Милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон шарттар (нускама):
1. Тандаган коммерциялык банктын тиешелүү бөлүмүнө тарнзиттик эсептен кредиттик каражатты алуу үчүн паспорт же болбосо
«Аманат Кредит» МККсынын чеги менен келүү
2. Коммерциялы банктын кассасынан кредиттик каражатты алуу
Милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон шарттар (нускама):
1. Эсеп ачууга жана кайра чыгарылган ко-бренд картын алууга өтүнүч катты - анкетаны толтуруу, ко-бренд картын алуу жана колдонуу боюнча келишимге кол коюу,
“Аманат кредиттин” кеңсесинде кредиттик каражаттарды чегерүү
2. Ко-бренд картын алуу
3. «Керемет Банктын» банкоматтарынан жана бөлүмдөрүнөн нак акча каражатына айландырып,
ко-бренд карты аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес түрдө төлөө
4.«Керемет Банктын» банкоматтардын карттасы
Милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон шарттар (нускама):
Зачислить на банковскую карту возможно только в случае, если Вы знаете номер Вашего
банковского счета, привязанного к
карте.
1. Картка туташтырылган банктык эсеп номерин билген шартта гана банктык картка акча каражатын чегерүүгө мүмкүн болот.
2. Акча каражаттарын картты чыгарган банктын тарифтери жана эрежелери боюнча нак акчага айландыруу.
Милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон шарттар (нускама):
1. Өздүк капчык номерин жана төлөм системасынын операторун көрсөтүү
менен кредиттик каражаттарды электрондук капчыкка чегерүүгө өтүнүч катты толтуруу
Акча каражаттарын төлөм системасынын «ЭЛСОМ»,
«О! Деньги» же «Элкарт Мобайл» операторлоору тарабынан белгиленген эрежелери боюнча нак акчага айландыруу
Милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон шарттар (нускама):
1. Жогоруда көрсөтүлгөн коммерциялык банктардын кассалары аркылуу кредитти төлөө тиешелүү банктын кардарларды эсептешүү – кассалык тейлөө боюнча жол-жоболруна ылайык ишке ашырылат.
2. Банктын кассири кредиттин төлөнүшү боюнча операцияны талаптагыдай туура тариздеши үчүн кредиттик келишим номерин
туура айтуу маанилүү. Мында, төлөм төлөнгөдүгүн татсыктаган документти (квитанцияны) сактап коюу зарыл.
кредита. При этом Важно! Сохранить квитанцию об оплате.
3. МКК «Аманат Кредит” ЖЧКсынын эсептешүү эсебинин реквизиттери
Милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон шарттар (нускама):
1. Терминалдан төлөм системасынын жогоруда аты аталган операторлорун “Аманат Кредит”
иконкасынан “Кызмат көрсөтүүлөр” бөлүгүнөн табуу талап кылынат
2. Төлөм терминалында кредиттик келишим номерин терип, аты жөнүңүздү
терминал экранында пайда болгон маалыматка салыштырып текшерүү зарыл.
3. Нак акчаны терминалдын купюраны кабыл алган көзөнөкчөсүнө салуу.
4. Операцияны аягына чейин күтүп, төлөм терминалынан чыгарылып берилген чекти сактап коюу талап кылынат.
Милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон шарттар (нускама):
1. «Элкарт мобайл» тиркемесине киррип, “Банктык кызмат көрсөтүүлөр” башкы менюсунан МКК «Аманат кредит» ЖЧКсын тандоо зарыл.
2. Өздүк эсеп тилкесинде кредттик келишим номерин чагылдырып, карфыз алуучунун
аты -жөнүн текшерип, кредитти төлөө эсебинен тиешелүү сумманы көрсөтүү талап кылынат.
3. Кредитти төлөө операциясы ийгиликтүү ишке ашырылгандыгына толук ынанып, чыгарылган электрондук чекти сактап коюу зарыл.
Милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон шарттар (нускама):
1. Элсом тиркемесине кирип, “Кредиттик төлөм” башкы менюсуна өтүп, экранда пайда болгон тизмеден МКК «Аманат Кредит» ЖЧКсын тандоо зарыл.
