет.
Пайдалуу кеңештер:
• Эгерде фиинансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтар түшүнүксүз болсо же кызмат көрсөтүүнү сунуштаган кызматкерлер берген суроолорго так жооп бере албаса, келишим текстин таанышуу үчүн бербеген болсо, анда мындай уюм мене ниш алып баруунун зарылчылыгы жок.
• Келишимди кунт коюп, кылдат окуп чыгуу зарыл! Укуктар жана милдеттер, ошондой эле кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун укуктары жана милдеттери анда так чагылдырылууга тийиш.
-
Финансылык пландаштыруу жана үй бүлөлүк бюджет
Финансылык пландаштыруу жана үй бүлөлүк бюджет
Адам баласына келечекке үмүт артып, жакшыга ниеттенүү менен алдыга кадам таштоо мүнөздүү көрүнүш. Кыялдануу – учу-кыйрына көз жетпеген, алдыга үндөп, таасирдүү дем берген улуу күч. Албетте, бул көзгө көрүнүп, колго урунбаган, жан дүйнөдө уюп, алгалап жетелеген, болжолдоп даана билүүгө болбогон үмүт-тилек.
Кыялыңдагыга жетип, максатыңды орундатуу үчүн ага кандайча жетип, ал качан аткарыла тургандыгын жана бул үчүн эмне кылуу зарылдыгын билүү маанилүү. Ошондуктан, алдыга план түзүп, мерчем коюуп жашоо – илгери үмүттөрдү актап, максатка жетишүүгө өбөлгө түзөт. Максат – түпкү натыйжага жетишүү, ал эми бул алга карай умтулууга, аракет көрүүгө дем берет. Кыялдануу – бул жөн гана ниет болбостон, аракеттенүү үчүн жол көрсөтүүчү башкы колдонмо. Демек, жеке фиансылык максат деген эмне? Бул, акчалай эквивалентке өзгөргөн иш натыйжасы. Финансылык максат материалдык туюндурууга ээ болсо да, аны баары бир акчага айландырууга туура келет, башкача айтканда финансылык максат – бул, логикалык негиздемелерге таянган, так пландаштырылып өлчөнгөн кыял.
Финансылык максат айкын, өлчөөгө жана жетишүүгө бол тургандай так негизделген жана убакыт аралыгы боюнча чектелген шарт болууга тийиш.
Мисалы:
«Унаа сатып алгым келет»-түшүнүгү финансылык максатты чагылдырбайт. Бул үчүн: «мурда колдонулган «Тойота» автоунаасын бир жылдан кийин короо жанындагы жер тилкесинде өстүрүп алган азык-түлүктүн сатып-өткөрүүдөн түшкөн 3 000 доллар акча каражатына сатып алууга ниеттенип жатам” деп чагылдыруу талап кылынат.
Финансылык максат коюу – демек, төмөнкүлөрдү аныктап алуу дегенди түшүндүрөт:
• Эмнеге жетишүүм керек?
• Ушул максат үчүн канча акча талап кылынат?
• К какому времени цель должна быть достигнута?
• Максатка жетишүү үчүн кандай каражат булагына ээмин?
Финансылык максатка жетишүүнү - мезгил аралыгы боюнча шарттуу түрдө төмөнкүлөргө бөлүүгө болоту:
• Кыска мөөнөттүк – бир жылга чейин. Жетишүүнү көздөп жаткан бардык финансылык максаттарды суммасын жана бир жыл ичинде ишке ашыруу мөөнөттөрүн так чагылдыруу менен аныктагыла. Эрежедегидей эле, булар утурумдук төлөмдөр жана анча кымбатка турбаган сатып алуулар. Ушул убакыт ичинде алынуучу кирешени айкын болжолдоп, чыгашаларды эсептөөгө зарыл.не реально спрогнозировать свои доходы и рассчитать свои расходы.
• Орто мөөнөттүк – 1 жылдан 3-5 жылга чейин. Ушул мезгил аралыгында кандай иштерди бүткөрүү зарыл экендигин аныктап, кыйла олуттуу болгон жана кыска мөөнөттүк мезгилдегиге караганда алда канча кымбат турган ошол максаттарга акча которгула. Орто мөөнөткө каралган максаттарга жетишүү кыйла татаал, аткени белгиленген мөөнөт ичинде ар кандай өзгөрүүлөр жүрүшү ыктымал.
• Узак мөөнөттүү – 5 жылдан 10-15 жылга жана андан ары. Бул аралыкка пландаштырылган максаттар кыйла масштабдуу жана аларга жетишүү узак убакытты талап кылат. Узак мөөнөткө каралган максаттарды ишке ашыруу көптөгөн факторлорго, анын ичинде, адам баласы таасир эте албаган тышкы факторлорго да көз каранды. Булар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдүн киргизилиши же өлкөдөгү экономикалык жагдайдын өзгөрүшү, финансылык каатчылыктын келип чыгышы же күтүүсүз жагдайлардын орун алышы. Албетте, жашоо шартта көп нерселер таптакыр өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан, алдыга узак мөөнөтүү максаттардын белгиленбеши, жакшы жагына өзгөртө албоого алып келет.
1.1. Киреше булактарынын түрү
Ургаалдуу өнүгүү багытына койгон, учурдагы экономикалык шартта көпчүүлүк адам, эрежедигей эле бир гана киреше булагына – иштеген жеринен алган эмгек акысына гана ээ. Бул, жалданып иштеген же жеке экономикалык ишкердик, бизнес жүргүзүү болушу мүмкүн. Ушул киреше булактары кандайдыр бир себептерден улам токтоп, пайда алып келбей калса эмне болот? Демек, альтернативалуу (башка) киреше булактарынын болушу зарыл.
Киреше булактары активдүү жана пассивдүү булактарга бөлүнөт. Пайда алуу процессине өзүбүз түздөн-түз катышуу менен табылган пайда активдүү болуп саналат, ал эми өзүбүз катышпастан иштелип тапкан, бирок салынган каражат ал үчүн иштеген процесс пассивдүү деп аталат.
1.2. Активдүү кошумча киреше булагы
Тиричиликте акча деги эле жетишпейт, анткени негизги иштеген жерден алынган каржаттан тышкары кошумча каржылоону талап кылган жагдайлар дайыма келип чыгышы ыкытмал. Албетте, кызмат абалынан жогорулоо менен эмгек акыны көбөйтүп алуу же болбосо көбүрөөк эмгек акы төлөгөн жерди издөөгө туура келет, тилекке каршы буга дайыма эле жетишиле бербейт. Кошумча иш табууга да болот, бирок ага убакыт жана күч-аракет талап кылынат.
Эмне кылуу керек? Бул үчүн:
• Колдо болгон ресурстарга баа берүү зарыл. Кошумча пайда алуу үчүн кандай билим деңгээлине, өзгөчөлүккө, талантка ээ экенидигиңерди аныктап, алардан мүмкүн болушунча пйдаланып калуу зарыл. Мындай учурда, кол өнөрчүлүк менен алектенүү, кызмат көрсөтүүлөр жардамга келиши мүмкүн. Жаңы иш багытына үйрөнүп, кошумча тажрыйбага же адистикке ээ болуу, аларды жаңы чөйрөдө кошумча каражат табууга багыттай билүү да маанилүү.
• Техникалык мүмкүнчүлүктөргө баа берүү. Жеке компьютериңиз болуп, интернеттен пайдаланууга мүмкүн болсо, кошумча киреше табуу шартын караштырууда аларды пайдалануу да өз жемишин берет. Жеке автоунааны таксист, даяр тамак-ашты жеткирип берүү кызматтарын сунуштоодо колдонууга болот.
• Билим деңгээлин жогорулатуу, ага талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, техникалык ресурстарды колдонуу, кызыккан нерсе менен алектенүү, хобби, мына ушулардын бардыгын акчага айландыруу үчүн убакыт ресурсун сабаттуу пайдалана билүүгө үйрөнүү маанилүү.
1.3. Пассивдүү кошумча киреше булагы
Пассивдүү киреше алуу үчүн акча каражатын киреше алып келген инструменттерге салуу талап кылынат. Банкка, баалуу кагаздарга каражат салууну, мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше, автордук укуктан түшкөн кирешени пассивдүү кирешелерге чегерүүгө болот.