2. Кредиттик келишимдин номерин, төлөөгө каралган сумманы көрсөтүү талап кылынат.
3. Кредитти төлөө операциясы ийгиликтүү ишке ашырылгандыгына толук ынанып, чыгарылган электрондук чекти сактап коюу зарыл.
Милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон шарттар (нускама):
1. «О! Деньги» тиркемесине кирип, «Кредитти төлөө» кызмат көрсөтүүсүнө өтүп,
экранда пайда болгон тизмеден МКК «Аманат Кредит» ЖЧКсын тандоо зарыл.
2. О!Деньги электрондук капчык номерин жана төлөөгө каралган сумманы чагылдыруу зарыл.
3. Кредитти төлөө операциясы ийгиликтүү ишке ашырылгандыгына толук ынанып, чыгарылган электрондук чекти сактап коюу зарыл.
Карыз алуучу кат жүзүндөгү өтүнүч менен кредит берген түзүмдүк бөлүмдүн менеджерине кайрылууга тийиш. Мында мурда бекитилген графикти өзгөртүүгө түрткү берген себептерди ырааттуу чагылдырып, жаңы (ал үчүн ыңгайлуу болгон) графикти көрсөтүү зарыл.
Келип түшкөн кайрылуунун негиздүүлүгү аныкталган шартта, Компания мурда бекитилген төлөө графигин кайрадан карашы мүмкүн.
• Кредит суммасы эгерде, мурда берилген кредиттер боюнча үүзгүлтүккө жол берүү (убагында төлөбөй калуу)
10 күндөн ашпаган шартта, кийинки кредит алууда көбөйтүлүп берилиши мүмкүн.
• Мурда алынган кредиттер өз убагында кынтыксыз төлөнүп турган шартта ар бир кийинки кредит үчүн ченди 1% кыскартуу шарты каралат.
• Кредиттик таржымалы алгылыктуу болгон,
кайталап кредит алуу өтүнүч менен кайрылган кардарлар үчүн күрөөсүз жана кепилдиктерсиз кредит берүү шарты каралат.
КАРДАРЛАРДЫ ДАТТАНУУЛАР ЖАНА КАЙРЫЛУУЛАР БОЮНЧА КАБЫЛ АЛУУ АР БИР ШЕЙШЕМБИ ЖАНА БЕЙШЕМБИ КҮНДӨРҮ АТКАРУУЧУ ДИРЕКТОР ТАРАБЫНАН СААТ 15:00дөн 18:00гө чейин Компаниянын Бишкек шаары, Д. Шопоков атындагы көчө 99/1 дареги боюнча жүргүзүлөт, тел.: 0(312)66 17 63
“Кайрылууларды кароого алуу тартиби жөнүндө” жобоМКК "Аманат Кредит" ЖЧКсынын 15 000 сомго чейин (аны кошо алганда) “Онлайн кредиттерди” аралыктан туруп сунуштоо жана тейлөө эрежелеринде (мындан ары - Эрежелер) Компаниянын кардарларына “Онолайн кредит” кызмат көрсөтүүсү аркылуу кредиттерди сунуштоо тартиби жана шарттары аныкталган. Бул Эрежелер МКК "Аманат Кредит" ЖЧКсы менен (мындан ары - Компания) анын www.amanatcredit.kg расмий сайтындагы “Жеке кабинетте” көрсөтүлгөн электрондук кол тамганы пайдалануу аркылуу кредиттик келишимди электрондук формада түзүүгө Оферттин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. www.amanatcredit.kg.
Жеке (персоналдык) маалыматтарды иштеп чыгуу – автоматташтыруу каражаттарын колдонуу менен же жеке маалыматтарды топтоону, жаздырып алууну, системага салууну, топтоштурууну, сактоону, тактоону (жаңылоону, өзгөртүүнү), алардан тиешелүү маалыматты алууну, пайдаланууну, жөнөтүүнү/ берүүнү (таркатууну, сунуштоону, андан пайдаланууну), бөгөт коюуну, өчүрүп салууну жана жок кылууну кошо алганда, жеке маалыматтар менен иш алып барган каражаттарды колдонуу аркылуу ишке ашырылган кандай болбосун аракет (операция) же аракеттер (операциялар) жыйындысы.