1.4. Фианансылык кам көрүү
Бул, бир нерсе сатып алуу же кандайдыр бир башка сарптоолор үчүн каралган жыйымдын бөлүгү. Иштен бошоп калган же дайыма киреше түшүп турган булактын айрылып калуу сыяктуу кыйынчылык жагдайына туш болгон учурда, андан чыгып кетүүгө өбөлгө – кам көрүү үчүн каралган.
Финансылык камылганын өлчөмү иштен бошоп калган шартта, үй бүлөнү багууга, муктаждыктарды чечүүгө жеткидей, эң аз дегенде алты айлык эмгек акы өлчөмүндө болууга тийиш. Демек, камылга канчалык көбүрөөк болсо, эч нерседен тынчсызданбай, жаңы шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө болот.
1.5. Үй бүлөлүк\ жеке бюджет
Кандай болбосун бюджет – жеке адамдын, бир үй бүлөнүн, бир фирманын же бүтүндөй мамлеттин бюджети – бул, кирешелер жана чыгашалар ырааттуу чагылдырылган система. Тагыраак айтканда, белгилүү бир мезгил аралыгында алынуучу кирешелер жана чыгашалар планы, ошондой эле айкын кирешелер жана чыгашалар боюнча бюджеттин аткарылышына тиешелүү маалымат..
Бюджеттин эмне зарылчылыгы бар? Ал:
• кандай мүмкүнчүлүккө ээ экениңерди жана эмнеге кудурет жетпей тургандыгын аныктоо;
• жөнү жок чыгашаларды чектеп, кошумча акча үнөмдөп, жашоо-тиричилик үчүн маанилүү бир нерсени сатып алууну пландаштыруу;
• Эмне максатка жана канча өлчөмдө кредит алууга боло тургандыгын аныктап, кайсыл учурда ага жол бербөө зарыл экендигин түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Кылдат ойлонуштуруп, натыйжалуу финансылык пландаштыруу аркылуу:
• кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган маалыматтарды алууга болот;
• финансылык тартиптин так сакталышына жетишилет;
• акчаны үнөмдөөгө өбөлгө түзүп, керексиз чыгашларды азайтууга түрткү берет;
• өзүн өзү актабаган кредиттерден, демек, карыз оорчулугунан сак болууга өбөлгө түзөт;
• алдыга айкын финансылык максаттарды коюп, аларга жетишүүгө өбөлгө түзөт.
Киреше – бул, бир үй-бүлө/ адам белгилүү бир мезгил аралыгында иштеп тапкан бардык финансылык каражат же акчалай эквиваленттеги материалдык баалуулук. Кирешелер акчалай же акчалай эмес формада болушу мүмкүн, Бир үй бүлө – бир адам үчүн киреше алуунун ар кандай булактары жана түрлөрү бар.
Мисалы:
Кирешелердин түрү: эмгек акы, стунденттердин/ окуучулардын стипендиясы, пенсия, жөлөк пулдар, белектер/ тартуулоолор, убактылуу тапкан акча, короо жанындагы жер тилкесинен түшкөн киреше, кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше, бизнестен же экономикалык ишкердиктен түшкөн киреше, депозитке салынган аманаттан алынган пайыздар, баалуу кагаздардан кирешелер жана башкалар.
Чыгаша – бул, үй бүлө/ бир адам белгилүү бир мезгил аралыгында товар сатып алууга жана сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө сарптаган акча.
Зарыл чыгашалар - бул, жашоо тиричилиги үчүн зарыл болгон товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу: тамак ашка, жашап турууга, кийим-кечеге, даарыланууга кеткен чыгашалар.
Кошумча чыгашалар – бул, зарыл чыгашаларга кирбеген, бардык калган чыгашалар.
Туруктуу чыгашалар – ай сайын сарпталуучу туруктуу мүнөзгө ээ чыгашалар (мисалы коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр).
Өзгөрүлмөлүү чыгашалар – өлчөм чегин өзгөрткөн чыгашалар, ошондуктан бул чыгашалар өлчөмүн гана болжолдоого болот.
1.6. Үй бүлөлүк финансылык план
Финансылык планды түзүү боюнча кеңештер
• Эң оболу, өтө зарыл жана биринчи кезектеги максаттарды аныктап алуу талап кылынат. Бир эле учурда көптөгөн максаттарды коюуга болбойт, анткени алардын бардыгына дароо жетишүүгө мүмкүн эмес, убакыт аралыгы да узарып кетиши ыктымал. .
• Максат канчалык глобалдуу болсо, ага ошончолук көп чыгашаны жана убакытты талап кылынат. Бир же эки максатты белгилөө - алда канча алгылыктуу. Анткени майда максаттарга бат жетишилет.
• Узак мөөнөткө жана орто мөөнөткө каралган максаттарга жетишүүдө аларды бир нече баскычка бөлүп алуу менен улам жаңы баскычка жетишкенден кийин, андан аркысын пландаштырып туруу талап кылынат.
Мисалы:
Бир нече жыл боюу акча чогултуп, жаңы батир сатып алууга 1 млн сом топтоо талап кылынса, аны бир нече баскычка бөлүү зарыл. Баштапкы баскычтан өткөндөн кийин, орун алган өзгөрүүлөрдү (эмгек акынын жогорулагандыгын, жаңы ишке өткөндүгүн, жубайыңыздын ишке орношкондугун, демек үй бүлөнүн кирешесинин арткандыгынын эске алуу менен кийинки баскычты пландаштырууга өтүү талап кылынат жана аны төмөнкүчө чагылдырыууга болот:
Вот как это может быть:
1-жыл–100 000 сом топтоп, айына 8 миңден калтырып коюу.
2 -жыл –150 000 сом топтоо (айына 12 сомдон калтыруу). Бардык акчаны пайыз алдында банкка салып коюу, кошумча 15-20 миң сом каражат алып келет.
3 -жылы – жыл акырына карата топтолгон жалпы сумма кеминде 500 000 сомду түзүүгө тийиш.
• Финансылык планга өзгөртүү киргизип туруу зарыл. Узак мөөнөткө пландаштыруу өтө татаал, ошондуктан алдыга айкын, аларды аткарууга кудурет жетктен, ал эми бир-эки жылдан кийин аларды аткаруу алда канча кыйынчылыктар менен коштолушу мүмкүн болгон максаттарды коюу. Иштен бошоп калуу, кадрлардын кыскарышы, жубайыңыздын бала багууга байланыштуу өргүүгө чыгышы жана кандай болбосун башка факторлор келип чыккан шартта, уак мөөнөткө каралган максаттардан баш тартып, аларга жетишүү планын өзгөртүү зарыл. Айына 10 миңден калтырып келген болсоңуз, акчалай түшүүлөрдүн көлөмүн 2-3 эсеге кыскартуу зарыл, бул максаттарды аткаруу мөөнөтүн узартып, байкаларлык болбосо да, аларга акырындап жетишүүгө түрткү берет.
• Максаттарды кагазга же компьютерде чагылдырып, алардын эсебин каттоо зарыл. Ырааттуу чагылдырган план, эмнеге жетишүүгө боло тургандыгы жана ага канча акча зарыл болоорун аныктоого, ага кайсыл убакытта жетишүүгө жана кандай натыйжа алууга боло тургандыгын так элестетип көрүүгө жардам берет.
• Тилекке каршы көпчүлүгүбүз белгиленген пландан четтеп, ага ар кандай себептерди: мисалы бул айда аз акча алып калдым, башка бир маанилүү иштер чыгып калды, кийинки айда эке эсе көп салам дегендей шылтоолорду келтиребиз.
• Албетте, биринчи жолу план түзүп, ага жетишүү кыйынчылыктар менен коштолот. Келтирилген сандар жана белгиленген мөөнөт бир аз чоочулатып, каалаган максаттан айнытышы да мүмкүн. Ошондуктан, анча чоң эмес, майда максаттардан баштоо оң. Аларга жетишкенден кийин, күч-аракетти сыноодон өткөрүп, өзүңө ишенген соң, ал кыйла оор маселени чечүүгө бел байлоого түрткү болот.