Жеке (персоналдык) маалыматтардын купуя сакталышы – Компания жана Карыз алуучу милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон, маалыматтардан пайдаланууга жана/ же аларды таркатууга жол бербөө шарты. Мында, жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
“Онлайн кредит” кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу (блокировкалоо) – “Онлайн кредит” кызмат көрсөтүүсү аркылуу операцияларды ишке ашырууга техникалык чектөөлөрдү камтыган, анын ичинде Компаниянын авторизациялоону сунуштоодон баш тартышын караган жол-жобо.
Билдирме –жеке кабинетте “Онлайн кредит” кызмат көрсөтүүсү аркылуу кредит алуу үчүн кардардын Компанияга жолдогон өтүнүч катын камтыган электрондук документ (электрондук кол тамга).
Электрондук кол тамга – электрондук формадагы маалымат, ал электрондук формадагы башка маалыматка туташтырылуу жана/ же аны менен логикалык жактан байланыштуу болуу менен маалыматка анын атынан жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган жакты аныктоодо колдонулган кол тамга ачкычы, электрондук кол тамганын өзүндөгү (кодго, паролго жана башка идентификаторлорго ээ болгон) электрондук кол тамга болуп саналат.
Идентификация – Кыргыз Республикасынын “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамына жана Компанияда белгиленген тартипке ылайык, потенциалдуу Карыз алуучунун ким экендигин аныктоо.
Кардар (карыз алуучу) –иштөөгө жана укукка жөндөмдүү, ар айлык туруктуу кирешеге ээ болгон (анын ичинде мамлкеттик органдар – Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан тастыкталган эмгек акы, пенсия, стипендия ж.б.) жашы 20 (жыйырмадан) өткөн, бирок 70 (жетимиштен) ашпаган курактагы, Компания менен ачык Офертке кошулуу аркылуу келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын жараны.
Маалымдоо –электрондук почтаны, СМС-билдирүүлөрдү, башка жеткиликтүү байланыш каналдарын колдонуу менен Компания тарабынан кардарга электрондук формада жөнөтүлгөн билдирүү.
Системадан колдонуу шарттары – Офертке элетрондук кол тамга коюу менен кредит алуу эрежелеринде камтылган шарттар. Кардар электрондук кол тамга коюу менен ошол эрежелерге макул экендигин билдирип, Офертти акцептөө менен бирге эле, аларды да кошо акцептейт.
Кредиттик скоринг – статистикалык сандык ыкмаларга негизденген, Карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө (кредиттик тобокелдиктерге) баа берүү системасы. Скоринг анкета толтуруу учурунда упай (балл) ыйгаруу аркылуу түзүлөт. Система тарабынан топтолгон упайлар жыйынтыгы боюнча кредит берүүнү колдоо же андан баш тартуу чечими дароо кабыл алынат.
Онлайн кредиттөө үчүн каралган система – бул, компаниянын кардарларын аралыктан туруп идентификациялоо жана кардарларды кредит алууга билдирмелери үчүн каралган система. Система стационардык компьютерлерде, ноутбуктарда, планшеттерде жана мобилдик телефондордо иштөө үчүн каралган веб-тиркемелерге ээ. Кардарлар сыяктуу эле, Компаниянын өз кызматкерлери да системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Жеке кабинет – бул, Компаниянын системасынан пайдалануунун өзгөчө бөлүгү, ал аралыктан туруп идентификациялоо үчүн мамлекеттик органдардын системаларын колдонууга, кардардын расмий кирешелери тууралуу маалыматтарды алууга, КИБ “Ишеним” ЖАК системасынан кредиттик тобокелдикке баа берүү, кредиттин абалына тиешелүү маалыматтарды алуу, ошондой эле кредит алууга билдирме жөнөтүп, билдирменин жана кредиттин кароого алынышына тиешелүү маалыматтарды алууга өбөлгө түзөт.
Сайт аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын башка тараптардын сервистерин колдонуу менен иштелип чыгышына макулдугумду билдирем жана купуялуулуктан сакталышы саясатынын шарттарын кабыл алам.