Пайдалуу кеңештер:
• Финансылык туруктуулукка жетишүү үчүн материалдык абалыңарды оңдп, кошумча киреше булагын издегиле.
• Белгилүү бир мөөнөткө үй бүлө бюджетин түзүп, аны так аткарууга аракет кылгыла.
• Финансылык сарптоолорду талап кылган чыгашаларды контролдогула.
• Финансылык чечим кабыл алуудан мурда, ал аркылуу жетишиле турган натыйжаны ойлонуштургула.
-
Жыйым топтоо
Жыйым топтоо
Үй-бүлө жашоо тумушта кирешелерге жана чыгашаларга ээ болот. Мында, кирешелер дароо сарпталышы мүмкүн, бирок анын кайсыл бир бөлүгүн келечектеги чыгашаларга калтырып коюуга үйрөнүү, акча топтоо табитин калыптандыруу өтө маанилүү.
Анткени, кийинки чыгашалар үчүн топтолгон акча –жыйым деп аталат. Жыйым – бул, бардык чыгашаларды эсептеп алып салгандан кийин калган акчалай кирешенин бөлүгү., үй-бүлөнүн келечектеги белгилүү бир максат үчүн топтогон каражаты. Үй-бүлөнүн милдети – чыгашаларды жыйым топтой алгандай негизде пландаштыруу.
Мында, топтолгон акча жөн эле сактала бербестен, кошумча киреше алып келгендей чараларды көрүү зарыл.
Киреше калдыгын кошумча акча алып келгендей инвестиция катары колдонууга да болот.
Үй-бүлө эмне үчүн акча топтоого тийиш?
• Алдын ала болжолдоп пландаштырууга мүмкүн болбогон жагдайлар үчүн коопсуздук шартын түзүү үчүн. Адам баласынын жашоо турмушунда финансылык кыйынчылыкты шарттаган күтүүсүз жагдайлар, көйгөйлүү маселелер келип чыгышы ыктымал. Ал эми топтогон каражат, башкача айтканда коопсуздук шарты – топтолгон жыйым үй-бүлөгө финансылык оорчулук келтирбестен, түптөлгөн жагдайдан чыгып кетүүгө өбөлгө түзөт. Топтогог акча өлчөмү кирешесиз бир нече ай жашап туурга мүмкүндүк берүүгө тийиш.
• Ири сатып алуулар үчүн. Адатта кандайдыр бир ири сатып алуулар үчүн талап кылынган сумма үй-бүлөнүн утурумдук киреше өлчөмүнү ашып кетет. Мындай учурда үй-бүлө кредит алууга же туугандардан карыз алууга мажбур болушат. Ошондуктан, карыз суроо жагдайына кабылбашы үчүн ар бир адам, ар бир үй-бүлө эң оболу жыйым топтоп, мүмкүнчүлүккө жараша сатып алууларды ишке ашырууга тийиш.
1.1. Жыйым топтоо түрлөрү
• Үйдө сакталып турган нак акча;
• Менчик мал-жандыктар;
• Баалуу буюмдар;
• Кыймылсыз мүлк;
• Шерине ойноо;
• Банктык аманат;
• Баалуу кагаздар;
• Жыйым топтоонун башка түрлөрү.
Жыйым топтоонун ар бир түрү өзүнчө өзгөчөлүктөргө, алгылыктуу жана алгылыксыз жактарга ээ. Аларга баа берүү үчүн ликвиддүүлүк, кирешелүүлүк жана келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер сыяктуу өз ара байланыштуу көрсөткүчтөр колдонулат.
Ликвиддүүлүк – бул, активдин акчага тез арада айландырылуучу жөндөмдүүлүгү. Нак акчалар эң эле ликвиддүү болуп саналат жана ага кайсыл болбосун убакытта, кай жерден болбосун каалаган нерсеңди сатып алууга мүмкүн. Бирок бул жерде, нак акча кошумча киреше алып келбей тургандыгын жана инфляцияга дароо дуушар болушун, ошондой эле акчаны үйдө сактоодо, кимдир бирөөнүн алып коюушу, уурдатып жиберүү сыяктуу олуттуу тобокелдиктер менен коштолоорун эске алуу зарыл.
Бир мезгил ичиндеги кирешелүүлүк – бул, бир мезгил аралыгына салынган сумманын күтүлүп жаткан көбөйүү деңгээли. Бул жерде төмөнкүдөй мыйзам ченемдүүлүккө көңүл буруу зарыл: канчалык көбүрөөк киреше күтсөң, тобокелдиктер да ошончолук жогору. Ал эми тобокелдиктерди аз камтыган жыйым топтоолор үчүн азыраак киреше алуу шарты да мүнөздүү.
1.2. Ийгиликтүү жыйым топтоо эрежелери
Алда канча көбүрөөк натыйжа/ киреше алып келген жыйымды топтоо үчүн төмөнкү эрежелерди так сактоо талап кылынат :
• Айкын максаттарды белгилөө: кыска мөөнөткө каралган, орто мөөнөткө жана узак мөөнөткө каралган максаттар. Жыйым топтоо үчүн бир нерсе сатып алуудан мурда ал канчалык деңгээлде зарыл экендигине, үй-бүлө үчүн анын маанилүүлүгүнө кылдат, ар тараптан салмактап көрүү менен баа берүү зарыл.
• Киирешелерди көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн аныткап, үй-бүлө бюджетинин чыгашаларын азайтуу зарыл.
• Сатып алуучу сатып алуулар тизмесин түзүп, ошол аркылуу гана зарыл болгон нерсени сатып алуу менен бардык чыгашалардын кат жүзүндө каттоо талап кылынат
• Ай сайын топтоо үчүн каралган сумманы аныктоо зарыл. Албетте топтоо суммасын аныктоого катуу чектөөлөрдү койбош керек, анткени ал айкын кирешелер жана чыгашалар өлчөмүнө, ошондой эле алдыга койгон максатка жана топтолгон жыйымдын күтүлүп жаткан кирешеге жараша болот. Ай сайын топтоо үчүн каралган сумма үй-бүлөнүн чогуу алгандагы кирешесинин 10 пайызынан 30 пайызына чейинкисин түзүүгө тийиш. Эң башкысы жыйым топтоо ден-соолукка же үй-бүлөдөгү жалпы маанайга кедергисин тийгизбөөсү зарыл.
• Бир нече айдын бюджетине барабар сумманы топтоп, үй-бүлө үчүн өтө маанилүү болгон учурларда гана колдонуп, иш-чарага сарптоо талап кылынат.
Бул жерде 4 конверт ачуу эрежесин колдонуу зарыл. Бардык кирешенин кеминде 10% жыйым топтоого багыттап, калган акчаны ар бир жумага жеткидей кылып 4 конвертке бөлүштүрүп коюу керек. Ошондон кийин гана ар бир жумага эсептелип коюлган каражат суммасына ээ болуп, пландаштыруу аркылуу үй-бүлө керектөөсүнө аларды сарптоого болот.
Эң башкы эреже: кийинки жумага каралган конвертти эч качан мөөнөтүнөн мурда ачпоо керек.
• «Биринчи болуп өзүң үчүн төлө» эрежесин колдонгула. Бул киреше алууда жыйым топтоону караштырууда, чыгашаларга төлөөгө чейин эле пландаштырылган сумманы дароо калтырып коюу талап кылынат.
• «Биринчи болуп өзүң үчүн төлө» эрежесин колдонгула. Бул киреше алууда жыйым топтоону караштырууда, чыгашаларга төлөөгө чейин эле пландаштырылган сумманы дароо калтырып коюу талап кылынат.
• Дөөлөттүү карылыкка жаштайынан кам көрүү зарыл: алдын ала акча топтоп, кийинкиге кам көрүү узак мөөнөткө салынган салым катары каралат.
1.3. Жыйым топтоо үчүн каралган банктык кызмат көрсөтүүлөр
Банктык эсеп – бул, банк менен кардар ортосунда депозитти (банктык аманатты) кабыл алуу жана банктык эсеп келишиминде, колдонуудагы мыйзамдарда каралган жана ишкердик мамиле түзүүнүн банктык тажрыйбасынын эрежелеринде колдонулган кардарды банктык тейлөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу банк тарабынан операциялардын жүзөгө ашырылышына тиешелүү келишимдик мамилелердин чагылдырылышы.
Банктык аманат (депозиттер) – бул, жыйым топтоонун бир түрү. Аманатчы анын шартында улуттук же чет өлкө валютасындагы акча каражатын мөөнөтүндө кайтаруу жана төлөп берүү шартында банкка сунуштайт. Кыргыз Республикасыныннын колдонуудагы мыйзамдары аркылуу банктык аманат (депозит) келишими боюнча аманатчыдан келип түшкөн акча каражатын же ага келип түшкөн акча суммасын (аманатты) кабыл алган банк же башка кредиттик уюм аманатчыга салынган суммасын кайтарып берүүгө жана келишимде каралган шарттарда жана тартипте ага кошуп эсептелинген пайыздарды же башка формадагы кирешелерди төлөп берүүгө милдеттенет.
Депозиттер боюнча пайыздар төмөнкүлөргө жараша болот:
• Акчалай продуктунун түрүнө. Пайыздардын төлөнүшүн карабаган айрым депозиттик продукттар да бар (талап боюнча төлөнүүчү).
• Депозиттерди жайгаштыруу мөөнөттөрүндө. Депозит мөөнөтү канчалык узак белгиленсе, банктар ал үчүн ошончолук көбүрөөк пайыздарды сунуштайт.
• Депозит валютасына. Кыргыз Республикасында чет өлкө валютасындагы депозиттер боюнча пайыздар, улуттук валютадагы депозиттердикине караганда аз белгиленет. Депозит суммасына. Депозит суммасы канчалык жогору болсо, пайыздар да ошончолук жогору белгиленет.
Кайсыл банкка, кандай шарттарда акча салууга боло тургандыгын аныктап алуу үчүн аман салуунун төмөнкүдөй параметрлерин билип алуу талап кылынат: аманат валютасын, кандай мөөнөттөр каралгандыгын, пайыздык ченди, аны чегерүү тартибин, толуктоо мүмкүнчүлүгүн, каражатты мөөнөтүнөн мурда алуу шарттарын, аманаттын мөөнөтүн узартуу (пролонгациялоо) мүмкүнчүлүгүн.
Банктык депозиттердин түрү:
• Талап боюнча төлөнүүчү депозиттик аманат банктык аманат келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн колдонулат жана аны үчүнчү жактардын экономикалык ишкердиги үчүн эсеп ээсинин эсептешүүлөрү үчүн каралган эмес. Талап боюнча төлөнүүчү жепозиттик эсептен каражаттар аманат салуучунун биринчи эле талабы боюнча төлөнүп берилет.
• Мөөнөттүү аманат (депозит), бул боюнча белгилүү бир мөөнөт так белгиленип, ага жараша айкын пайыздык чен аныкталат.
• Башка кайтарып берүү шарттарында салынган аманаттар, мисалы: Топтолмо депозити аманатчыга банк менен түзүлгөн келишим мөөнөтү ичинде мезгил-мезгили менен депозит эсебин толуктоого мүмкүндүк берет. Бул учурда пайыздар толуктоо суммасын эске алуу менен чегерилип турат. Депозиттин бул түрү, айрыкча туруктуу киреше булагына ээ болгондор үчүн алда канча ыңгайлуу.
1.4. Банктык депозиттердин артыкчылыктары жана кемчиликтери:
Депозиттин түрлөрү Депозиттин түрлөрү Артыкчылыктары Кемчиликтери Кемчиликтери Талап боюнча төлөнүүчү *Келип түшүүлөрдөн жана төлөмдөрдөн тышкары бардык түшкөн каражатты ага чегерүү мүмкүнчүлүгү .
* Эсеп ээсинин ишкердикти жүзөгө ашыруусуна байланыштуу болбогон жеке төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле талап боюнча төлөнүүчү эсептеги акча каражаттарынын ликвиддүүлүгү.
* Пайыздык чендин белгиленбеши же өтө эле төмөн пайыздык чендин белгилениши.
* Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан бардык эле банктарда мындай продукттун жоктугу.
Мөөнөттүү *Кошумча киреше булагы.
* Мөнөөттүү депозиттер боюнча пайыздык чендер салыштырмалуу жогору деңгээлде белгилениши.
* Бул продукт мөөнөттөр боюнча пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
* Утурумдук эсептешүүлөр жана төлөмдөр үчүн каражатты пайдаланууга мүмкүн эместиги.
* Каражатты мөөнөтүнөн мурда алган шартта айыптык санкицялардын колдонушу.
Топтолмо *Эсепти бир нече жолу толуктоо мүмкүнчүлүгү.
* Пайыздык чени алда канча жогору.
* Топтоону бир аз эле сумма менен баштоо мүмкүнчүлүгү.
* Айыптык санкцияларсыз топтолгон пайыздар суммасын бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү (айрым банктарда колдонулат).
* Баштапкы төлөмдүн минималдуу жана максималдуу суммасынын белгилениши.
* Ай ичинде жалпы толуктоо суммасы банк тараьынан белгиленген суммадан ашпоого тийиш.
* Банк тарабынан бир жолку толуктоонун минималдуу суммасынын белгилениши.
* Каражатты мөөнөтүнөн мурда алууда айыптык санкциялардын кармалышы.
Кыргыз Республикасындагы банктар аманаттардын ар кандай формалары үчүн топтолмо депзиттеринин варианттарынан болуп саналатган финансылык продукттардын өмөнкүдөй түрлөрүн сунушатайт:
Балдар үчүн – белгиленген мөөнөттүн акырында ал үчүн аманат ачылган бала эресеге жеткенден кийин пайыздарын жана негизги суммасыныны төлөнүп берилиши. Аманат баланын ата-энесинин катышуусунда ачылууга тийиш.
Пенсиялык – толуктап туруу жана бөлүп алуу шартында ачылган депозит.
Инвестициялык – Пайыздары капиталдаштырылып турган депозит. Толуктоо мүмкүнчүлүгү да каралган.
1.5. Депозиттик аманатка пайыздарды чегерүү тартиби.
Пайыздарды чегерүүнү эки ыкмасы колдонулат:
• Жөнөкөй ыкма, мында пайыздар баштапкы суммага бир жолу чегерилет.
• Татаал ыкма, анын шартында пайыздар мезгил-мезгили менен чегерилип турат. Ар бир кийинки чегерүү мурда чегерилген пайыздарды эске алуу менен депозит суммасына ишке ашырылат.
Мисалы:
Алты айлык мөөнөткө, айына 1% (жылдык 12%) пайыздык чен боюнча 20 000 сом суммасындагы депозиттик аманатка пайыздарды чегерүү ыкмасынын салыштырмалуу талдап-иликтөөлөрү:
Мезгил аралыгы Чегерүүнүн жөнөкөй ыкмасы Чегерүүнүн татаал ыкмасы 1 ай 20 200 20 200 2 ай 20 400 20 402 3 ай 20 600 20 606 4 ай 20 800 20 812 5 ай 21 000 21 020 6 ай 21 200 21 230 Пайдалуу кеңештер:
• Белгиленген шарттары алда канча ыңгайлуу болгон жыйым топтоо түрүн колдонуп, белгиленген максаттарга сарптаңыз.
• Банктык депозитке каражат салууда Сиз үчүн алда канча ыңгайлуу болгон депозит түрүн тандаңыз .
• Балдардын келечеги жана дөөлөттүү карылык үчүн кам көрүңүз.
• Жакшы түшүнө бербеген инструментке акча салуудан алыс болуңуз.
• Депозитти тандоо үчүн банктар белгилеген шарттарды, пайыздык чендерди жана кошумча шарттарды кылдат карап, таанышып чыгуу талап кылынат.
Картадагы биздин дарек
Сайт аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын башка тараптардын сервистерин колдонуу менен иштелип чыгышына макулдугумду билдирем жана купуялуулуктан сакталышы саясатынын шарттарын кабыл алам.